Садыр Жапаров 20-ноябрда, Кыргызстандын “Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга” кошулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
“Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын эгемен мамлекет катары «Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга» кошулган күнүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бала жана ага кам көрүү эзелтеден кыргыз элинин негизги баалуулугу болуп келген жана боло берет.
Кыргызстандагы ар бир баланын үй-бүлөнүн кучагында сүйүү менен сый-урматка бөлөнүп, бактылуу жашоодо ден соолугу чың жана акылдуу азамат болуп жетилишине кам көрүү – биздин ыйык милдетибиз”, – деди Президент.
Биздин сүйүктүү балдарыбыздын дени сак, билимдүү, күчтүү, өзүнө ишенген жана ар дайым ийгилик жылоологон, өз мекенин сүйгөн жаран болуп чоңоюшуңуз үчүн күч үрөп, бардыгын жасайбыз деген Мамлекет башчысы, учурда көп иштер аткарылганын, бирок дагы көп иштер жасалышы керектигин белгиледи.
“Шаарларда гана эмес, айыл жерлеринде, өзгөчө бийик тоолуу жана алыскы аймактарда заманбап мектептерди куруп, жаңы бала бакчаларды ачып, мектепке чейинки билим берүү кызматын өнүктүрүүдөбүз. Мамлекет 2025-жылы өлкөбүздүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же жакыр үй-бүлөдөн чыккан балдардын мектепке чейинки билим алуусуна финансылык ресурстарды багыттайт”, деди Садыр Жапаров.
Президент Кайрылуусун: “Урматтуу балдар, ден соолукта болуп, бактылуу өскүлө, жаңы бийиктиктерди багындыргыла жана жаңы билимге умтулгула, инновациялык технологияларды, илимди, чыгармачылыкты жана маданиятты калыптандырып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгула”, — деп жыйынтыктады.