Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Жусуп Абдырахманов жана Кыргызстандын “күмүш доору”

(“ЖЗЛ” сериясы Кыргызстанда)

Москвадагы “Молодая гвардия” басмасынан “Өрнөктүү адамдардын өмүрлөрү” (“Жизнь замечательных людей”) деген аталышта китептердин сериясы  басылып чыгат. Бул түрмөк 1890-жылы Ф.Певленков тарабынан негизделип, 1939-жылы М.Горький тарабынан улантылган.  Ошондон бери басылып чыгууда. ХХI  кылымда бул түрмөккө кыргыздар да кошулду. Алгач Ч.Айтматов (ал жөнүндөгү китеп 2018-жылы), андан соң Т.Усубалиев жөнүндөгү китеп (2019-ж), 2024-жылы “Юсуп Абдырахманов” деген китеп басылып чыкты. (“ЖЗЛ” сериясынан) Быйыл өзгөчө жыл – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө.

Үч китептин баарысынын автору кыргыз окумуштуусу (ал аталган сериянын эң биринчи кыргыз автору да болуп эсептелип калды). Ал Осмонакун Ибраимович, филология илимдеринин доктору, профессор, толук жана ыйгарым укуктуу элчи, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (академик), “Манас” орденинин ээси. Биринчи кыргыз президентинин мезгилинде мамлекеттик катчы кызматын аркалаган. Масштабдуу личность. Бул китептер легендарлуу сериядан чыгып олтурат.

Биринчисинде классикалык чыгармасы “Гүлсаратын” эске алуу менен замандаштары “Кентавр” деп аташкан Ч.Айтматовдун өмүр жолу көрсөтүлгөн. Бул жөнүндөгү бапты О.Ибраимов “Кош бол, Гүлсары, кош бол, коммунизм!” деп атаган. Бул элестүү да, так да.

Ушул повесттен тартып “сөз падышасынын” чыгармачылыгындагы “орустук мезгил” башталды деп эсептейт окумуштуу автор. Анан да “дал ушул коштилдүүлүк (кыргызча-орусча) маданий ачык-айкындуулук  Айтматов бизге мурас кылган жол экендигине басым жасашат. Бул деген бизди бүгүнкү күнгө жеткирген жол.”

Ооба, албетте, бул биздин тагдырыбыз. Дүйнөлүк прозанын классигинин тутумундагы “сокралдуу” жана “кол тийбес” учурлар да баяндалган. “Бүбүсара жана Чыңгыз. Эки жылдыздын тогошуусу  деген бап бар. Окумуштуу Ч.Айтматовду “совет империясынын акыркы жазуучусу” деп атаган. Соңку бөлүм  “Кассандранын көлөкөсү. Петриархтын акыркы күндөрү” деп аталат. Бул китеп айтматовтаанууга жасалган эң сонун салым болуп эсептелет.

Экинчи китеп Турдакун Усубалиевге арналган. Ал Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин 1-катчысы болуп чейрек кылым республиканын жетекчиси болгон. 1961-жылдан 1985-жылга чейин. Бул мезгил Чыңгыз Айтматовдун дооруна дал келет. Китептин автору бул мезгилди өзгөчө белгилеген. Мынакей шилтеме: “бул кыргыздын күмүш доору, Айтматовдун доору, улуттук экономиканын, илим менен маданияттын гүлдөгөн мезгилинин туу чокусу, туу чоку болгон бул доорду кошо жараткан жана уюштурган Усубалиевдин да доору болду.” “Бул жетекчинин учурунда республикабызда орус тилине болгон мамиле өзгөчө жакшы болгондугу” атайын белгиленген. Орус тили жана адабияты пединституту ачылган. Китептин автору Орусиянын өткөн мезгили менен салыштырууларды келтирет. “Бул деген 19-кылымдын башындагыдай, Лев Толстойдун сөзү менен айтканда, ажайып кооз француз тилинде сүйлөп гана эмес, француздарча ой жүгүртүп да калган учурдун өзүндөй эле. Бирок, билермандар айткандай, мындан жоготууга караганда пайда көбүрөөк эле. Муну орусча сүйлөгөн, ой жүгүрткөн кыргыздарга карата айтуу да адилдик болор эле”. Ооба, дал ушундай –- “жоготууга караганда пайда көбүрөөк”.

Автор Усубалиевдин ысымына карата “фактылар менен уламыштарды да чагылдырган. Анын белгилүү адамдар менен болгон карама-каршылыктарынын тарыхын да баяндаган. Буларды салмактуу адилет сөз менен көрсөткөн. Ал эми М.Горбачевдин дооруна образдуу түрдө баа берген. Бул мезгил жөнүндөгү бап кандайдыр бир деңгээлде поэтикалуу да жазылган. Мынакей: “Кайра куруу жылдары: Кош бол, коммунизм, саламатсыңбы муң-кайгы”.  Дал ушундай, “бачым эле коштоштук да, көпкө муңкануудабыз”.

Ал эми биринчи кайгынын, “бийликтен алынуу маселесинин” маани-маңызын автор объективдүү чагылдырган. “Анан калса Усубалиевдин кызматтан алынышынын чыныгы себеби башкада болчу – ал жогорку кызматта көп отуруп алды. Акыйкаттык үчүн моюнга алып коюш керек: өтө эле жаман жетекчи болбогон Леонид Ильич Брежневден чарчашкандай элдер Усубалиевден да чарчаган эле”. Ооба, өкүмдар өз убагында кете да билиш керек, көпкө отура берүү өлкө үчүн да, анын өзү үчүн да жаман бүтүшү мүмкүн.

“ЖЗЛ” сериясынан басылып чыккан үчүнчү китеп кыргыз мамлекетинин жетекчилеринин арасынан эң бир залкар инсанга арналган, анткени ал адам мамлекеттин өзүн түптөгөн инсан болуп эсептелет. Анын ысымы – Жусуп Абдрахманов. Орусча Юсуп деп жазылат, бирок, бул аталыштардын тамыры бир –  байыркы мезгилден, Библиядагы Иосиф ысымынан нук алат. Өз китеби тууралуу автор минтип жазат: “Бул китеп СССРдин курамында советтик автономиялуу рес-публиканы негиздеген легендарлуу Жусуп, анын досу Владимир Маяковский жана Лилия Брик” тууралуу, Лазар Кагановичти, белгилүү бир деңгээлде Сталинди сындоо жөнүндө, Советтер Союзунун биринчи он жылдыктарындагы залкар саясатчынын ойлору камтылган уникалдуу документ болгон “Күндөлүктүн” автору жөнүндө.

Бул китеп чоң масштабдагы адамдын чоң сүйүүсү жөнүндө”.

Бул жерде масштаб тек гана чоң эмес, ал эбегейсиз чоң да, эбегейсиз кең. Ушундай экендиги Абдрахмановдун Сталиндин жеке өзүнө жазган каттарынан эле көрүнүп турат. Мынакей ал каттардын эң маанилүүлөрүнүн бири  – мында этностун тагдыры жөнүндө сөз болот. Мындай каттар китепте негизги орунду ээлейт. “Кара-Кыргыз автоном облусун Өзбек Республикасынын курамына кошуу төмөнкү себептерден улам максатка ылайыктуу болбойт: биринчиден, кара-кыргыздардын чарбалык түзүлүшү менен өзбектердин чарбасынын экономикалык жактан түп тамырынан бери карама-каршы келип тургандыгы, анткени аларда жер иштетүүнүн формалары (пахтачылык, тамаркаларын иштетүү, бакчачылык) бир топ өнүккөн соода капиталы болсо, кара-кыргыздардын чарбасы тескерисинче, мал чарбачылыгы менен талаа иштерине негизделип, накталай соода жүргүзгөн чарба жүргүзүүнүн артта калган формасы болуп эсептелет. Экономикалык жактан карама-каршы турган эки улутту  бир республикага бириктирүү, экономикалык жактан чабал  кара-кыргыздарды формалдуу да, факты жүзүндө да экономикасы кубаттуу өзбектерге кошуу бул улуттардын ортосундагы жаңы кагылышууларга алып келет жана ишти татаалдаштырат”.

Эки этностун ортосундагы маселе боюнча аргументтерин Абдрахманов мындай жыйынтыктайт: “Өзбек (Фергана) маданиятынын стихиялуу таасири кара-кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүнүн ассимилизация болушун тездетет”.

Аймактагы башка коңшуга байланыштуу башка себептер келтирилген. Казактардын Республикасын ал учурда “Кыргыз Республикасы” деген аталыш менен айтышкан. (ушундан улам гана “кара-кыргыз” деген этникалык аталыш пайда болгон).

Шилтеме келтирели: “Кара-Кыргыз автономиялуу областын Кыргыз Республикасынын курамына кошуу маселесине келчү болсок РКП БКнын Уюштуруу бюросунун отурумундагы жолдош Рудзутактын билдирүүсүн колдоймун жана  бул Түрк Республикасында болуп келген улуттар аралык карама-каршылыкты кайра улантуу болот деп эсептеймин жана мындай кылуу иштин аткарылышына жакшы эмес кырдаалды жаратат. Кара-кыргыздар менен казак-кыргыздарынын ортосундагы узактан бери уланып келе жаткан карама-каршы мамилени убактылуу көрүнүш деп атоого болбойт, бул карама-каршылык тарыхый тамырга ээ”.

Бул маселенин эң бир оптималдуу чечилиши катары Кара-Кыргыз автономиялуу областын тикеден тике РСФСРдин курамына кошуу жөнүндөгү ойду колдоп берүүнү суранат. 1924-жылы дал ушул сунуш кабыл алынган. Китептин автору бул фактыга момундай баа берет: “Тагдыр чечер бул чечим үчүн кыргызстандыктар Жусуп Абдрахмановго –  мамлекетибиздин негиздөөчүсүнө – ыраазы болуш керек. Ооба, бул чечим кыргыздар үчүн тагдыр чечер болгон. Сталин ага кол койгон. Ушундан кийин экинчи кадам ташталат. Абдрахманов Москвага кийинки катты жазат. Кыргыздар үчүн мындан да чоңураак автономия берүү маселесин коёт. Натыйжада, 1926-жылы СССРдин курамында Кыргыз Советтик Социалисттик Автономиялуу Республикасы (Кыргыз АССРи) пайда болот. Ушундан кийин казактар Казак  Советтик Социалисттик Республикасы деп атала баштады. Баары өз-өз ордуна келди. Бул учурлар китепте документтердин негизинде берилген. Андан соң кыргыз лидери тарыхый үчүнчү кадамды жасайт.

Абдрахманов Кыргыз АССРи автономдук түзүлүш макамынан союздук республика макамына өткөрүү маселесин коет. Ал өзүнүн башкы тарыхый миссиясын аягына чейин аткарды. Мамлекеттик ишмер катары гений болгон. Абдрахмановдун аркасы менен гана кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлүп, өзү бул мамлекеттин биринчи жетекчиси болду.

Буга О.Ибраимов мындай баа берет: “Кара-кыргыз автономиялуу областы эгерде калкы көп коңшу элдерге кошулганда ассимиляция болуп кетмек. Абдрахмановдун аракетинен улам мындай болбой калды. Бул маселелердин баарын ал түшүнө билген, ошондуктан Өзбек советтик республикасынынын да, Казак Респуб-ликасынын да курамына эч качан кошулбашты өзүнүн башкы милдети деп эсептеген. Бул аябагандай чоң даанышмандыктын жана тарыхый көрөгөчтүктүн белгиси болгон”.

1936-жылы кыргыздар жаңы макамга ээ болушту. Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы түзүлдү. Калктын саны 1 млн. адам – чечүүчү факторлордун бири болду. Муну да Абдрахманов камсыз кылды десек болот – эгер ал болбогондо 1933-жылы калктын саны бир топ эле азаймак. Кыргыз ССРи 1991-жылга чейин өмүр сүрдү да, андан (СССР кулаганда) кийин улуттук эгемендикке ээ болду.

Ж.Абдрахманов 1936-жылы кыргыз өкмөтүн башкарбай калган эле, троцкизмге айыптап 1939-жылы аны кызматтан алып коюшкан болчу. Ал эми 1937-жылы “эл душманы” деп камакка алышкан. Өзүнүн мамлекеттик идеясы (Ата-Мекени союздук республика макамына ээ болгондо) салтанаттуу ишке ашканда ал Оренбург шаарында болду. Оренбург шаардык аткаруу комитетине караштуу мал чарбачылыгы боюнча жер бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалап турган эле. 1938-жылы 3-ноябрда аны атышкан. 1991-жылы сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлдү. 2011-жылы ага (өлгөндөн кийин) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” ардактуу  наамы  берилген.

Китептин автору анын адамдык турпатын көп кырдуу кылып көрсөткөн. Бул 15 жашар кезинде өзү күбө болгон 1916-жылдагы окуя. Бул анын Ленин менен жолугушуусу.  Анан да ал “өзүнүн эң бактылуу мезгили” деп эсептеген Мария Натонсон менен өткөргөн жылдары. Анын музасы болуп калган (ал аны Муся деп атаган) бул керемет аялдын сүрөтү сакталып калган. Ал аял менен катар анын татыктуу жары Гүлбехрамдын (балдарынын апасынын) да сүрөтү бар.

Китепте “Жусуп жана  ачарчылык” деген бап да бар. Мында сунушталган документтер анын таң каларлык бийик деңгээлдеги мамлекеттик инсан экендиги менен жеке каармандыгын көрсөтүп турат. Китептин автору бул жылга мындайча баа берет:

“Тергөөнүн жүрүшүндө ал кыргыздарды (мындан сырткары үй-жайын таштап кеткен казактарды) башка түшкөн ачарчылыктан сактап калуу үчүн алган чечимин аң-сезимдүү түрдө кабыл алганын моюндады. Ал эми бул ишти жасоо үчүн анда бир эле арга бар болчу – дан даярдоонун көлөмүн төмөн көрсөтүш керек. Натыйжада дан жана эт даярдоо боюнча Москвадан берилген план толук аткарылбай калган. Ал жылдардын эреже-шарты боюнча бул деген билип туруп даргадагы жипке өз башын салуу, баталгага өз башын коюу деген менен бипбирдей эле.”

Ооба, Ж.Абдрахманов билип туруп бул ишке барган жана өз эли үчүн баталгага башын койгон. Кыргызстанда 40 миңден ашуу адам репрессияланган. Республиканын калкы ал жылдары 1 млн. 400 миң киши болчу. Биз сөз кылып жаткан китептин баалуулугу анын документализминде. Ж.Абдрахманов өзү кол койгон бул расмий документти мисалга тарталы. Мынакей ал:

  “Кыргызстандын аймагындагы качып келген казактар жөнүндө” Кыргыз  АССРнин  Эл комиссариатынын № 132 токтому

Курулуш иштерине жумушчуларды алууда биринчи кезекте келгин казактар кабыл алынсын;

Совхозтресттер менен өндүрүш ишканаларынын  директорлоруна казактарды (кулактардан башкасын) иштен бошотууга жол бербөө сунушталсын;

Вахштагы курулуш иштерине жумушчуларды кабыл алууда биринчи кезекте келгин казактар кабыл алынсын;

Жер боюнча эл комиссариаты районун көрсөтүү менен келгин казактарды Кыргызстандын аймагында отурукташтыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын;

Ошол жылдагы абалга Абдрахманов өзү тө­мөндөгүдөй мүнөздөмө берген: “1932-жылдын жазында казактар массалык түрдө Кыргызстанга көчүп келе башташты. Ачарчылыктын айынан алардын арасында өлүм-житимдер башталды. Ушундан улам пландын реалдуулугу тууралуу күмөнсүнүү башталды. Дан даярдоонун башталышында буудай, арпа сатууга уруксат бердик. Шахрай жана Исакеев менен болгон баарлашуунун учурунда планды аткаруу кыйын экендигин айтуу менен мен: “Мейли, республиканы Казакстандын абалына жеткиргенден көрө планды аткарбайт деп бизди иштен алышсын”. Экөө тең бул ойго макул болушат.

Бул айтылгандарга комментарий берүүнүн кажети жок. Ж.Абдрахманов Кыргызстанда “катастрофа” болушуна жол берген жок, өз республикасынын элин коргоп калды жана коңшу республиканын он миңдеген адамын ачарчылыктан  сактап калды.

Сөзүбүздү “Күндөлүктөн” алынган шилтеме  менен аяктасак. 1928-жылы 24-октябрда жазылган. Кадр маселесине тиешелүү. Мынакей. “Менимче, азыр айдаган жакка баскан, тырмактай да өзүмдүк “мени” жок жана жөнөкөй эле саясий чынчылдыктын бир тамчысы да жок немелерди кызматка алуу туура деп эсептелет окшойт. Мындай саясаттын негизинде жергиликтүү улуттардан большевиктик кадрларды тарбиялап чыгаруу мүмкүн эмес. Кадрларды өстүрүүдө түбүбүзгө жете турган саясат”.

Бул көз караш, канткен менен, XX кылым үчүн да  өтө актуалдуу.

Кубан МАМБЕТАЛИЕВ, публицист

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар