Кыргызстанда 30-ноябрь айрым мамлекеттик органдар үчүн иш күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу «Токтом» порталында маалымдалды.
Ага ылайык, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында министрлер кабинетинин буйругу менен Салык кызматы, Бажы кызматы жана Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыгы кызматкерлери үчүн 30-ноябрь Эмгек кодексинде каралган компенсациялар менен иш күнү болуп белгиленген.
Ошондой эле Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга 2024-жылдын 30-ноябрын иш күнү деп жарыялоо сунушталды.