Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Жаратман акындан «Адабий ат — адабият»

  Акын жана адабиятчы Эсентур Кылычевдин “Адабий ат — адабият” китеби жарык көрдү.
Эсентур Кылычевдин ысымы кыргыз поэзиясындагы жаңычыл ийгиликтерди жараткан таланттуу акындардын катарында турган жаратман акын катары жалпы окурмандарга жакшы белгилүү. Ал өз ырларында кыргыз поэзия сүйүүчүлөрүнө  жаркын маанайды, жаңы кайрыктарды, окурмандын эсинен чыкпай калган  поэтикалык  саптарды тартуулаганы менен айырмаланат.

Ал эми «Адабий ат — Адабият» аттуу жаңы китеби тууралуу сөз кылсак, анда ал адабияттын, адабий чыгармачылыктын тегерегиндеги көптөгөн маселелердин тегерегинде сөз козгойт, ой жүгүртөт, талкууга алат, эскерет. Эсентур Кылычев чейрек кылымдан ашуун өлкөбүздүн маданиятынын күзгүсүнө айланган «Ала-Тоо»  журналында эмгектенген. Анын өзү жаратман акынга өлкөбүздүн маданиятынын, адабиятынын, илиминин алдыңкы, мыкты өкүлдөрү менен чыгармачыл бекем байланышта болуусуна өзгөчө жакшы  шарт түзүп берген.

Китептин аннотациясында белгиленгендей, «Адабий ат — Адабият» деп символикалык аталышынын  эки чечмелениши бар. “Биринчиси, Адабий атың (ысмың) болгондо гана  Адабиятка кире аласың. Адабияттын да эзотерикалык  жактары көп. Ал да өз аймагына (территориясына) каалагандардын баарын тең эле киргизе бербейт, өзү сүйүп, өзү жактыргандарды гана киргизет, өз сыноосунан өтүп, өзү ишеним арткандарды  гана киргизип, жол ачып берет. Экинчиси, Адабиятка кириш үчүн Адабий атың (талантың, билимиң, сөз байлыгың ж.д. көп сапаттарың) күчтүү болуш керек”.

Э.Кылычев китепке ХХ к. 75-жылдары жазылып, мурдагы Ленинград университетинде «эң жакшы» жакталган «Творчество Чингиза Айтматова в современной критике» аттуу дипломдук ишин студенттик жылдардын тарыхый «Тиркемеси» катары киргизген экен. Аны окуп жатып университеттин бүтүрүүчүсү эмес, такшалган адабиятчы жазгандай таасир аласың.

“Адабий ат — адабият” автордун өзүнүн жана анын чыгармачылыгына арналган макалалардан, маектерден, эсселерден, библиографиядан, тиркемеден турат. Бул жагынан алганда, башкаларга үлгү болчудай жана ар бир өзүн сыйлаган адабиятка тиешеси бар адамдын үстөл китебине айланчу китеп болгондой.

Ашыра мактагандык эмес, акын жана адабиятчы Эсентур Кылычевдин адабий билими, адабий тажрыйбасы беш илимдин докторунукуна барабар. Бирок, алигиче илимий даражасы жок, элге окшоп Эл акынын деле алган эмес. Сыягы бул анын өзүнө сын көз менен караганынан улам болсо керек. Анткен менен, аны акын катары, адабиятчы катары замандаштары жогору баалашат.

Акбар РЫСКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:

Эсентур Кылычев деген ысым адабиятты, поэзияны кадырлай билгендерге кеңири белгилүү. Ал интеллектуал адам. Китепти өтө көп окуйт. Үйдөгү китепканалар боюнча жарыш болсо, Эсентур алдыңкы орундардын бирин ээлемек. Ушунча көп окуп, көп нерсени билип алгандан кийин өтө аяр болуп калат окшойт, жазганга жараша татыктуу жазсам деп.

Адамдык сапатына токтоло турган болсом, абдан калыс жигит. Көп нерсеге ашыкча эле жутуна бербейт. Мына бизде доор, заман алмашып менчиктештирүүлөр болду. Дагы башка көптөгөн жагдайлар болду. Ошонун баарында нысаптуу болуп, башкаларга окшоп андай нерселерге көп аралашкан жок. Жалаң эле ушул чыгармачылыгы менен келе жатат.

Жамгырбек БӨКӨШОВ, философия илимдеринин доктору, профессор,
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер:

Эсентур Кылычев кыргыз адабиятынын жаңы тарыхындагы өзгөчө бийик
орунду ээлеген калемгер. Жаш кезинен эле  кыргыз поэзиясына өзүнүн өзгөчө жолу, өзгөчө үнү менен келип кирген акын. Бат эле элге алынып, аты чыгып, айрым тексттерине обон чыгып, жаш калемгерлер  үлгү туткан акындардын бирине айланды. Себеби, Эсентур Кылычев дүйнөлүк поэзияны жакшы окуган. Ошол дүйнөлүк адабияттан бир жакшы салттарды, бир жакшы жаңылыктарды кыргыз поэзиясына алып келүүгө умтулган жаш акындардын бири болчу. Алгачкы жыйнактары да адабий сында, окурмандардын арасында жакшы пикир жаратып, макталып сөз болуп жүрдү.  А экинчи бир жагы албетте бул котормочулугу. Ал дүйнөлүк адабияттын не бир классиктерин, кийин чыккан мыкты акын-жазуучуларын кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына тааныштырды. Бул дагы чоң эмгек, чоң мээнет. Аны жөн эле которуп койбой, ошону жакшы түшүнүп, ажарын ачып, кыргыз тилинин, кыргыз көркөм оюнун  шарттарына, эрежелерине, өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап, окурмандарына тартуулады. Эсентур эң чоң китепкөй. Дүйнөлүк адабиятты мыкты билген инсандардын бири. Ар бирин жакшы түшүнүп окуп, өз алдынча баа берип, ой-пикир айта ала турган бирден бир адис.

Адамдык сапатына келе турган болсом, экөөбүз студент кезден бери таанышпыз. Абдан жөнөкөй, маданияттуу жигит. Дос, тууган, кесиптешке ар дайым мамилеси ысык, элпек, жапакеч, анан өзгөчө түз жүргөн, таза жүргөн, ашыкча сөзү, ашыкча жорук-жосуну жок, абдан маданияттуу инсан. Ал ошол адабиятка күйгөн, искусство дегенде эт-бетинен кеткен, философияга, же дагы башка улуу дөөлөттөргө кызыгып, анан кийин ушул багыттагы эмгек кылган, иштеген кишилер менен пикирлешип, ошолор менен мамилелешкенди жакшы көргөн, сүйлөшкөндү, аңгемелешкенди, талкуулаганды жакшы көргөн инсан.

Анан, экинчиден бирөөгө жакшылык кылганды абдан самап турат. Кеп-кеңешин берип, сунуштарын айтып, муну мындай кылсаң, тигини тигиндей кылсаң деп чын жүрөгүнөн төгүлүп турган, пейили кенен, колу ачык инсан.

Лайли ҮКҮБАЕВА, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер: 

Эсентур Кылычев билинбеген, байкалбаган, тынч жүргөн, өзүн-өзү реклама жасабаган, бирок абдан терең билими бар, абдан терең маданияты бар, ички маданияты дагы, дүйнө таанымы дагы кең, дүйнөлүк адабиятты абдан мыкты билген адам. Түрк элинин Орхан Памук деген жазуучусу Нобель сыйлыгын албадыбы. Ошол сыйлык ала электен бир-эки жыл мурун эле Эсентур бизге айткан: «Кийинки жылдын Нобель сыйлыгын ушул Орхан Памук алат болуш керек» деп. Айтканындай эле  болду. Көрсө ал элден биринчи эле Орхан Памуктун чыгармаларын талдап окуп, жакындан таанышып алган экен. Бул анын дүйнөлүк адабиятты жөн гана окуп койбостон талдап окуп, деңгээлин билип, бурушун, дурусун ылгай билген, аналитикалык билими бар, маданияты бар адам экенин билдирет.

Эсентур адабиятка 70-жылдары келген. Келгенде эле эң алгач «Үндөр» деген ыр жыйнагын жарыялаган. Ошол кезде Эсентур менен чогуу адабиятка Сагын Акматбекова, Роза Карагулова, Табылды Муканов, Шербет Келдибекова, Роза Мукашева деген өңдүү жана башка мыкты акындардын чоң тобу келген. Булардын адабиятка алып келген жаңычылдыгы ошол учурдагы мурдагы салттуу ырдык формаларды мазмундук жактан кандайдыр бир деңгээлде байытып өзүнчөлүккө умтулушкан. Анткени булар орус адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармалары менен жакындан таанышып, аларды өздөрүнүн бойлоруна сиңирип, анан адабиятка жаңы агым алып келген акындардын муунуна кирет. Азыр мен жаңы адабиятка келген Эсентурдун ырларын окуп олтуруп мындай бир ойго келдим. Анын ошол ырларында Эсентур абдан эмоционалдуу, ассоциативдик образдарга абдан бай, көркөмдүк салыштыруулары да өзгөчө болгон, башкача бир күү менен баштаган экен. Ал эми экинчи «Жашыл шоолалар» деген ыр жыйнагына баш сөз жазган Салижан Жигитов: «Жашыл шоолаларды»  окуганда Эсентурдун кадимкидей дасыгуу жолунда экендигин байкадым. Анын үстүнө Эсентур кыргыз поэзиясынын көрөңгөлүү салттары бүлүнүп, бирок жаңы негиздеги салттары алгылыктуу курала албай жаткан мезгилде адабият майданына келбедиби”, – дейт. Башкача айтканда, мурунку традициялар бүлүнүп, бирок жаңы традиция толук орун-очок ала элек кезде келген катарында баалайт да. Чынында бул пикир абдан туура. Буга толук кошулсак болот.  Анан Эсентурдун ырларын карай турган болсок, ал айтып жатат:

