Күн мурун Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасы – Европа биримдиги» адам укуктары боюнча жыл сайын өтүүчү диалогдун 14-раунду өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Европа биримдигинин делегациясын Европанын тышкы аракеттер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Дитмар Крисслер жетектеди.
Диалогдун күн тартиби кеңири болуп, адам укуктарынын негизги багыттарын камтыды. Кыргыз делегациясы өлкөдөгү негизги укуктар жана эркиндиктер боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берип, бул диалогдун укуктук системаны бекемдөө механизми катары маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Кыргызстанда бардык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле бул багытта эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң маани берилип жаткандыгы баса көрсөтүлдү.
Европа делегациясынын жетекчиси президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын июнь айында Брюсселге жасаган сапарынын маанилүүлүгүн жана сапардын алкагында эки тараптын ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен ЕБдин кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде адам укуктары жаатындагы жана ЖПС+ (ВСП+) преференциалдык соода жеңилдиктери режиминин алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу маселелерин өзгөчө баса көрсөттү.
Диалогдун жүрүшүндө тараптар жаңы чакырыктар менен коркунучтарды, анын ичинде киберкоопсуздук жана жасалма интеллект сыяктуу маселелерди да талкуулашты.
Диалогдун 14-раунду ишеним жана ачыктык атмосферасында өттү. Тараптар конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.