Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Мугалимдик, тарбиячылык кесип – эң улуу кесип

«Бекеринен мугалимдик, тарбиячылык кесип – жер жүзүндөгү эң улуу кесип катары сыпатталбаса керек. Чындыгында эле биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы – мугалим менен тарбиячынын талыкпаган эмгегинин үзүрү экенин эч ким тана албайт», – деди Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурстун жыйынтыгы менен сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында.

Ал куттуктоо сөзүндө өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет экенин айтты.

“Бүгүн биз ошол мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыздын эмгегин татыктуу баалоо, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими», «Мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында турабыз”, – деди Президент.

Садыр Жапаров балдардын туура тарбия, терең билим алуусуна арнаган, келечекке жол чапкан, «мугалим», «тарбиячы» деген улуу атты алып жүргөн сыйлык ээлерине ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын, жалпы эле көп этностуу элибиздин тагдыры мектептеги билим берүүнүн абалы менен тыгыз байланыштуу экенин белгиледи. Кайсы заман болбосун, тандаган мугалимдик, тарбиячылык кесибин жандай сүйгөн татыктуу адистер мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойноору, коомдун алдыга жылышына чоң таасир тийгизген. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө мугалимдин ролу жогорулап, ага жасалган мамиле да барган сайын өзгөрүп жатат.

Садыр Жапаров мындан улам, жалпы мамлекеттик саясаттын негизи катары мектептик билим берүүнү эл аралык талаптарга ыңгайлаштыруу милдети коюлганын белгиледи. Бул багыттагы «Алтын Казык» программасы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө атаандашууга жөндөмдүү болууга тарбиялай турган, ага жараша билим бере турган программа катары кабыл алынды.

Ал класс жетишсиздигин жоюу максатында мектептер, бала бакчалар, кошумча корпустар курулуп жатканын канааттануу менен айтып өттү. Муну менен катар эле окуу-методикалык базаны, бардык окуу китептерин, стандарттарды толугу менен жаңылоого даярдыктар көрүлүүдө. Шартка жараша кыска мөөнөттүү бала бакчалар дагы уюштурулууда.

Садыр Жапаров учурда билим менен маданиятты боюна терең сиңирип, аларды кийинки муунга жайылтууга жан үрөгөн, мындай бийик сапаттары менен интеллигент инсан катары башкалардан айырмаланып турган мугалимдер менен тарбиячыларга мамлекет тарабынан ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Президент «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» сынактары мурдатан эле жарыяланып келе жаткан болсо дагы, өлкөдө таланттуу педагогдорду колдоо жана сыйлоо, алардын билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы татыктуу
бааланышы үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында „Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө“ атайын Жарлык кабыл алынганын белгилей кетти.

Мамлекет башчысы жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга – бир окуучунун апасы мектеп мугалимин «баламдыурушасың» деп тилдегенине капа болгонун айтты. Ал 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок экенин баса белгиледи. Ал эми бул жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, «мугалим» деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды.

Садыр Жапаров мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол берилбеши керектигине токтолду.

“Мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт!” – деди ал.

Андан ары Президент “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

                                                        Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар