Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Садыр Жапаров: «Таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү»

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо участогунда добуш берди.

Добуш берүүдөн кийин президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, өлкөдөгү шайлоо системасы кыйла оңолуп, ачык-айкын болуп калганын белгиледи.

“Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20 минут, жарым сааттын ичинде республика боюнча чыгып калат. Шайлоого катышкан жаран бир сутканын ичинде кайра башка участокко барып добуш бере албайт. Илгерки “карусель” жана бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоо дегендер жокко чыгарылды”, — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.

“Ал мен үчүн эмес, өзү үчүн добуш берет, анткени ошол шайланган депутат беш жыл бою шайланган аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Эгерде коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, ошондуктан азыр таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент шайлоо участоктору саат 20:00гө чейин иштей турганын эске салып, жарандарды шайлоого убакыт таап, катышууга чакырды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар