Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Бишкектин четиндеги 300 га жерди мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы аныкталды

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүштөрүн жана мүлктүк комплексти мыйзамсыз ажыратуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Айыл чарба жерлери, өндүрүштүк жана социалдык объектилер кирген «Ала-Тоо» винсовхозунун мүлкүн менчиктештирүүнүн алкагында айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен Ю.Б. К.нын менчигине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө Бишкек шаарынын четиндеги 300 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Аныкталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ю.Ч.К. жана Ю.Б. К. үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү кармалып, камакка алынды. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ээликтен ажыратуу жана ээлеп алуу фактыларына тиешеси бар башка адамдар аныкталат.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар