whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйбек Жунушалиев Корея элчиси Ким Гванджэ менен жолугушту

Айбек Жунушалиев Корея элчиси Ким Гванджэ менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Гванджэ менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда борбор калаанын башчысы Кореянын Кыргызстандагы элчилиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (KOICA) менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек мэриясына көрсөткөн финансылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле айлана-чөйрөнү жакшыртуу жаатындагы мүмкүн болгон долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Кореянын достук паркын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.

Өз кезегинде Айбек Жунушалиев борбор калаанын жашыл фондун көбөйтүү боюнча аткарылган иштерге токтолуп, Бишкек шаарынын мэриясы мындан аркы эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө кореялык тарап менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин мындан аркы кызматташтыгына ишенимин билдиришти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар