Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

“Менин үйүм” – эл үмүтү

Аталган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор  — “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому менен “Элдик Банк” ачык акционердик коомунун “Топтомо ипотека” продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Жарлыкта “Турак жайды каржылоо багыттары боюнча ипотекалык кредиттин суммасы: – “Социалдык ипотека” 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин; – “Жеңилдетилген ипотека” 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин; – “Арзан ипотека” 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин” деп белгиленген.

“Топтомо ипотека” – “Турак жайды үлүштүк куруу” механизмин пайдалануу менен “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайды сатып алуунун комплекстүү процесси.

Берүү шарттары жөнөкөй: – кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынан 30% 6 айга банкка депозитке салынат; – турак жай наркынан 20% – жылдык 10% менен 5 жылга банктык насыя берилет.

Артыкчылыгы – күрөөнүн жоктугу. Калган 50%ы – жылдык 8% менен 15 жылга ипотека.

Окурмандардын эсинде болсо керек, өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында Министрлер Кабинети 2021-жылы «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекиткен жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, аталган программанын катышуучуларын тандоо тартиби аныкталган.

Аталган мамлекеттик программанын алкагында 2026-жылдын аягына чейин: – эл аралык донорлордун жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын эсебинен жалпы суммасы 30 миллиард сомдон кем эмес каражат тартуу; – 740 000 чарчы метрден кем эмес аянттагы турак-жайларды сатып алууну же курууну каржылоо; – кеминде 15000 үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу милдети коюлган.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында: Бишкек, Нарын, Жалал-Абад, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан үйлөр салынып жатат. Башкасын айтпаганда, борбор калаанын Гагарин, Чортеков, Маликов, Тойгонбаев көчөлөрүнүн ортосундагы 8,76 гектар жер тилкесинде эле 5 миңден ашык батирлүү же 300 миң чарчы метр турак жайды камтыган 39 үйдө турган ири турак жай комплексинин курулушу жүрүп, 18 жана 24 кабаттуу көп квартиралуу заманбап квартиралар салынууда.

Бүгүн «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасы эл арасында аябай популярдуу. Себеби, өз үй – өлөң төшөк бардык мезгилдерде күн тартибиндеги №1 маселе болуп келген. Акыркы 30-35 жылда мамлекет өз жарандарын үй менен камсыз кылуу – үй куруп берүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан шаарлардын, айылдардын жака-белиндеги айдоо аянттарын кармата берүүгө аргасыз болгон.

Эң башкысы, Чүй облусунун чүйгүндөй болгон айдоо аянттары сакталып калмак. Бүгүнкүдөй, дүйнөдө азык-түлүк коопсуздук маселеси №1 маселе болуп турганда, ар бир сотых айдоо аянты алтынга барабар эмеспи. Бул биринчиден. Экинчиден, 8,76 гектар аянтка 5 миңден ашуун квартира куруп, бала бакча, мектеп куруп берүү менен, канчалаган бюджеттик акчалар үнөмдөлүп жатат.

Борбор калаанын Гагарин, Чортеков, Маликов, Тойгонбаев көчөлөрүнүн ортосундагы 8,76 гектар жер тилкесинде эле 5 миңден ашык батирлүү же 300 миң чарчы метр турак жайды камтыган 39 үйдө турган ири турак жай комплексинин курулушу жүрүп, 18 жана 24 кабаттуу көп квартиралуу заманбап квартиралар салынууда.

Бишкек шаарын эле алсак, борбор калаанын жака-белиндеги Чүй облусуна караштуу чүйгүн жерлердин баары өзүмдүк үй куруу үчүн берилип кетти. Антип жер участокторун бөлүп бергенибиз менен, шаар четиндеги жаңы конуштар же жолу жакшырбай, же суусу тартыш болуп, же эч кандай социалдык объектилер курулбай, бири болсо, бири тартыш болуп, көрбөгөн азапты көрүп келишет.

Антип жүздөгөн гектар эгин аянттарын өзүмдүк үй курууга бербей, акыркы жылдардагыдай, мамлекет өзү үй курганда, үй да өз убагында бүтүп, жол да салынып, мектеп, бала бакча курулуп, анда жашоо-чуларга бардык ыңгайлуулуктар түзүлбөйт беле!!!

Эң башкысы, Чүй облусунун чүйгүндөй болгон айдоо аянттары сакталып калмак. Бүгүнкүдөй, дүйнөдө азык-түлүк коопсуздук маселеси №1 маселе болуп турганда, ар бир сотых айдоо аянты алтынга барабар эмеспи. Бул биринчиден. Экинчиден, 8,76 гектар аянтка 5 миңден ашуун квартира куруп, бала бакча, мектеп куруп берүү менен, канчалаган бюджеттик акчалар үнөмдөлүп жатат. Дегенибиз, 5 миң кишиге өзүмдүк үй куруу үчүн 4 сотыхтан жер бергенде, бери дегенде 200-250 гектар жер кетмек, эми өзүңүз эсептеп көрүңүз, 200 гектарга жол салып, свет тартып, канализация курган оңойбу же 8 гектардын соцмаселесин чечкен жеңилби. Албетте, 8 гектардыкын.

Убагында, 1990-жылдары шаардыктар өзүмдүк үй курабыз деп шаардын четиндеги жерлерди басып ала баштаганда, ошол кезде өлкөнү башкарып турган Апсамат Масалиев: “Урматтуу жаштар! Силерге жер ала салып, үй курган оңой көрүнүп жатат. Биз силерден жерди аяп жатканыбыз жок. Бирок, үй кургандан башка да, жол салуу, суу, свет тартуу, коомдук транспорт жүргүзүү, мектеп, бала бакча, оорукана куруу деген күнүмдүк толгон-токой маселелер бар. Муну да ойлонушуңар, кыйынчылыктарга даяр болушуңар керек. Туура, убагында турак-жай маселесине көп көңүл бөлүнбөгөн экен. Эми турак-жай маселесин №1 маселе кылып, күн тартибине коюп, шаар четинен жерлерди бөлүп, көп кабаттуу үйлөрдү куралы. Силер өзүңөр кургула. Бат эле
шаарга айланат. Болбосо, 70 жыл курган шаарды айылга айлантып алабыз” деген.

Пайгамбардай эле айтыптыр. Акыркы 30-35 жылда Бишкек айылга айланып калды. Жаңы конуштарда жашагандар үйүнөн чыкканда, “Шаарга барып келели” дешет.

Бүгүн коомчулуктун көңүлү “Менин үйүм” программасына бурулган. Элдин ишеничи да, үмүтү да мына ушул программада экени шек жаратпайт. Кыска эле убакытта турак жайды каржылоого 21 миңден ашык жаран кезекке туруп, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 100 миңден ашуун жаран электрондук өтүнмөнү каттоо процессинде турганы мына ошондон кабарлап турат.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар