Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Усубалиев менен Горбачевдун жашоо сызыгы

“Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдык тарыхында, бул гезитти кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмерлери жетектеп  келген. Алардын бири “Кыргыз Туусу” (“Советтик Кыргызстан”) гезитинин 1958-1959-жылдары Баш редактору болгон Турдакун УСУБАЛИЕВ эле. Төмөндө улуу инсандын өмүр жолунун урунттуу учурлары тууралуу коомдук, мамлекеттик ишмер Шамил Атахановдун макаласын жарыяладык.

1987-жылдын май айынын аягында Кремлдин жанындагы Кызыл Аянтка Руст аттуу немис жигит башкарган эки моторлуу кичинекей учак конгон. Бул окуя СССРдин бүткүл куралдуу күчтөрүн титиретти. Согуш жылдарындагы жана согуштан кийинки муундагы адамдар нааразы болуп жатышты… Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетишип, германиялык фашизмди талкалаган жаңы дүйнөлүк державанын жарандары болгон совет элинде ушул учурда алсыздык жана корголбогондук сезимдери пайда болду.

Россиянын жүздөгөн километр аймагынан кантип байкалбай учуп өтүүгө болот?! Дүйнөдөгү эң мыкты корголгон асман жолунан кантип ушинтип учуп өтүп, шылдыңдагансып келип конот… Бул эл үчүн анча түшүнүксүз, бирок, Советтер Союзунун алсыроосу башталганын бүткүл дүйнөгө жар салып көрсөткөн тымызын дүмөк эле. Курчоого алган душман борбор шаардан 100 километр аралыкта турган 1941-жылы да немистердин бир да истребители Москванын үстүнөн жазасыз учуп өтө алган эмес эле да…

1987-жылы мен республиканын ИИМинде Кылмыштарды иликтөө башкармасында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп тургам. Мен дагы кесиптештерим сыяктуу эле бул кандайдыр бир провокация экенин сезип, бирок, анын себептерин, механизмдерин түшүнө алган эмес элек. Басма сөз бул жөнүндө унчуккан жок. Ардагер фронтовиктер басына түшкөнсүдү.  “Кырк биринчи жылы биз Москваны коргоп калдык эле, эми Горбачевчулар аны өткөрүп беришти” дешти.

Мен жакшы билген жана терең сыйлаган адам, согушка катышып келген генерал, Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков ошондо келечекти көрө билгендей: “Бул чыккынчылык! Азыркы тарыхта болуп көрбөгөндөй чыккынчылык!” – деди. Ал советтик патриот катары муну бүткүл жан дүйнөсү менен сезип турду. Бирок, ошол учурда диагнозун аныктаганы менен бул чыккынчылыктын чыныгы себептерин ал дагы биле албаганына ишенем. Бул табышмак болчу.

Бирок, акылмандар айткандай, эртеби-кечпи, баары ачыкка чыгат. Бир топ жылдан кийин гана Республикалык УКМКнын төрагасы болуп иштеп жүргөндө мага Русттун учагын Кызыл Аянтка кондуруу операциясы Горбачевдун өзүнүн колдоосу менен Батыштын атайын кызматтары тарабынан кылдат пландаштырылганы тууралуу маалымат колума тийди. Муну менен ага өлкөнүн абадан коргонуусунун бүткүл жетекчи курамын жок кылууга мүмкүнчүлүк берилиптир. СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн жетекчи курамынын 400дөн ашык генералдары жана адистери кызматтан алынып жана камалып, аскердик-космостук курал-жарактарды иштеп чыгуунун келечектүү долбоорлору токтотулган. Бул Советтер Союзун кулатуу боюнча Горбачевдун масштабдуу чыккынчылыгынын башталышы болгон. Батыш азыркы замандагы Иуданын ролуна сонун кандидатураны тапкан.

Бул операциянын активдүү фазасы 1982-жылы башталган. “Тайм” журналынын америкалык журналисти Карл Бернштейн Рейгандын администрациясынын жана Ватикандын 75 өкүлүнөн интервью алып, 1982-жылдын 7-июнунда Рейган менен Рим папасы Иоанн Павел 2-нин китепканасындагы жолугушуунун натыйжасында коммунисттик системаны жоюу максатында СССРге жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө каршы макулдашууга жетишилген деген жыйынтыкка келген. Горбачев СССРдин жетекчилигине келгенден кийин Рейгандын планын ишке ашырууга киришкен. Кавказда, Орто Азияда, Балтика боюнда кандуу кагылышуулар болгон. СССРдин Куралдуу Күчтөрү дискредитацияланган жана бүлүнтүлүп, алсыздандырылган. Бардык диссиденттер жана советтик системанын идеологиялык душмандары түрмөлөрдөн бошотулган. Батыштын колдоосу менен түзүлгөн “Мемориал” жана “Память” коомдорунун башкы максаты элдеги адамзаттык баалуулуктарды руханий идеологиялык жактан жок кылуу болгон. Экономикадагы башаламандыктын масштабы, республикалардын чарбалык-экономикалык байланыштарынын кыйрашы миллиондогон советтик адамдардын тонолушуна жана жакырданышына алып келди. Акыр-аягында СССР кулады, аны Рейган далысынан таптап, менин досум “Горби” деп атаган Горбачев өзү талкалаган. Чыгаан журналист жана жазуучу, СССР Жогорку Советинин депутаты Борис Олейник Горбачевго кайрылуу жазган:

Сиз, Михаил Сергеевич, биздин рухтун өзөгүнө киргизилген троян атынын ролун ойнодуңуз. Натыйжада адамзаттын эң амалкөй, катаал жана ырайымсыз душмандары, анын ичинде фашизм да жүздөгөн жылдар бою жасай албаган нерсе ишке ашты”.

Мен бул тыянакка ошол доордо жашаган жана анын кесепеттерин көргөн адам катары толугу менен кошулам. Эгерде мен башымды ийип таазим эткен адамга тиешеси болбосо чыккынчы жөнүндө бул тарыхый ракурска көңүл бурбайт деле болчумун.

5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, кыргыз жериндеги көптөгөн жетишкендиктердин жана байлыктардын жаратуучусу болгон адам туулган күнгө 105 жыл толду. Анын жаратмандыгынын зор масштабын сүрөттөө үчүн көптөгөн китептерди, жүздөгөн барактарды жазыш керек болот. Бирок, урматтуу окурман, тагдыр бир эле мезгилде жана чөйрөдө жолуктурган, бири-бирине антипод болгон эки адамды: Усубалиев менен Горбачевду салыштырып көрүш үчүн, жок дегенде Усубалиевдин ишмердигин үстүрт болсо да бир аз баяндап өтүүгө туура келет.

Усубалиев жаңы Кыргызстанды курган. Горбачев болсо Советтер Союзунун зор руханий жана материалдык байлыктарын бийлигине мураска алып, өлкөнү куру сөздүн сазына чөктүрүп, тагдырдан тартууланып берилген эсепсиз байлыктарды талатып-тонотуп, талкалап жок кылган. Анын кара тагы биздин өлкөгө да кесепети тийди. Усубалиевди кызматтан алуу менен ал илимий-техникалык прогресстин ылдамдап бараткан темпин муунтуп токтотуп койду.

Турдакун Усубалиевичти көп учурда суз адам катары кабыл алышчу. Ал жалындуу сүйлөгөн чечендиги жана популизм менен айырмаланган эмес. Анда оратордук жаңсоо ыкмалары, трибунада үнүн кубултуп кырааттап сүйлөө, табышмактуу пауза жасоо дегендер болгон эмес. Анын сүйлөгөн сөздөрү башкалар сыяктуу эле, мага да таасир этүүчү эмес. Ал эле эмес,  анын сүйлөгөнү монотондуу жана стандарттуу болуп, зериктирген таасир калтырчу. Бирок ошол эле учурда ал КПСС БКнын жетекчилигине, СССРдин өкмөтүнө жана Мамлекеттик пландоо комитетине, тармактык министрликтердин жетекчилигине толук көз каранды болгон шартта ойго келбеген жетишкендиктерге кантип жеткени түшүнүксүз эле.

Турдакун Усубалиевич курган, өзүм 30 жылдан бери каттай элек китепканага барып баштапкы булактарды казып карап чыгууга туура келди. Акыр аягы, менде өзүнүн акылмандыгы менен суктандырган сүйкүмдүү адамдын образы пайда болду, анын күлүмсүрөгөн токтоолугу идеясынын ынанымдуулугун чагылдырып, аналитикалык материалдары аргументтүүлүгү жана кынтыксыз логикасы менен суктандырды. Ошол жылдары республика өз алдынча 3 миллион рублдан ашык акча жумшай алуучу эмес экен. Бул кишинин ишмердиги менен тубаса таланты гана КПСС БКнын Башкы секретарлары Н.С.Хрущев, Л.И.Брежнев жана Черненко менен, СССР өкмөтүнүн төрагасы Косыгин, Госпландын төрагасы Байбаков, министрлер Ломак, Устинов, Славский жана көптөгөн башкалар менен жакшы жылуу мамилеси гана ошондой жетишүүлөргө мүмкүндүк берген.

Ал Союздун адистештирилген монтаждоо башкармаларынын, конструктордук-долбоордук институттардын жетекчилеринин көпчүлүгү менен баарлашкан. Жүздөгөн эмес, ар кандай деңгээлдеги миңдеген ысымдар, адистиктер анын феноменалдуу эсинде сакталуу болгон. Ошондуктан Союздун 8, 9, 10, 11-беш жылдыктарынын социалдык-экономикалык пландарына киргизилген Кыргызстандын өнүгүү программалары чындап келгенде революциячыл программалар болгон. Республика үчүн өнөр жайдын таптакыр жаңы түрлөрү уюштурулган: жеңил өнөр жай, кен өнөр жайы, курулуш, электротехникалык, прибор куруу, энергетика жана башка өнөр жайлар түзүлгөн. Жүздөгөн фабрикалар жана заводдор, суу сактагычтар, ирригациялык каналдар, совхоздор жана колхоздор, жолдор ишке киргизилген. ЖОЖдор, миңдеген мектептер жана бала бакчалар, кесиптик окуу жайлар, оорукана комплекстери түзүлгөн. Филармония, Спорт сарайы, театрлардын жаңы имараттары, китепканалар курулган. Кинематография жана маданият жаңы бийиктиктерге жетишкен.

Эми ушул жерде көпчүлүктө “Ушунун баарын ал өзү жасаган жок да?” деген адилеттүү суроо туулат: Албетте, мамлекетке санаалаш-пикирлештердин командасы түзөт. Өкмөтсүз, Госплансыз, министрликтерсиз жана ведомстволорсуз, таланттуу инсандарсыз бул мүмкүн эмес. Биз бүткүл максаты, мүдөөлөрү элдин кызыкчылыгын гана ойлогон жетекчи тууралуу айтып жатабыз. Ал шайма-шай оркестрдин дирижерунан кем эмес, ишти мыкты билген дирижер сыяктуу башкаруучу болгон жана Кыргызстан деп аталган мыкты чыгарманы жараткан.

Республика жаңы технологиялык нукта илимий-техникалык прогресстин таптакыр башка деңгээлине чыга баштаган.

Турдакун Усубалиевич көрө билген горизонттор чоң бийликке ээ болгон адаттагы жетекчилерге да айкын болгон эмес. Табияттан берилген мындай көрөгөчтүктү жана жаратмандык энергияны анын улуу ата-бабалары Тагай бий менен Калыгулдун гендери менен гана эмес, өз элин гүлдөтүп-өстүрүүгө, ал эми өлкөнү технологиялык жактан да, руханий жактан да жогорку өнүккөн өлкө кылууга болгон кажыбас каалоосу менен түшүндүрүүгө болот. Ал бул максатына жетишти. Мисалы, жеңил индустрияны түзүү деген эмнени билдирет? Бул убакыттын ичинде курулгандар:

– Кыргыз камволдук-нооту комбинаты
– Ош пахта кездеме комбинаты
– Жүндү алгачкы иштетүү фабрикасы
– Камволдук ийрүү фабрикасы
– Бут кийим жана тигүү фабрикалары
– Килем комбинаты ж.б.

Долбоорлоо, он миңдеген жаңы адис-терди, инженердик кадрларды жана жумушчуларды даярдоо, көп миңдеген та-таал жабдууларды жана станокторду ишке киргизүү жумуштары жөнүндө айтпаганда да, ишке киргизилген ишканаларды санагандан эле чарчайсың. Бул жумуштардын көпчүлүк бөлүгүн Россиядан келген адистер жасашкан. Бир эле мисал. Ош комбинатында 8933 жабдуу орнотулуп, 9.000 жумушчу иштеген, комбинат жыл сайын 100 миллион метр пахта кездемелерди чыгарчу. Дагы – эгер  1960-жылы республикада үч миллион жуп бут кийим чыгарылса, 1977-жылдан баштап жылына 10 миллион жуп бут кийим чыгарыла баштаган.

Турдакун Усубалиевичтин келечекке болгон көз карашы кыялкеч, эңсөөчүлүк мүнөздө болгон эмес, ишмердик-прикладдык, рационалдуу-практикалык мүнөздө болгон… Алдыда турган маселелердин кайсынысы биринчи кезекте маанилүү, зарыл экенин терең түшүнгөн. Ошондуктан курулуш тармагына өзгөчө көңүл бөлгөн. Ал цемент өндүрүшү болмоюнча алдыга жылуу мүмкүн эмес экенин билген. Союздун колдоосу болбосо мындай татаал, күчтүү өндүрүштү түзүү мүмкүн эмес болчу. Союздун жетекчилиги аны мурдагыдай эле колдоп, 1967-жылы кубаттуу Кант цемент заводу курулган. Цемент өндүрүү жылына 28.000 тоннадан бир миллион миң тоннага чейин көбөйүп, бул болсо өлкөнү өзгөртүүгө мүмкүндүк берген.

Рыноктук мамиле жылдарында республикада көп нерсе түп тамырынан бери өзгөрдү. Айыл чарбасы таптакыр башкача болуп калды. Өндүрүштүн кубаттуулугу жок болду. Өндүрүлгөн энергиянын көлөмү гана өзгөрүүсүз калды. Турдакун Усубалиевичтин жетекчилиги астында курулгандар:

– Токтогул ГЭСи, 1975-жыл, 1200 МВт;
– Күрпсай ГЭСи, 1981-жыл, 800 МВт;
– Таш-Көмүр ГЭСи, 1985-жыл, 450 МВт;
– Үч-Коргон ГЭСи, 1961-жыл, 180 МВт;
– Ат-Башы ГЭСи, 1970-жыл, 40 МВт;
– Бишкек ЖЭБ, 1961-жыл, 520 МВт;
– Ош ЖЭБ, 1966-жыл, 50 МВт.

Жүздөгөн километр электр тармактары тартылды, подстанциялар, бөлүштүрүүчү кубаттуулуктар курулду. Өндүрүштүн негизи түзүлдү. Ал бүт өлкө электр менен жылытылган, тамакты электр менен жасаган жана электр энергиясы менен жол жүргөн энергетикалык бейишти кыялданчу. Бирок Горбачев муну ишке ашырткан жок.

Турдакун Усубалиевич Горбачев менен ал Ставрополь крайын жетектеп турганда таанышкан. Бул Россиянын чоң жана жанга жагымдуу аймагы. Жери кара топурактуу, түшүмдүүлүгү боюнча ага тең жок.

Алар КПСС БКнын пленумдарында жана чоң Совет мамлекети дүркүрөтө өткөрүп турган башка иш-чараларда жолугушчу. Мамилелери жылуу, ачык-айрым болчу, кээде тамашалашып калышчу. Россиянын түшүмдүүлүгү аз жерлерин өнүктүрүүгө арналган кеңешмелердин биринде алар катар отуруп калышат.

Горбачев тамашалап: “Турдакун Усубалиевич, сиздин республика Ярослав облусунда “Кыргызстан” совхозун ийгиликтүү куруп жатат, сиздер жакында түшүмдүүлүк боюнча Ставрополь крайынан ашып кетесиздер го?” – дейт. Турдакун Усубалиевич да тамашалап тез жооп берип:

“Биздин республика силердин крайдан кичине болсо да, түшүмдүүлүк боюнча ашып кеткен” деген экен. Ошол мезгилде, чынында эле, республикада кызылчанын түшүмдүүлүгү гектарына 342 центнерди түзгөн, ал эми Ставрополь крайында 212 центнер, жашылчалар бизде гектарынан 203 центнер болсо, аларда 101 центнер болгон.

Республика сүт өндүрүү, койлордун саны жана башка көптөгөн көрсөткүчтөр
боюнча алдыда болгон. Өзүн теңдешсиз мыкты аграрий деп эсептеген, кекчил, өзүнө өзү маашырланган Горбачев ошондон кийин Турдакун Усубалиевич менен сүйлөшпөй калган экен.

1982-жылы Горбачев КПСС БКнын секретары болуп, өлкөнүн агрардык тармагын тейлеп калат. Ошондон баштап анын текебердиги ашынган мүнөзгө ээ боло баштаган. Ал эми кекчилдиги анын кызматтык милдеттерин аткаруусундагы шек жараткан элемент эле эмес, республиканын Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи секретары менен жолугушууга да жол бергис бөгөт болуп калган. Мамлекеттин кызыкчылыгына зыяндуу экенине карабастан ал Кыргызстанда кой чарбасын андан ары өнүктүрүү боюнча союздук токтомду кабыл алууга тоскоол кылган. Ал кант кызылчанын жана беденин үрөндөрүн өнөр жайлык өндүрүү боюнча программаны бүлүнткөн. Мунусу күчөгөндөн күчөйт. 1985-жылы Батыш колдогон Горбачев КПСС БКны жана СССРдин Жогорку Кеңешин жетектеп калат. СССРдеги абсолюттук бийликке келет.

Бийликке манчыркаган сайын анын жаман жактары: өзүнүкүнөн башкача ой-пикирди жаман кабыл алуусу, өзүнө өзү маашырлануусу жана реалдуулукту таптакыр көрбөй жаткандыгы баарына көрүнөө болуп ачыкка чыгат.

Ал мурда болгондордун баарын унутпайт жана колдо болгон  мүмкүнчүлүктөрү менен өч алууну күсөйт. Республикага улам-улам текшерүүлөр жиберилип, Усубалиевди жазалоого себеп табуу керек болот. Бир жылда 50дөн ашык текшерүү келген. Ал текшерүүлөр каалаган натыйжаны берген жок.

Анан ошондо республиканын жана Кыргызстан Компартиясынын Биринчи секретарынын 25 жыл ичиндеги иштерин текшерүү боюнча КПСС БКнын бригадасы түзүлөт. Кемчиликтер болгон экен, бирок Усубалиевди кызматтан кетиргидей одоно мыйзам бузууларды таба алышкан эмес. Негизинен дооматтар республиканын борборунда ак мрамор имараттарды куруудагы ашыкча чыгымдар жөнүндө болгон. Ошондо Турдакун Усубалиевич иштетпестигин түшүнүп, пенсияга чыгуу тууралуу арыз жазган. Арызды Горбачевго жеке өзү берген. Турдакун Усубалиевичтин эскерүүсү боюнча ал аны кабинетинде кабыл алып: “Пенсияга чыгууну чечтиңизби?” – деп сурайт. “Ооба”, – дедим мен.

– Мейли, анда мен сиздин өтүнүчүңүздү колдойм.

Анын бул эки жүздүү суроосу мени кайрадан таң калтырды…

Анан Горбачев ооз учунан минтип айтты:

– Сиздин иштеген мезгилиңизде республикада көптөгөн жакшы иштер жасалды. Биз уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн башчысы Г.Разумовскийге Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин уюштуруу Пленумунун ишине катышып, ушул иштер тууралуу КПСС БКнын Саясий бюросунун атынан айтууну тапшырабыз”.

Турдакун Усубалиевич Горбачевго канчалык ишенбесе да, ал кишинин арамза пастыгын мынчалык деп ойлогон эмес.

Республиканын жаңы жетекчилиги шайланган уюштуруу пленумунан кийин 1986-жылдын 15-январында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин кезектеги 23-пленуму өткөрүлгөн. Анда Турдакун Усубалиевичти моралдык жактан жок кылууга тапшырма берилген. КПСС БКнын кызматкерлери чыгып сүйлөөчүлөрдү өздөрү тандашып, аларга эмнелерди айтуу керектиги жөнүндө көрсөтмө беришкен, талаптар жөнөкөй, бирок, эффекттүү болчу:

– баяндамачы республикага белгилүү, фигурант менен тыгыз байланышта болгон адам болушу керек эле, ал өзүнүн адеп-ахлактык негиздерин аттап, айыптоочунун ролун аткарышы керек;

– калп канчалык күчтүү жана масштабдуу болсо, ал чындыкка ошончолук окшош болот. Болуп көрбөгөндөй жаман адам кылып көрсөтүүгө тапшырма берилген;

– актанууга сөз бербей, жанына жакын баруу коркунучтуу болгон саясий шүмшүктүн образын түзүү керек болчу.

Эгер сиз бул Пленумдун стенограммасын карасаңыз, анда чыгып сүйлөгөн 23 адамдын 21и балит тапшырманы толугу менен аткарганын көрөсүз. Горбачевдун бул соккусу өзүнүн айлакердиги жана жалаакорлугу жагынан кынтыксыздай көрүнөт. Ал жаткыра чабайын деген. Партиядан куулуп, иши жок, пенсиясы жок калган, жалаа жабылып чөгөрүлгөн Усубалиев анын максаты боюнча сынып, эч качан көтөрүлбөшү керек болчу.

Бирок, илимпоз Б.Исакееванын жазганына караганда Турдакун Усубалиевич “сынган жок, кубулмалар менен болгон бул теңдешсиз күрөштө өзүнүн намысын жана кадыр-баркын сактап калды”. Кийинчерээк Турдакун Усубалиевич ошол толгон-токой айыптоолордун таш-талканын чыгарып төгүндөп, жалган жалааларды документтер менен аргументтеп жокко чыгарган китебин жарыялады.

Нарында Т.Усубалиевдин эстелигинин ачылышында Президент Садыр Жапаров мындай деди:

“Турдакун Усубалиевич турмуштун көптөгөн сыноолорун башынан өткөрдү, тагдырдын көптөгөн катаал соккуларына туруштук берди. Ал бизге талыкпаган эмгеги менен гана эмес, жөнөкөйлүгү менен да элге кызмат кылуунун жогорку деңгээлин көрсөттү”.

Төрөлгөндө адамга ысым берилет. Ал өмүр бою ысымын мазмун менен толтурат. Мен үчүн Турдакун Усубалиевичтин ысымы жаратуучу жана ишмер адамды элес-тетет. Ал Кыргызстанда цивилизациянын жыпар жыттуу багын жаратып, тирүүлүктүн тозогунан эч токтобостон басып өттү.

Шамил АТАХАНОВ,
коомдук, мамлекеттик ишмер

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар