whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятӨзбекстанда Кыргыз улуттук "Манас" театрынын филиалы ачылды

Өзбекстанда Кыргыз улуттук «Манас» театрынын филиалы ачылды

15-17-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент облусундагы Бөкө районунда Кыргыз улуттук «Манас» театрынын филиалынын ачылыш аземи жана мектеп окуучулары арасындагы манас айтуу кароо-сынагы өттү. 

Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков аземдин ачылышындагы сөзүндө, Кыргызстан жана Өзбекстандын жолбашчыларынын жеке жылуу мамилесинен улам соңку жылдарда эки боордош элдин ортосундагы карым-катыштын жыл сайын иретүүлүк менен өнүгүп бара жатканын баса белгиледи.

«Бишкектен манасчылар келиптир деп атайын кубануу менен, баштарыңа калпагыңарды кийип, улуттук кийимде жасанып, чын дилден сүйүнүп, манас айтабыз деп маңдай жакка келип отурган жаштарга терең таазим этебиз. «Манас» урааны жаңыра берсин, кыргыз-өзбек достугу артып, эки элдин ортосунда алака маданий гана эмес, экономика, саясий жана башка бардык багыттарда өркүндөй берсин», — деди ал.

Аземде  манасчы Рысбай Исаков улуу эпостон үзүндүлөр айтып, кыргыздын байыркы тарыхы жана көөнөрбөс руханий байлыгынан кеп салды.

«Манас» айтуу кароо-сынагында Ташкент жана Жызак областынын жаш манасчылары катышты. Анда Ташкендин Бөкө районунан Нурбек Орозбаев жана Жызактын Заамин районунан Өмүрзак Шерматов жана Озозбек Сарыбаевтер жюри тарабынан диплом жана китептер менен сыйланды.

Мындан сырткары, бул жигиттер быйыл 4 декабрда Бишкекте өтө турган Эларалык «Манас» айтуу кароо-сынагына жолдонмо алышты.

Эскерте кетсек, Ташкент областында 20 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт, беш кыргыз орто мектеби бар.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар