Физика-математика илимдеринин кандидаты, УИАнын Математика институтунун улук илимий кызматкери Нурлан АБИЕВ.
(Башталышы өткөн санда)
Ошондо ким сапаттуу, жемиштүү иштеп жатканы айкын болоор эле. Жетекчилер үчүн көзөмөлдөө иштери жеңилдемек, кагаз түрүндө талап кылынчу отчеттор токтомок, эски макалаларды жаңыртып жарыялай берчү көз боёмочулук ооздуктала баштамак. Мисалга, илимий кызматкердин жеке аккаунтуна баш баккан адам анын эмгектери кайсы жылы кандай журналдарда жарык көргөнүн, алардын рейтингин, аларга кайсы өлкөнүн илимпоздору шилтеме жасаганын көрө алат жана өзүнө керектүү информацияны жүктөп ала алат. Базалар илимий байланыштарды табууда да пайдалуу. Мисалы, ArXiv, ResearchGate базаларында күн сайын жаңы илимий жетишкендиктер жарыяланып турат. «Follow» деген функцияны тандап, бирөөгө «подписчик» болсоңуз болот, эмне иш кылып жатканын билип отурасыз. «Recommendation» деген функцияны пайдаланып, башка бирөөгө анын илимий багытына ылайык келген материалдарды сунуштай аласыз. Бул жакка илимий журналдарда жарык көрө элек жаңы натыйжаларыңыздын кол жазмасын жүктөсөңүз болот. Ар бир база башка илимий метрикалык базалар менен да байланышта, даректерди ары- бери экспорт жасоо мүмкүндүгү бар. Кээде экспорт автоматтык түрдө ишке аша берет. Экинчиден, илимге кадр-дык жана системалык реформа керек, жаңыча менеджмент зарыл, заманбап илимдин мүнөзүн түшүнгөн, ой-чуңкурун ийне-жибине чейин билген, казанында башы кайнап, куйкасы шыпырылган илимпоздордун арасынан жаңы башчылар суурулуп чыгуу керек деп ойлойм, калыс конкурстук шайлоолор аркылуу. Алардын Хирш сыяктуу индекстери, чет тилдерди жакшы билүүсү, илимий борборлор менен байланыш кура билген жөндөмдөрү да эске алынышы абзел деп ойлойм. Үчүнчүдөн, мамлекет илимге бөлүнгөн каржынын үлүшүн жыл сайын акырындап көбөйтүүнү колго алыш керек. Адаттагыдай, көч башында дайы-ма АКШ турат, билишимче, жылына ИДӨнүн (ички дүң өнүмдүн) 2-3 пайызы илимге жумшалат, болжолдуу 500 миллиард доллардай акча. Россияда 1 пайыздын тегереги, 40 миллиард доллар, Казакстанда 2015-жылы илимге 1,9 миллиард тенге жумшалган, бул дүң өнүмдүн 0.1 эле пайызы болсо керек эле, мен да ошол кезде грант алгам. Андан бери Казакстан жылдан жылга каржылоону көбөйтүп келатат, 2025-жылы 1 пайызга жеткиребиз деген ниеттери бар. Кыргызстан дагы, менин билишимче, ИДӨсүнүн 1 пайызын илимге жумшамакчы. Албетте, илимге жумшалган акчанын бир бөлүгүнүн ийгиликсиз аяктаган изилдөөлөрдө текке кетмейи бар, максатсыз жумшалмайы бар, бирок жылына бир аз бөлүгү натыйжа берип жатса – ошо да олжо. Бул бардык өлкөлөрдө болчу нерсе. Болгону мыйзам менен көзөмөлдүн астында грант алгандар менен бергендер бара-бара иргелип отуруп, бул иш ирээт-ке түшүп башташы ыктымал. Адилет көзөмөл жасоонун бир ыкмасы – жанагыдай илимий-метрикалык базалар аркылуу мыкты журналдарда макаласы чыккан, натыйжалары дүйнөгө таанылып, аларга шилтемелер жасалып жаткан жоболорго каржы берүүнү кийинки жылга улантууну сунуштоо. Сапатсызын, «жел козу» отчет тапшыргандарын кыркып таштаса болот, аларга берчү каражатты ийгиликтүү иштеп жаткандарга чачып жиберген утумдуу. Бул ишке чет өлкөлүк белгилүү илимпоздорду эксперт катары тартса, калыстык дагы көбөйөт беле, алардын эмгек акысына жумшалган каржы деле акталса керек. Учурунда 2015-2017-жылдары Казакстандагы менин жобомо чет өлкөлүк эки анонимдүү эксперт жогорку балл беришип, грант уткан элем. Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе – эгер каржы жетип турса, илимий мекемелер дүйнөлүк электрондук китепканаларга, базаларга акча төлөп катталышса жакшы болмок. Пайдасы – кызматкерлери бекер пайдаланышат, илимий информацияга, жаңылыктарга кол жеткизүү ылдамдыгы кескин жогорулайт. Мисалы, азыр дүйнөлүк практикада илимий журналдар электен өткөн макалаларды эки ыкма менен жарыкка чыгарууну сунушташат. Биринчи ыкма – автор үчүн акысыз, журналдын чыгымын, анын кызматкерлеринин акысын (APC-article processing charges деп коюшат) автор эмес, анын натыйжаларына кызыкдар болуп, макаласын тиги журналдан сатып алган башка бир адамдар төлөшөт. Мындайда акысыз макала чыгарганың менен, эсесине илимий натыйжаларыңдын таралышын узагыраак убакыт күтүп каласың. Менин ушул ыкма менен 2014-2017-жылдары жарыялаган эмгектерим дүйнөлүк илимий коомчулукка эми-эми жаңыдан белгилүү болуп келатат. Экинчи ыкмасы Open Access деп аталат. Журналдын акысын автор эмгектенген университет же илим-изилдөө институту төлөйт дагы, автордун журналдагы натыйжалары дүйнөгө акысыз таратылат. Бул жанагы жогоруда айткан конкуренциялуу заманда өтө маанилүү. Анткени автордун илимий натыйжалары укмуштуудай тездик менен тарагандыктан, анын таанымалдуулугу тез өсөт, ошол эле учурда ага жардамдашкан илимий мекемеси да кур калбайт – кызматкеринин рейтинги өскөн сайын, институттун да абырой, мартабасы чогуу өсүп отурат, анткени алар бири-бирине байланган – макалада автордун иштеген жери кошо көрсөтүлөт. Төртүнчүдөн, мамлекетти эле карап отурбай, илим өзүн өзү каржылаганды да үйрөнүшү маанилүү. «Илимди коммерциализациялоо» деген түшүнүк бар. Илим жободон товардык өнүмгө айланып, акча табышы керек. Мисалы, чет өлкөдө кулпунай менен жүзүм терген комбайнга чейин ойлоп таап жатышат. Колорадо коңузу жолобогон картошканын сортун чыгаргандар бар. Ушулардын баары башында илимий идея, анан жобо түрүндө эле болгон. Андан кийин барып, грант, патент алып, тажрыйбалык нускалары сыноодон ийгиликтүү өткөн соң, сериялык өндүрүшкө коюлган. Бирок бул жерде математика, физика сыяктуу фундаменталдуу илимдерге мындай талаптар коюлбаш керек, анткени булардын өнүмү теория, формула, ыкма түрүндө болот дагы, табияттары өндүрүштөн алысыраак. Бешинчиден, илимий кадрларды даярдоо. Дыйканчылык менен малчылыктагыдай эле, же жер алмаштырыш керек, же урук алмаштырыш керек, башка короодон кочкор салыш керек. Өзүбүз менен өзүбүз майдаланып да бүттүк. Казакстанда «Болашак» деген программа боюнча чет өлкөлөргө барып окуп келип, элинин атын чыгарып жаткан жаштар бар. Математиктердин ичинен дүйнөгө төбөсү көрүнө баштаган үч-төрт чыгаан жаш жигитти билем. Балдарга өнүккөн илимий борбор, кайнаган илимий атмосфера деген кандай болоорун көрсөтпөсөк, кар түшпөгөн айылдын балдарына чаңгы тууралуу айта бергендей эле кеп болуп калат. Кадр даярдоонун дагы бир жолу бар — балдарды сыртка окууга жибергендин ордуна, сырттан аалым чакырып, балдарды өзүбүздө эле окутуу. Мунун арзан түшөөрү түшүнүктүү. Көпчүлүк билсе керек, илгери Феликс Франкль деген репрессияга учураган математик жана механик окумуштуу сүргүнгө Фрунзе шаарына келип түшкөнүн. Жети жыл ичинде кыргыз механиктеринин илимий мектебин түзүп үлгүргөн. Бул практиканы учурунда орус падышасы Петр Биринчи да колдонгон. Азыркы өнүккөн университеттер дагы ушул эле саясатты улантууда, алар мыкты адис-терди конкурс аркылуу тандап, чакырып алышат. Контракт мөөнөттөрү ар кандай – жарым жылдан тартып, эки-үч жылга чейин болсо керек эле. Бизде да ошондой болушу зарыл болуп калды. Антпесе өсө албайбыз. Сайттарына кирип көрсөңүз, чет өлкөлүк университеттердин кадрдык курамы полиэтникалуу экенин байкайсыз — нече түрдүү улуттагы нече түрдүү мамлекеттердин жарандары иштешет. Биздикилер болсо, моноэтникалуу болушу мындай турсун, моноайылдуу болуп, уруучулук кеселибиздин ашынып кеткени кайра-кайра эле ашкерелене берет — бир кафедрага же клиникага кире калсаңыз, аны бир райондон чыккан жердештер эле бийлеп алганын көрөсүз.
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”