Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Кыргызстанда дан эгиндеринин үрөнү 99 пайызга камсыздалды

Кыргызстанда республика боюнча 36,9 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Үрөнчүлүк чарбалар жана республиканын башка чарбакер субъекттери тарабынан 2024-жылдын күздүк талаа айдап себүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыздоо иштерин алып барууда республика боюнча жалпы 37,4 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Ал эми үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттери тарабынан 36,9 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, ошентип, камсыздоо 99%ды түзөт.

Анын ичинен күздүк буудайдын үрөнүнүн керектөөсү 36,2 миң тоннаны түзсө, топтолгону 35,7 миң тонна же 98,9% түзгөн. Күздүк арпанын үрөнүн керектөөсү 1,2 миң тонна болсо, топтолгону 1,2 миң тонна же 100% түздү жана тритикаленин керектөөсү 11 тоннаны түзүп 100% камсыздалган.

Ал эми Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин региондук башкармалыктары тарабынан 2024-жылдын күздүк себүүсүнө 29,5 миң тонна күздүк дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү текшерилген. Анын ичинде 28,4 миң тонна күздүк буудай жана 1133 тонна күздүк арпа текшерилди. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн текшерилген үрөндөрүнүн ичинен 28,2 миң тонна же 79,1% себүү кондициясына туура келген, анын ичинде күздүк буудай 28,1 миң тонна же 78,6%, күздүк арпа – 1103,1 тонна же 94,0 % түздү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар