Президент Садыр Жапаров “1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты дүйнөлүк маанидеги маданий дөөлөттөрдү сактоо жана коргоо, жок кылууну болтурбоо жана уурдоолорго каршы күрөшүү, ошондой эле дүйнөлүк маданий баалуулуктарды коргоо боюнча интеграциялык процесстерге колдоо көрсөткөн өлкө катары Кыргыз Республикасынын эл аралык оң имиджин түзүү болуп саналат.
Азыркы учурда Кыргызстанда тарыхый, археологиялык, архитектуралык жана шаар куруу, монументалдык искусствонун 1500 (бир жарым миңден) ашык кыймылсыз эстеликтери орун алган. Ошондой эле, баалуу экспонаттарды камтыган мамлекеттик 68 (алтымыш сегиз) музей бар.
Бул Конвенциянын протоколуна кошулуу Кыргызстандын маданий дареметин эл аралык аренада натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет, бул мамлекеттин тышкы саясатынын практикалык маселелери үчүн натыйжалуу күчтү түзүүгө шарт
түзөт.