Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Абды Суеркулов айыл аймагынын башчысы Өскөн ЖАМАНКУЛОВ: “Максатыбыз – элет элинин жашоосун жакшыртуу”

Токтогул районундагы Абды Суеркулов айыл өкмөтү 1997-жылы түзүлгөн. Административдик- аймактык реформанын негизинде А.Суеркулов жана Бел-Алды айыл аймактары биригип, аталган айыл аймак Торкен, Кара-Жыгач, Көтөрмө, Бел-Алды, Коргон, Сары-Сөгөт айылдарынан турат. Айыл аймак райондун борборунан 19 км, облустун борборунан 270 км алыстыкта жайгашып, Бишкек – Ош жолу аралап өтөт.
Жергиликтүү эл айыл чарбачылыгы менен алектенишет. Калкынын саны – 14172 адам.

Ишти илгерилеткен инвестиция

2024-жылдын тогуз айына карата жалпы инвестициянын көлөмү –  88230,5 млн. сомду түздү, анын ичинен өнөр жайга – 3,500 млн. сом, айыл чарба тармагына – 13923,8 млн. сом, соода жана акылуу кызмат көрсөтүүдө – 2,500 млн. сом, социалдык тармактарга – 49691,1 млн. сом жана башка тартылган инвестициялардын көлөмү – 18615,5 млн. сомду түздү.

2024-жылы «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө 10 млн. сом акча каражаты каралды. Учурда Торкен айылында  275 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат. (Каржы булагы республикалык бюджет). Ошондой эле Торкен айылында жеке ишкерлер тарабынан бетон-мамычаларды, блокторду чыгарган цех жана тоок ферма ачылды. Келечек үчүн билим берүү долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан 4056808 млн. сомго Сары-Сөгөт, Кара-Жыгач айылдарында 3 сааттык балдар бакчалары ачылды.

Айыл аймагында пескоблок чыгарган –2, дан азыктарын чыгарган (Тегирмен) – 10, бетон-мамыча чыгарган – 1 ишкана жана 2 балык чарбасы иш алып барат. Жеке ишкерлер тарабынан түзүлгөн ишканаларда жалпысынан 45 жумуш орундары түзүлгөн.

Атайын эсептин колдоосу

«Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемеси тарабынан Сары-Сөгөт айылындагы Жаңы-Арык каналын калыбына келтирүү, оңдоо иштеринин 2-этабын аягына чыгарууга – 9 млн. сом берилип, иш 100 пайызга аткарылды.

Көтөрмө айылындагы курула турган “Кемпир-өлдү” каналына жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик акт, жерди трансформациялоо контурларын тактоо иштери боюнча айыл өкмөткө 313,8 миң сом которулуп берилип, аталган жумуштар толугу менен аткарылып, долбоор мамлекеттик экспертизага жиберилди.

Көтөрмө айылындагы сугат суу менен камсыз кылуу үчүн “Кемпир-өлдү” каналынын долбоордук-сметалык иш кагаздарын (ПСД) топографиялык иштери, геологиялык-инженердик иштери, гидрологиялык изилдөө, архитектура жана экология, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө тендердик табыштаманын негизинде “Geoconsult LTD” ЖЧКсы менен 1 млн. 615,0 миң сомго келишим түзүлүп, алдын ала 323,0 миң сом же болбосо 20 пайыз каражат которулуп берилген. Токтогул райондук «Атайын Эсеп» фонду тарабынан Бос-Тектир, Кичи-Арык каналы каржыланып, казылып тазаланды жана Торкен айылындагы сугат суу насосунун трансформатору алмаштырылды. Торкен айылындагы маданият үйү  “Умай курулуш” ЖЧКсы, жергиликтүү бюджет жана “Атайын Эсеп” фонду тарабынан каржыланып, курулуп, пайдаланууга берилди. Т.Ашыралиев мектебинин бардык терезе каалгалары жаңыланды.

Айыл чарбасынын көрсөткүчү

Айыл чарбасында дан эгиндери, картошка жана жашылча-жемиш өндүрүлөт. Айыл чарба өсүмдүктөрүн дыйкан чарбалар менен жеке чарбалар жүргүзүшөт. Айдоо жерлеринин жеке менчикке өтүшү менен дыйкандар толук кандуу пайда алуу үчүн, тоют базасын камдоодо жана дан эгиндерин эгүүдө суроо-талапка жараша  жүгөрү, картошка, жашылча, бакча өсүмдүктөрүнө басым жасашууда. Ал эми буурчак, кант кызылчасы, буудай эгилбей келүүдө. Өткөн жылда Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кылкандуу дан эгиндеринин айдоо аянтын көбөйтүү максатында 2 жылдык мөөнөт менен дыйкандарга 15850 кг буудай, 33 тн. арпа жана 500 кг беде үрөндөрү “Айыл Банк” аркылуу насыяга берилген.

Айыл эли мал чарбасына көңүл бура баштады, анткени малды багуу ыңгайлуу жана көбөйтүүгө шарттар бар. Жергиликтүү тургундар өзгөчө уй, жылкы, кой-эчки багууга басым жасашат. Келечекте кой эттерин экспортко чыгаруу багытында иштер жүрүүдө. Ири мүйүздүү малга болгон суроо-талапка жараша аны көбөйтүү жолго коюлуу-да. Ошондой эле тоют топтоого анчалык күч жумшалбай, багууга жеңил болгондуктан жылкынын саны жылдан-жылга өсүүдө. Жалпы ири мүйүздүү малдын саны – 7785 баш, кой-эчки – 18005, жылкы – 3004, канаттуулар  – 12436.

Ирригацияны жакшыртуу

А.Суеркулов айыл аймагындагы 8 каналдын узундугу 57,5 км түзүп, 1624 сугат айдоо аянтын суу менен камсыздайт. Чоң-Арык каналынын узундугу – 15,2 км. Анын 5,7 км Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында, айыл өкмөткө 9,5 км карайт, жалпысынан 662 га жерди сугат суу менен камсыздайт. Чоң-Арык каналы механикалык жана коомчулуктун кол күчү менен тазаланды. Чоң-Арык каналы айыл өкмөткө караштуу 566 га жер аянтын сугат суу менен камсыздайт.

Кичи-Арык каналынын узундугу 7,2 км. анын 4,5 км Токтогул районунун Атайын фондунун каржылоосу менен механикалык тазалоодон өткөрүлгөн. Ал эми Кичи-Арыктын кол күчү менен казууга мүмкүн болбогон  «Көкүрөк» аймагынын тушунан өйдө карай 3 км  «МЖА» Лтд» ЖЧКсына тиешелүү Хундай V-60-POVEX экскаватору аркылуу тазаланды. Уй-Сарай участкасынан нары каналдын жээгине экскаватор жүрүүгө мүмкүн болбогондуктан 1 км жол салынып, арык жээгине чыккан кум, топурак тазаланды. Калган 1,7 км коомчулуктун кол күчү менен чабылды. Андан 243 га айдоо аянты сугат суу менен камсыздалат.

Мындан тышкары айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздаган Бука-Арык, Ак-Арык, Бос-Тектир, Чыркыратма, Кош-Тектир, Кара-Жыгач каналдары тазаланып, каналдардын жээктеринде өскөн бак-дарактар кыйылып, отуну жок жарандарга ташылып берилди. Былтыркы жылы Торкен айылынын «Арал» аймагындагы союз кезинде казылган каналда суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн экскаватор менен 400 м казылып, саз суулары чыгарылып, мектеп жана турак үйлөрдүн коопсуздугу сакталды.

Жер мунапысын ишке ашыруу

Өткөн жылы А.Суеркулов айыл аймагы боюнча жарандарды турак жай салуучу жер тилкеси менен камсыз кылуу үчүн Торкен айылынын аэропорт участогунан 51,52 га жер тилкеси, Кара-Жыгач айылынан 31,32 га жер тилкеси, Көтөрмө айылынан 15-16га,  жалпысынан 98 га жер тилкеси айыл өкмөт тарабынан трансформацияланды. Айыл аймактар боюнча таштанды төгүүчү жай жок болгондугуна байланыштуу Торкен айылынан 1,6 га, Көтөрмө айылынан 4,8 га жер тилкеси тиричилик таштанды төгүүчү жай катары трансформацияланды.

Өткөн жылда айыл аймакта өнөр жай жана транспорт байланыш жайлары үчүн атайын жер тилкелери жок болгондугуна байланышту Торкен айылынын Кара-Булак жана Арал участокторунан биригип жалпы 14,4га жер тилкеси трансформацияланды.  Жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы менен А.Суеркулов айыл аймагы боюнча жайыт жерлерине, айылдын чекелерине, кыштоолорго ж.б. жерлерге жер мунапысы жөнүндөгү жобо чыкканга чейин өзү билемдик менен үй, сарай, ар кандай курулуш жана фундаменттерди куруп алган 220 факт аныкталып, курулуштун ээлеринен жер мунапысына ылайык мыйзамдаштыруу үчүн арыздары алынган. Бүгүнкү күндө 220 жарандын куруп алган курулмаларынын ордуларын трансформациялоо күтүлүүдө, мындан сырткары системныйдан өткөн 192 га жерден 1046 жарандан арыз алынып, трансформация үчүн иш кагаздары даярдалды.

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар