“Журналист каалаган учурда тийиштүү мамлекеттик мекемеден коомдук мааниге ээ суроосуна жооп ала алат”… “Эшикти тээп кирген туура эмес, уруксат алышсын”…
Медиа тармагында мына ушундай журналист менен мекеме—уюмдардын, мамлекеттик ЖМКлар менен көз карандысыз ЖМКлардын ортосундагы түшүнбөстүктөр, тирешүүлөр ж.б. талаштуу маселелер аз эмес.
Тажрыйбалуу журналисттер мындай учурларды кадыресе көрүнүш катары кабыл алса, жаш кадрларда “журналистика ушундай беле?” деген пикирлерди жаратып, башка тармакка өтүп кеткендер да бар. Ошону менен жаш журналисттерде “…биз окуган журналистика иш жүзүндөгүгө канчалык туура келет? Реалдуулук кандай?” – деген суроолор туулат. Ушундан улам айрым жаш журналисттерди бүгүнкү журналистиканын күнгөй-тескейи тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, кепке тарттым.
Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА, «Кыргыз Туусу»
“МедиаХабдын” журналисти
Жанбулат ЖУМАБЕКОВ:
(Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүн 2024-жылы аяктаган. SUPER.KG’де 2 жылдай, УТРК Спортто 3 ай иштеген).
– Негизи барып, каалаган адамга микрофон сунуп, суроо узатса болот. Бирок берилген жооп биз каалагандай болбой калышы мүмкүн. Байкашымча, өзгөчө мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматында иштеген журналисттер көп учурда жетекчилерге киргенге тоскоолдук жаратышат. Биз иликтөө жасап жатканда көп ошондой тоскоолдуктарга учурайбыз. Биринчи эле “бизге суроолоруңарды алдын ала бергиле” деген талабы бар. Бирок, бул журналистиканын принциптерине туура келбей калат. Ал жасалма жооп болуп, элге чыныгы маалымат жетпей калат.
Негизи, журналисттин чындыкты айтышы үчүн сырткы чөйрөдө аябай көп электер бар. Биринчиси, сен иштеп жүргөн медианын ички саясаты. Ага туура келбесе, сен ашыкча сөз сүйлөй албайсың. Ошонун чегинде гана айта аласың. Мыкты журналист болуш үчүн теориялык билим аздык кылат. Ага кошумча журналисттик сапатты калыптандырышың керек. Ал кандай? Бирөөнүн оозунан маалыматты жулуп алганды билишиң керек. Терс комментарийлерге чыдашың керек экен. Тырмакчага алып айтканда, өтө куу болушуң керек. Анткени барып, микрофон сунсаң эле, сага “кокуй, маалымат берейин” деп, даяр турган эч ким жок. Университетте, тилекке каршы, аны калыптандырыш үчүн убакыт жетишсиз. Журналистикага аралашып, кагылып-согулуп жүрүп үйрөнөт окшойсуң.
Мисалы, сабакта “Азаттыкты”, Улан Эгизбаевди мисал кылып окутушат. Ооба, иликтөө журналистикасы – журналистиканын эң бийик тепкичтеринин бири. Ошентип журналистика десе эле “Азаттыкты”, Улан Эгизбаевди түшүнүшөт. Бирок андан башка деле журналистиканын тармактары бар да. Мисалы, УТРКнын журналисттери алар дагы журналист. Алар дагы коомду маалымат менен камсыз кылат. Менимче, журналистиканын багыттарын, жанрларын ар бирин өзүнчө жеткириш керек. Мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, эркин, иликтөөчү, шоу бизнести тараткан, спорт журналистикалары өз-өзүнчө. Алардын эч кимиси бири-бирине душман эмес. Мисалы, шоу бизнести жазсаң эле “сен журналист эмессиң” деген нерсе жок. Мамлекеттик саясатты жүргүзсөң, кошоматчы болуп калбайсың. Анткени эл аралык деңгээлде биздин мамлекетибиздин жүзү жакшынакай көрүнүш үчүн, мамлекеттик саясатты дагы жакшы жүргүзүш керек. Бул дагы катардагы эле журналисттин колунан келе бербейт. Эркин журналист болсоң эле бийликке душман болуп калбайсың, ал дагы журналистиканын маанилүү тармагы. Кыскасы, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринде ар бир багыттын маанилүүлүгүн түшүндүрүп окутса.
