Бишкекте бүгүн “Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбор Азия университеттеринин трансформациясы” аталышындагы беш мамлекеттин окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өтүп жатат.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өтүп, ага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын мамлекттик кызматкерлери, ректорлору жана окутуучулары катышууда.
Форумдун негизги максаты – Борбор Азия университеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн активдүү маселелерин талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу. Билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоо жана Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ортосунда тажрыйба алмашуу.
Иш-чара “Билим берүүнү, илимди жана бизнести интеграциялоо – заманбап университеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи”, “Изилдөө университети — экономиканы модернизациялоонун маанилүү булагы”, “Санариптик билим берүү — заманбап жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аттуу панелдик сессияларын камтыйт.
Белгилей кетсек, Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форумдары 2021-жылдан бери чөлкөмдүн жогорку билим берүү мейкиндигин түзүү жөнүндө декларацияга (Түркстан декларациясы) кол коюлгандан бери өткөрүлүп келет.