Жазуучу Кушубек Качибековдун «Ыбырайым ата эрдиги же улуу «Үркүн» баяны» тарыхый-даректүү баяны жарык көрдү.
Аталган китептин аннотациясында айтылгандай, анда жалпы Түркстан аймагын камтыган 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү, анын чыгуу себептери, анда миңдеген кыргыздардын набыт болушу, Кытайга сүрүлүп качкандагы азаптары сүрөттөлөт. Эл башына түшкөн трагедия, капсалаң апаат, анын келип чыгуу себептери, эл тагдыры тарыхый булактардын негизинде талдоого алынат.
Китептин аталышы айтып тургандай, падышалык Россиянын жазалоочу отряддарына тайманбастан каршы туруп, күрөшкө чыккан Төлө уулу Ыбырайымдын жана анын атадан артык төрөлгөн уулдары Нажимудин менен Нурдиндин көтөрүлүштөгү каармандыктары баяндалат. Улуу Үркүндө элди аман сактап калабыз деген башка да эр-азаматтардын ата журтту кандай аздектээри Ыбырайымдын эскерүүсүндө айтылган.
Ыбырайым Төлө уулу тууралуу буга чейин кедей үй-бүлөдөн чыккан деген калпыс маалыматтар айтылып келген. Чындыгында, ал сарыбагыш Тынай – Атаке бийден тарайт. Атакеден Карабек, Карабектен Жантай хан. Жантайдын 6 аялынан 11 бала: Мырзалы, Чыпай, Тыналы, Ысабек, Ысак, Шабдан, Мамыт, Искендер, Төлө, Ыйманалы, Муңайтпас.
Төлөдөн – Ыбырайым, Жусуп, Жатак, Насирдин. Ыбырайымдан – Нажимудин, Нурдин, Насирдин, Бакирдин.
1916-жылы башынан өт-көндөрүн Ыбырайым Төлө уулу 1947-жылы апрелде өз колу менен араб тамгасында жазып калтырып кеткен. Айтымда, 1931-жылы жазып, алгач Жазуучулар союзуна, андан кийин Пишпек шаарында жашаган аталаш иниси Тайгүрөңов Абдылдабекке берген окшойт. Бирок, алардан эч кандай кабар болбогон соң, кийин да кайрадан жазып, «Совет өкмөтүнө туура келсе, жазууларынан ката болсо алып таштап, туура жерин өз билгениңердей жазгыла» деп керээз калтырып кетиптир.
Мына ошол эмгек минтип дээрлик бир кылымга жакын убакыттан кийин элге жетип отурат. Эскере кетчү нерсе, кол жазма 1993-жылы «Ала-Тоо» журналына араб арибинен учкай которулуп жарыяланган. Кол жазманын бизге чейин келип жетишинде Ыбырайым Төлө уулунун, Нажимудиндин урпагы, Сабит кызы Бопуйкандын эмгеги зор экенин белгилеп коюшубуз керек.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”