Дүйнөгө балдар жазуучусу, тагыраагы жомокчу катары таанылган, Даниянын мактанычы Ганс Христиан Андерсен – өзү бүкүр, көзгө комсоо, дайыма бир нече размер чоң костюм кийген, ал аз келгенсип аргамжыны белине ороп алган же колунан түшүрбөгөн, кызык адам болгон экен.
Ал алгач артист болууну каалаган менен кыялы ишке ашпайт. Болгону бир жолу азыркыча айтканда “массовкада” ойноптур. Анан калса “өтө эле түрүң суук” дешчү экен замандаштары түз эле бетине айтып. Аныгында эле ал кебетеси келишкен адам болуптур: көздөрү кичинекей, мурду коңкогой, бою узун болгону менен арык, колдору, манжалары узун…
Андерсен, оо, кийин атагы таш жарып калган маалында гана өзүнө тийишкендерге каяша айтканга жарай баштайт. Бир ирет кийим-башы түзүк сыланган бирөө, анын башындагы эскирген, майланышкан шляпасын көрүп “…алдагы башыңдагы уйпаланган неме шляпа деп аталабы?” –деген тура. Андерсен дароо эле “алдагы шляпанын алдындагы неме баш деп аталабы?” – деп жооп бериптир.
Ганс Христиан Андерсен 1805-жылдын 2-апрелинде, өтүкчүнүн жана кир жуугучтун үй-бүлөсүндө төрөлөт. Үрүп чыгар ити жок кедей болсо дагы, анын ата-энеси баланы өтө жолдуу деп эсептешчү экен. Анткени, баш калкалар үйү бар, анын үстүнө аны жумуш кыл деп жумшаган да киши жок.
Ганс Христиан бала кезинен эле “чымындуу” чыгат. Кайдагы бир жети укмуштарды ойлоп таап, чогуу ойногон балдарга айтып бере баштайт. Алар анын дөөрүгөнүн уккулары келишпей, көп учурда токмоктоп да коюшчу экен.
Эми ал жомогун үйүндөгү мышыгына айта баштайт. Көп өтпөй анын “жомогунан” тажаган мышыгы аны көргөндө жердин түбүнө житип кетчү болот.
Анысы аз келгенсип, окууга да жөндөмү жок эле. Мугалими дайыма “жазган колуң ушубу” деп линейка менен шак-шактарын шишите сабачу экен. Бирок Андерсен оңолбойт. Өмүрүнүн аягына чейин ката жазганы ошол бойдон оңолгон эмес. Ал 14 жашында артист болом деп Копенгагенге жөнөп кетет. Жогоруда айткандай артист боло албады, бирок балдар жазуучусу катары дүйнөгө таанылды.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”