Ким жазганы азыр эсимде жок, Омор Султанов бекен, “Омор болуш баарынан кыйын болду” деп жазса керек эле. Поэзиянын Айжаркыны болуш кыйын эле болгон чыгар?
– Жаш кезде өз атым өзүмө аябай жакчу. Өмүр өрлөгөн сайын адам баласы, айрыкча аялзаты ар бир сөзгө, кадамга, ал тургай бир жалт караган ирмемдик көз карашка маани берип, серпилип, таасирленип каларын байкадым.
Бир учурлар болду – жүрөгү караңгы, дүйнөсү оома адамдарга сапарлаш, катарлаш, билип билбей санаалаш болуп калган учурларда «атымды булгап алдым» деп бармак тиштеп өкүнгөн.
Бир учурлар болду – поэзиянын эмес, деги эле адам катары да, аял катары да Ай-Жаркын болуунун өзү оор болгон.
Бир учурлар болду – жашоону жомоктор коштоп, жүрөгүмдөн эле эмес, чачымдан, карегимден, кирпигимден ыр төгүлгөн. Менимче, ошол учурларда мен поэзиянын Айжаркыны эмес, мендеги поэзиянын айжаркын мезгили болду го дейм…
– Ыр жаратууда сен үчүн эң башкысы эмне – эргүүбү, же уйкаштыктарбы?
– Мен үчүн башкысы, – сезим, жан дүйнөнүн абалы. Эргиген учурлар кубанып толкунданган, өзүнө батпаган абал го дейм. А мен өзүмө батпай төгүлгөн учурда эле эмес, абдан чөккөндө, сынганда да ырдан кубат алып, ыр менен сыныгымды бүтөйм, чөккөн көңүлүмдү ыр менен көтөрөм. Уйкаштык деген менимче жүрөгүндөгү, дүйнөсүндөгү бороонду, миң бир алакетке салган абалды эмес, ыр жазууну, акын деген атакты жогору койгон амбициялуу жандардын издегени деп ойлойм жаман акылымда. Мен акынмын деп эч айта албадым. Себеби, менин кыялымда акын деген поэзияга башын сайып ошону менен жашап, ырды туу туткан, тагдырын ырга садага чапкан жандар го дей берем. Ушул балалык кыялдан арыла албай койдум. Мен кайдан антейин, жарытылуу аял да, жарытылуу эне да, жарытылуу акын да болгон жокмун.
Татаал жолдо көп жакшымды жоготкон,
Сапарлашым бир бук дилге сыйбаган.
Акын болуп актай албай парзымды,
АЯЛ болуп жашай албай кыйналам.
Же жакшы акын..,
Же жакшы АЯЛ болбодум…
– Канча жашыңдан ыр жаза баштадың? Кандай поэзия мектептеринен өттүң?
– Ушул суроону беришкенде бала кездеги бир жоругумду эстей берем. Кышын-жазын биздин айыл Кашка-Суудан 7 чакырым алыс Кызыл-Шородогу сегиз жылдык жатак мектепке барып окучубуз. Алтынчы күнү жалгыз келе жаткан мени раматылык Мурат деген авабыз учкаштырып алайын деп жакын келсе колду оң-солго шилтеп, үнүмдү кубултуп «бирөө» менен кызуу сүйлөшүп келе жатат имишмин. Артымдан акырын бастырып бир топко тыңшап келе бериптир. Кийин атама жолугуп «кызыңдын жөлөмөсү бар окшойт, бирөө менен уйкаштырып бир нерселерди айтып сүйлөшүп келди. Бир топко угуп келип, анан чочутуп албайын деп жолдун четинен айланып өтүп кеттим, мени байкаган жок» дептир. Эсимде, антип далай «бирөө» менен сүйлөшүп, далай жолу классташтарыма, эжелериме «тутулгам». Балким ошолор алгачкы ырларым, же алгачкы маектерим болгон чыгар.
Эч кандай поэзия мектебинен окубадым. Бир жолу Кожогелди Култегин агайдын поэзия мектебине барсам, агай «Айжаркын Эргешова менин мектебимсиз эле даяр, күчтүү акын» деп акырын узатып койгон. Албетте анда 22, 23төгү жаш кезим, аябай мурдум барбайып мактанып калгам, кийин ойлосом ошол кезде өпкөсүн колтуктап, поэзиянын эмес, өзүн өзү тааный албай жүргөн жанды тек гана алгысы келбеген экен.
– Поэзия дүйнөсүнө аралашып калганыңа өкүнбөйсүңбү?
– Жашоодо көп нерсеге тим эле бармагымды кырча тиштеп өкүндүм, бирок ошол өкүнгөн учурларда Кудайым мага ыр жазуу бактысын белек кылганына шүгүрчүлүк келтирип, карегиме жаш айланып, ыр жазып калган тагдырыма ыраазы болдум. Ыр болбосо ошол абалдардан кантип чыгып, кантип өздүгүмдү, адамдык көрөңгөмдү сактап калат элем, билбейм.
– Эргүү келгенде гана жазасыңбы же устага окшоп эртели-кеч ыр “жонуп” отурасыңбы?
– Ушул сурооңуз ууртума жылмаюу, жүрөгүмө жылуулук сүрттү. Мен сүйүү келгенде гана жазам. Өмүрүмдө эки жолу – биринде өзүмдү адам, аял катары таап, а биринде өзүмдү адам, аял катары жоготуп ала жаздап сүйдүм.
– Армияда “Генерал болгусу келбеген солдат солдат эмес” деп коюшат. Поэзияда кандай, эптеп эле ыр кураштыра бермейби, же изденип, жаңы мазмундук, формалык табылгаларды табууга умтулмайбы.
– Генерал болууну көксөгөн бардык эле солдат генерал боло албагандай, ыр чиймелеген бардык эле адам акын боло албайт. Поэзияда албетте абдан изденип, жаңыланып, табылгаларды табууга аракеттениш керек, бирок акын болуп төрөлгөн башка. Алыбай алына жараша го дейм. Эптеп ыр кураштырып, тек гана амбиция берип талант бербей куураткандар канча изденсе деле мезгилдин таш боор өкүмү поэзия ааламынан акырын сүрүп чыгарып коёт.
– Адамдар бирөөлөргө түздөнүп жашашат го. Чыгармачылыкта да бирөөлөргө түздөнөбү?
– Башкаларды билбейм, мен адам катары албетте түздөнөм, бирок чыгармачылыкта жок, анткени ал тууроо болуп калат го дейм. Сенин өз тагдырың, өз ырың, өз кайгы кубанчың бар да. Эгер ошону ырдын тили менен жеткире жазсаң анда башкалардын оюн жазгандай кабыл алышат. Чыгармачылыктын күчү ошондо чыгар…
– Поэзия эмне берди, эмнени алды?
– Поэзия адамдыкты берди, пенделик алсыздыкты алды.
– Калем кармагандар бири-бири менен чыгармачылык байланышта болушабы?
– Азыркы чыгармачыл жаштар абдан байланышып жүрүшөт, а биздин муун жан багуу айласын таппай калган учурга туш келип, ошонун залдарыбы, же алсыз муун белек, бири-бирибиздин дайын дарегибизди билбей калган учурлар болду. Азыр деле үркөрдөй болуп ар-ар жерде, аз-аздан эле чогулуп жолугуп калганыбыз болбосо өз арабабызды тартып келе жатабыз. Экинчиден, катыштын калем кармаганга тиешеси жок. Бул мүнөз, адамдык сапат. Калем кармап, бирок бир калемдешинин абалын сурап койбогондор бар, калеми жок эле Кыргызстандын жарымы менен катышкандарды билем.
– Улуу муундагылар адабиятта чоң секириктерди жасап, чоң адабий ачылыштарды жасап кетти эле, негедир азыркыларда андай байкалбайт, мунун себеби эмнеде?
– Мен улуу муундагылар чоң секирик, ачылыш жасады дегениңизге кошула албайм. Биздин муундун заман тегирменинен ырын таштабай оозуна тиштеп чыгып кеткенинин өзү чоң секирик. Азыркы жаштардын өз китебин өзү чыгарып, өзү сатып, өз кечесин өз каражатына өткөрүп жатканынын өзү чоң секирик. Союз учурундагы жазуучуларга мамлекет кам көрүп, китебин чыгарып, үй, автоунаа алганга, жашаганга кенен жеткен гонорар төлөп, алар биздин муундар, азыркы жаштардай жашоо түйшүгүн тартышкан жок. «Алпештеп турса кең мекен, Айчүрөк болуш эмне экен» деп ошон үчүн жазышкан да. Биз, бизден кийинки жаштар жетим баладай өз киндигибизди өзүбүз кесип жүргөн чыныгы чыгармачыл адамдарбыз. Жаныбызды араң багып, ырыбызды жылаңач көкүрөгүбүзгө катып алып, жан багыштын, нан табыштын айласын издеп жүрсөк кайдагы ачылыш. Ар бир ырыбыз ачылыш, бирок, аны баалаган мамлекет кайда?.. Акчалуунун заманы болгон учурда, ачылышты, секирикти акча гана жасайт.
Айжаркын саптар…
***
Мен сенден күйөөрүмдү биле туруп,
Сүйгөнмүн үмүт артпай, тилек кылбай.
Качандыр бир кездерде көкүрөгүм,
Билгенмин бош калаарын аалам сыйбай.
Канатым кыркылаарын кайсы бир күн,
Туйганмын карегиңди карап туруп.
А бирок уча бердим, учтум күн-түн…
Көз жеткис мунарыкка боюмду уруп.
Куладым анан ошол бийиктиктен,
Түбү жок туңгуюкка дүйнөм чөгүп.
Түгөндү дегем… үмүт жүргөн экен,
Жөлөдү эң акыркы болуп келип…
Дагы анан калган экен жалгыз тилек,
Ал дагы калкып чыкты кыял болуп,
Экөөлөп мени аяп.., таяп турду,
Дүйнөмдө аңтарылган кыян алып.
Асырап калды мени жоголуудан,
Тилегим, үмүт гана кыярбаган,
Дагы эле өзгөрбөдүм. Баягы мен…
кете албас сен жашаган кыялдардан.
Жоготуунун ыры…
Мен жоготкон баалуулардын ичинен,
сендей баалуу жоголбоптур каралдым.
Кыйын болду кетмеги да, өчмөгү,
жүрөгүмдө жүргөн жалгыз караандын…
Саттың дедим, бирок саттык кимибиз,
ураттык биз бирибизди бирибиз.
Биз экөөбүз бир дүйнө элек керемет,
ойлочу элем «бул дүйнөнүн көзү биз!»
Эми ал көздөр көрбөй калды
Күндү, Айды…
мендеги бир аздек сезим улгайды…
Кышка айланттык гүлдөп турган көктөмдү,
жоготтук биз – биз жашачу жылдарды…
Жоготтук биз – Күндү, Айды биздеги,
Жоготтук биз – биз жашачу жылдарды…
***
Үнүңдөгү куса сенин,
Мага өтөт бириндеп.
Мурда дүйнө термелбечү,
Азыр баары дирилдек…
Сен да, мен да жөлөк туткан,
Сырга шерик Ай жылат.
Алоо дейсиң, алоо дейм,
анан недир үн сынат…
Дымыйт аалам, үшкүрүк бир,
тып деп тамат жүрөктөн.
Эки жакта эки күйүт,
Дартка даба табат ким?…
Мурда дүйнө термелбечү…
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”