«Чекит Медианын» журналисти
Дилде ШАТАНОВА:
(Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтун 2023-жылы бүтүргөн. Студент кезинде «Клооп Медианын» кыргыз редакциясында иштеген. 2022-жылдан Би-Би-Си кыргыз кызматында да эмгектенет).
– Негизи журналистика бул күн сайын окуу, үйрөнүү эмеспи. Заман талабына ылайык,
журналистикадагы билим берүү системасы дагы өзгөрүшү керек. Себеби, бизде окуу жайларда теория менен эле калыптанып, чектелип калышкан. Университеттен теорияны, журналистиканын тарыхын үйрөтөт. Окууну бүтүп, бир медиага иштейин деп барсаң, дипломду эмес, эмнени билесиң деп сурайт. Ошол себептен улам, журналистиканы бүткөн студенттердин көбү башка тармакка өтүп кетип жатышат.
Өзүмдүн тажрыйбамдан айта турган болсом, университетте алган билимимди теорияда пайдалана алган жокмун. Себеби, практикада таптакыр башка. Ошол эле учурда университеттерди дагы жаман деп айтуудан алысмын. Анткени, теория деле айрым бир жерлерде керек болот. Мисалы, этика, мыйзам жана башка. Суроо берүүнүн дагы өзүнүн маданияты болот, этикасы болот. Айрым маалыматтар жабык болот, андай учурда бир гана сурам кат аркылуу жооп ала аласың. Журналист болсо эле эшикти тээп кирүү маданияттуулукка жатпайт. Ушундай нерселерди университеттен окуйсуң.
Санжарбек ТАЖИБАЕВ, журналист:
(Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн 2024-жылы аяктаган)
– Мен кесибим боюнча профессионалдуу терең билим ала албадым. Көпчүлүк өзү каалап же кызыгып бул кесипти тандабайт. А мен журналист болгум келген. Бирок, кандай журналист деген суроо туулат? Максатым саякатчы, тарыхчы жана жаныбарлар дүйнөсү менен табиятты изилдеген журналист болуу эле. Бирок бизде бул тууралуу окутушабы же ушуга байланышкан сабактар барбы? Биз тескерисинче саясат тууралуу окутулдук. А мага бир саясатчыны аңдыган, дегеле, саясатка байланышкан темалар жакпайт. Же болбосо спорт журналисти болууну каалагам. Бул дагы окутулбайт.
Америкада же Европада окуу системасы биздикинен бир аз башкача. Айталык, журналистика кесибине окуп жатсаң кандай журналист болууну, сабактарды өзүң тандайсың. Мисалы, мен спорт боюнча сабактарга катышам. Сен болсо, саясат сабагына. Жыйынтыгында экөөбүз тең профессионалдуу боло алабыз. Бизде болсо бул мүмкүн эмес. Баарыбыз иликтөөчү кабарчы болуу үчүн окуйбуз. Профессионалдуу билим эмес, жалпылай билим берилет. Бизге багыт берилбеген, болгону журналист кандай болот ошол жөнүндө айтылган.
Мен айткандай саякатты же жаныбарлар туурасында маалымат же макала жазсам, фильм даярдасам буга талап барбы? Жок. Босс мени кабар жаз дейт, өзүмө түшүнүксүз тема боюнча иштешим керек болот. Анан мага туура келген айлык дагы жок. Кантсе да кара күндү тосуп жүрчү адам эмес, үй-бүлө багышым керек.
“Limon.kg” медиасынын журналисти Жанара АСАНБЕК:
(Кусеин Карасаев атындагы БМУнун Журналистика жана маалыматтар системасы факультетин 2023-жылы аяктаган. Бешинчи канал, “Азия ТВда” эмгектенген).
– Алгач окуу жайда окуп баштаганда биз башкача кыялдар менен окудук. Реалдуулукта бүт баары башкача экен. Мисалы, мен алгач үчүнчү курста иштеп баштаганда журналистикадагы көп нерсе ачылыш болгон. Бул пикирим менен окуу жайда такыр эч нерсе үйрөтпөйт дегенден алысмын. Анда жалаң гана теориялык багытта үйрөтүшөт.
Практика көндүмдөрү жок. Жөнөкөй эле сюжет жазууну качан гана иштеп баштаганда үйрөнгөм. Ага чейин журналистикадагы терминдердин теориялык маанисин жатка айтканым менен иш жүзүндө көрсөтө алчу эмесмин. Жумушка киргенде, кайра жаңыдан үйрөнүп чыгууга туура келген. Болбосо мен эң жакшы окуган студент
болчумун.
Ошондуктан, биринчи эле сабактарды өзгөртүү керек. Көбүрөөк практика менен айкалышкан сабактар түзүлсө сонун болмок. Анан дагы окуу жайда окуп, бир убакта иштеген студенттерге керектүү шарттар түзүлсө дейм. Анткени, иштеген студенттерди окуу жайлар көп учурда колдошпойт. Модуль, сессияда көп көйгөйлөр жаралат. Ачык айтканда, бут тосуулар болот экен. Эгер студент практика жүзүндө иштеп көрбөсө, кийин бул тармакта иштеш керекпи же жокпу кайдан билмек эле.
Ошондой эле, ар кандай министрликке кат жөнөтүп, алардан интервью алуу өзүнчө бир кыйынчылык. Биз жиберген кат да 14 жумуш күндүн ичинде каралып келгиче айдын жарымы өтөт. Массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө бериле турчу маалыматтарды алуудагы аракеттердин убактысы тездесе жакшы болмок.
“Limon.kg” медиасынын журналисти Албина АЙБЕК кызы:
(Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн 2024-жылы бүтүргөн,
“МедиаХабда” иштеген).
– Кыргызстанда билим берүү системасы дуалдык системага өтсө, мыкты кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүгү көбөймөк деген ойдомун. Студенттер окуу менен кошо кесибинин ашканасына аралаша берсе, жумушка орношуудагы коркуулары азыраак болмок жана чаң баскан, сандыкта катылган дипломдор азаймак.
Бизди мугалимдерибиз “дайыма акыйкатты чагылдырып, бейтарап болгула” деп үйрөтүп келишет. Бирок, реалдуулук таптакыр башкача болуп чыкты. Бизде көз карандысыз медиалар менен мамлекеттик медиалардын ортосундагы тиреш катуудай сезилет. Айрым мамлекеттик медиалар өкмөттүн ишин көтөрүп чаап ашыкча мактаган учурлары кездешет. Бул журналистиканын этикасына дал келбегендиктен, көз карандысыз медиалар аларга дайыма сын айтып турушат. Ал эми айрым көз карандысыз медиалардан “өкмөттүн ишин жазгандар толтура, биз башка жагын жазалы” дегенин көрүп аябай таң болгом. Себеби, мен журналистикада кандай маалымат болбосун тактап, элге жеткириш керек деп билим алгам. Балким, мындай таң калуум тажрыйбамдын аздыгынан жана медианын баалуулугу менен саясатын түшүнбөгөнүмдөн болсо керек.
Менин оюмча, жаштар берген идеялар медиа тарабынан колдоого алынат. Медиа жетекчиси жаш журналистти колдоп, даярданууга убакыт берүүсү керек. Ошондой эле, жумуш ордундагы шарттар кызматкердин иш маанайына таасирин тийгизет. Маалыматты тез чыгаруу жалпыга маалымдоо каражатында талап кылынат. Ошондуктан макала даярдоодо башка жүктөрүн азайтып, өз материалын даярдоого, темага тереңирээк кирүүгө мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болот деген ойдомун.
«Сенин колуңун келет!» деген дем менен адамдын физикалык абалына көңүл бурулбай калган учурлар катталат. Бул журналисттердин тез эле күйүп кетүүсүнө себеп
болот.
Редакциядан: “Кыргыз Туусу” гезитинин жаш журналисти Уулжан Бейшенбекова бул макаласында өзү өңдүү жаш журналисттердин көз карашын бериптир. Жаш деген жаш. Жогоруда өздөрү айткандай, урунуп-беринип турган чактары. Көз караштары да ар кандай. Аларды “Кыргыз Туусунун” кылымдык калыбына салып, түздөгөн да жокпуз. Башкысы кесибине берилгендик, ынтызарлык байкалат. Ошондой эле журналисттик кесипке окутуудагы кемчиликтер, сунуштар, эркин жана мамлекеттик медианын ортосундагы карама-каршылыктар тууралуу пикирлери айтылыптыр. Жаштар козгоп жаткан маселелер, гезиттеги чакан макалага сыйбаган кеңири талкууну талап кылган темалар. Эң негизгиси ойлору олуттуу, кыргыз журналистикасынын оор түйшүгүн көтөрүп кетүүгө белсенген жаш журналисттерибиздин өсүп келе жатканы кубандырбай койбойт.