Укук талаасында адвокаттын орду өзгөчө. Төмөндө адвокат Шердор Абдыкапаров менен кеңири маегибизди окурмандарга сунуштайбыз.
– Шердор мырза, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
– Аты жөнүм Шердор Абдыкапаров, Нарын облусунан болом. Менин чоң атам, өз атам да милиция кызматкери болгондуктан мен да юридикалык билим алгам. Бала кездеги кыялым прокуратура кызматкери болуу эле. Ага да жеттим, кийин жактоочу болууну туура көргөм.
– Жактоочу катары сизде кайсы бир кылмышка шектелгендердин таламын талашпайм деген принцип барбы?
– Адвокаттык этика боюнча кандай гана адам болбосун биз анын укугун коргойбуз. Адамдын күнөөлүү же күнөөсүз экенин бир гана сот аныктайт. Ал эми мен жеке өзүм зордуктоо беренеси менен айыпталгандардын укугун эч качан коргобойм деген принцибим бар.
Бирок, айрым учурда кыздар атайын мени зордуктады деп жалган көрсөтмө беришет. Эгер, шектүүгө жалаа жабылып жатканына көзүм жетсе, андай ишти алам. Мисалы жакында эле практикамда бир окуя болгон. Бала менен кыз сүйүшүп жүрүп, жакын байланышта болушат. Арадан убакыт өткөн соң, кыз айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефон алып бер дейт. Баланын жашоо шарты анчалык деле жакшы эмес экен. Ортодо телефондун айынан уруш чыгып, экөө эки жолго түшүшөт. Кийин кыз баланын үстүнөн зордуктоо беренеси менен арыз жазат. Бала буга чейинки жазышуулардын көчүрмөсүн сактап алган экен. Кыз акыркы жолу ири суммадагы акча берсе арызын кайтарып ала турганын, тергөөчүлөр анын таанышы экенин айтып вотсаптан үн билдирүү жиберет. Бала аны сактап калууга жетишкен экен, ошол үн билдирүү, буга чейинки жазышуулардын көчүрмөсүнүн негизинде анын күнөөсүз экенин далилдегенбиз. Жалган көрсөтмө бергени үчүн кыздын үстүнөн бала арыз менен кайрылса болмок, бирок, ага теңелбейм деп койгон.
– Никеси сот тарабынан ажыратылбаса да алимент алса болот турбайбы. Ушул жөнүндө кеңири айтып берсеңиз?
– Коомдо “алимент” десе эле экөө эки жолго түшүп кеткен соң, алимент сот тарабынан өндүрүлөт деген түшүнүк бар. Бирок, мыйзамда экөө чогуу жашап жатып деле алимент алса болот. Менин практикамда мындай учур болгон, күйөөсү тапкан акчасын үй-бүлөсүнө эмес, башка жактарга жумшап, айтор ортодо пикир келишпестик пайда болот. Аялы мага ушул кырдаалда кандай кылыш керек деп кеңеш сурап келген. Мен мыйзамда нике күбөлүгү сот тарабынан ажыратылбаса деле алимент алса боло турганын түшүндүрүп бергем. Учурда чогуу жашашат, ошол эле учурда күйөөсү балдарына алимент төлөйт.
– Кыргызда ажырашкан учурда балдар энеси менен калып, алиментти эркектер төлөйт да. Айрым учурларда балдар атасында калып, энеси балдарын карабай кеткен жагдайлар да болот. Эркек киши аялынан алимент өндүрсө болобу?
– Баланы багууга ата-эне бирдей милдеттүү. Айрым учурда балдарын таштап кетип калган энелер да кездешет. Аялы балдарынын атасынан алимент өндүрүүгө кандай укуктуу болсо, атасы да аялынан алимент алса болот.
Мага бир киши келип аялы таштап кетип калганын, бир уулу менен жалгыз калганын айтып, алиментке документ тапшырууга көмөктөшүүнү суранды. Бардык керектүү документтерди даярдаганыбызда досторунун кеп-сөзүнө намыстанып, кайра баш тартып койгон. Негизи аялдар балдары үчүн алимент төлөгөн учурлар жок эмес.
– Атасы баласынан алимент өндүрсө болот дейт. Ушуну түшүндүрүп берсеңиз?
– Атасы балдарына алимент төлөп жүргөн болсо, убакыт өтүп, атасы жумушка жарамсыз болуп калганда баласын алиментке берсе болот. Мындай учурда сот баланы атасына алимент төлөөгө милдеттендирет.
– Ажырашкан учурда аялдын боюнда бар болсо же жаңы төрөгөн болсо, кошумча компенсация алса болобу?
– Эң жакшы суроо бердиңиз, ушуну көбү биле бербейт. Мисалы, аял 3 жашка чыга элек баласы менен ажырашса, баласына өзүнчө алимент, ошол 3 жашка чыга элек баланы багып жатканы үчүн өзүнчө алимент алса болот. Анткени, аял бала 3 жашка чыкканга чейин эч жерде иштебей бала багып отуруп калат. Мыйзамда ушул нерсе так көрсөтүлгөн.
– Жубайлар Жарандык абалдын актыларын каттоодон (ЗАГС) өтпөсө, кийин ажырашып кетишсе, аялы мүлк талашууга канчалык укуктуу?
– Мыйзам боюнча нике катталуусу бар аял менен эркек бирге жашап жаткан учурда тапкан нерсенин баары бирге табылган киреше деп эсептелет. Ал эми кокус ажырашып кете турган болсо, ошол мүлктү сот тең экиге бөлүп берет.
Ал эми ислам жолу менен гана нике кыйдырып жашаган учурда деле сот аркылуу талашып көрсө болот. Анткен менен азыр жарандык никеде жашап жаткандар мүлкүн башка бирөөгө каттатып койгон учурлар көп катталууда.
– Чет өлкөлөрдө нике келишими деген бар. Эгер, жубайлар ажырашып кетишсе, мүлк кандай бөлүнө турганы так жазылган. Бул биздин үй-бүлө кодексинин 9-бөлүмүндө “Нике келишими” деп кеңири бир нече беренелер менен түшүндүрүлгөн. Практикада кыргыз коомунда нике келишимин түзгөндөр болобу?
– Туура айтасыз, “Нике келишими” деген мыйзамда бар. Бирок, ачыгын айтканда өзүмдүн практикамдан да, башка адвокаттардан деле бул жөнүндө уккан эмесмин. Нике келишимин түзүү кыргыз коомуна жат көрүнүш окшойт.
– Башка мамлекеттерде үй-бүлөлүк юрист, дарыгер деп атайын жалдап алышат эмеспи, бизде да ушинтип юрист жалдагандар барбы?
– Ачыгын айтканда башка кыйынчылык түшпөсө юрист менен ишибиз болбойт. Кесиптештеримден да, өзүмдүн практикамдан да атайын жалданган адвокат тууралуу көрө элекмин.
Бирок, консультацияга жазылгандар кийин дагы ушундай маселелер болсо байланышып турсам болобу деп калышат.
– Мыйзамда эки аялдуулукка жол берилбейт. Бирок, кыргыз коомунда 2-3-аял алгандар жок эмес, сиздин практикаңызда ушундайлар жазаланган учурлар болгонбу?
– Туура айтасыз, Жазык кодексинин 176-беренсинде көп аялдуулук боюнча жазылган. Мыйзам боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо журналына (ЗАГС) жазылган соң мыйзамдуу үй-бүлө деп айтылат. Ал эми диний жол менен кыйылган нике башка.
Демек, бул мыйзамда бир адам 2-3 жолу ЗАГСта каттала албай турганы көрсөтүлгөн. Ал эми шарият жолу менен нике кыйып жашагандар жөнүндө сөз жок. Аны эч ким далилдей албайт, 2-3-аял болуп тийгендер кийин мүлк талашуу укугуна дагы ээ эмес.
– Адвокаттар ар бир иш үчүн атайын коюлган баа менен акча алышат. Ошол баадан төмөн акчага иштеген учурлар дагы болобу?
– Айрым учурларда өзүбүздүн жакын инсандарыбыздын, туугандарыбыздын башына иш түшүп калат. Андай учурда аз эле акчага иштеп беребиз. Ал эми бейтааныш адамдардын деле чындап башына оор иш түшүп, бирок, акчасы аз экени көрүнүп турса, арзаныраак суммага иштеп берген учурлар болот. 7 жылдан бери адвокат болуп иштеп жүрүп, жарандардын психологиясын да билип калдым. Чынында акчасы аз адамды сүйлөшүп отуруп эле байкаса болот.
Кандай гана ишти албайын мен дароо келишим түзүп, акчаны алдын ала алам. Анткени, эртеден кечке чуркап, ар ким менен кайым айтышып жүрүп моралдык жактан чарчайсың. Ал ишке атайын убакыт бөлүп даярданасың, анан процесс ортосуна келгенде эки тарап жарашып алган учурлар болот. Иш аягына чыгабы же жокпу биз акчаны алдын ала алабыз.
– Азыркы учурда телефон шылуундарына акчасын алдаткандар көбөйдү. Мындай шылуундук кылгандарды кармоо канчалык реалдуу?
– Чынында банктык картасынан акчасын алдыргандар, же телефон аркылуу чалган адамга алданып кайсы бир эсептерге акча которгондор көп болууда. Тилекке каршы, мындай акчалардын дайыны чыкпайт. Шылуундар көбүнчө VPN программасын колдонушат. Бул программа интернетке кирген адамдын IP дарегин башка жактардан көрсөтүп коет. Укук коргоо органдары үчүн да кыйын. Анткени, арыз көп түшөт, бирок, кылмыштын бетин ачуу реалдуу чындыктан алыс.
– Жол кырсыктары көп катталууда. Кырсык болгон учурда эки тараптын өз ара келишип алышына кандай карайсыз?
– Учурда унаа айдагандар көбөйдү. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей эч ким андан сактана албайт. Эгерде, кимдир бирөө сиздин унааңызды сүзүп ала турган болсо, кыргызча келишим түзүүдөн карманыңыз. Жакшысы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерин чакырыңыз. Алар баарын мыйзамдаштырып, протокол түзүп беришет. Ошондо күнөөлүү тарап жоопкерчиликтен кача албайт. Эгерде, сизге айдоочулук күбөлүгүн же паспортун күрөөгө таштап кетсе, ал эртеси эле барып документтерди жоготтум деп арыз жазып, кайра калыбына келтирип алышы мүмкүн.
– Кайсы бир кишинин укугун коргогонуңуз үчүн өкүнгөн учуруңуз болгонбу?
– Бир жолу мага кардарлар кайрылып калышты. Жашы жете элек кызды өгөй атасы зордуктаган экен. Милицияга арыз менен кайрылышыптыр, бирок, иш ордунан жылбай жатыптыр. Мен бул ишти алып, иштей баштадым. Маалымат каражаттарына, интернетке чыгардым. Ошол учурда тергөөчүлөр да жакшы иштей баштады. Шектүү мына-мына камалат деген учурда жабырлануучу кыздын жакындары шектүүдөн ири суммадагы акча алышыптыр. Бир күнү мага тергөөчү телефон чалып, менин үстүмдөн арыз түшкөнүн кабарлады. РИИБге барсам, буга чейин мен укугун коргоп жаткан адамдар “Биз бул ишти өз ара бүтүрүп алат болчубуз. Адвокат бизге айтпай туруп интернетке чыгарып, биздин аброюубузду түшүрдү”, – деп арыз жазыптыр.
Мен окуянын чоо-жайын айтып бердим. Аягына чейин барабыз деп туруп, чоң акчага азгырылып кеткендерди көргөндө өкүнгөн учурлар болот.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”