Көпкөк көлдөн терең,
Талаалардан деңиздей
мелмилдеген,
Жерлерден мен көрбөгөн,
мен билбеген,
Сулуулардын көздөрүнөн,
Алтын күздөн,
Дайралардан таш агызып
күргүштөгөн,
Карылардын насыят сөздөрүнөн…

Шамдардай бой керишкен
айыңдардан,
Балпайта жаап салган
калың кардан,
Кыздардын күлкүсүнөн,
Алтындай адамдардан
айылдагы…
…таап алдым ырларды ушул…

Мына акын өзү айтып жатат ырларды кайдан алгандыгын. Табияттан, эстетикадан, сулуулуктан, акылман сөздөрдөн таап алдым деп айтып жатат. Жакшылап караган адамга бул ырдын биринчи сабы менен акыркы сабында ассоциативдик байланыш бар.

Анын ырларында көп кырдуу темалар козголгон. Ошол эле табият, сүйүү, ата-мекен ж.б.  Сүйүү ырларынан мисал ала турган болсок, «Булуттар деңиздеги кемелердей» деген ырында «Мен махабатымды жоготуп издеп таппай жүрөм, Мени эле издеп таап ал дебей, Сен дагы аракет кыл» деп көрүнбөгөн бир сулууга  кайрылат. «Сен да изде, жүрөктө  ишенич толтурбай, мен алсыз табалбайм, табалбайм» дейт.  Мындай караганда булар деле жаңы мотив катары кетет. «Сүйөм, күйөм» деген нерсе жок, баягы  мурунку традициядан алынган. А мындай болгондо сүйүү дагы эмгек менен жарала тургандыгын, эки адамдын тең умтулуусу боло тургандыгын, ушундай эле жөнөкөй ырлар менен берип койгон да. Анан кийинки чыгармаларында Айтматовдун каармандары жөнүндө мыкты ырларды жазган. Булар  бүгүнкү күнгө чейин абдан окумдуу  ырлар болуп айтылат. Мисал үчүн, Айтматовду окуп жатып ошого таасирленип жазган «Баланын түшү», «Дүрбү жана Ак-Кеме жөнүндө», «Сейиттин күндөлүгүнөн» деген ырлары жакшы чыккан.  Андан кийин «Шаар сүрөтүнө эскиздер», «Кара булут, ак булут жана Шамал жөнүндө кичинекей жомок» деген ырларынын аты айтып тургандай эле жомоктук башталыштарга да кайрылган. Башкача айтканда, жомокту кайра жандандырган. Акын катарында аларды жаңыдан  трансформациялап, жаңы ой берген.

Эсентур аз жазган, бирок саз жазган акын-жазуучуларыбыздын бири. Анын ырлары терең ойлонулуп, сөзгө аябай кылдат мамиле жасалып, чулу ойлорду чагылдырат. Анан ошол ойлорун көркөм эстетикалык жактан жогорку деңгээлде иштелишине абдан маани берип, өз чыгармачылыгына абдан жоопкерчилик менен караган, сарамжал акындарыбыздан.

Кийинки кездерде көп жазбай калды. Өтө аз жазат. Ичинде абдан бышып, жетилип анан жазбай коюуга мүмкүн болбой калган учурда гана жазган акын. Анан бул котормолорду көп жасады. Бүгүнкү күндө илимге да аралашып, диссертациясын да иштеп жатат. Абдан чоң проблеманы алып иштеп жатат. «Адабий таасир жана чыгармачылык индивидуалдуулук» деген тема чынында өзү айткандай өтө татаал. Бул кыргыз адабият таануу илиминде гана эмес, дүйнөлүк адабият таануу илиминде да өтө чоң нерсе.

Не дейбиз, «Адабий ат — Адабият»  бет алган сапарында чарчап-чаалыкпасын, бараткан жолунда жаза басып мүдүрүлбөсүн, өз басыгынан жазбасын, бара турган жерине аман-эсен жетип алсын.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар