Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

ЖК республикалык бюджетке байланышкан мыйзам долбоорлорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджетке байланышкан мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган мыйзам долбоору парламент депутаттары тарабынан  эртеден кечке кеңири талкууга алынганын белгиледи.

“Бул мыйзам долбоорлору өлкөбүз үчүн эң маанилүү финансылык документ болуп эсептелет жана эртеңкибиз үчүн өтө керек. Андыктан, парламентте айтылган ар бир сунуш-пикирди министрлер кабинети карап чыгып, экинчи окууга чейин мыйзамга сөзсүз камтышы зарыл. Себеби бүгүн айтылган негизги сунуштар кийин камтылбай калды деген маселе жаралбашы шарт” – деген Нурланбек Шакиев Министрлер Кабинетин депутаттар көтөргөн маселелерге терең көңүл бурууга чакырды.

Муну менен катар төрага Министрлер Кабинетинин республикалык бюджетке байланыштуу берген маалыматтары жана көрсөткөн көргөзмөлөрү мурдагыга салыштырмалуу өзгөчө жана мазмундуу болгонун белгиледи.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар