Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек СУЛАЙМАНОВ: “Эмгек Кодексине өзгөртүү киргизүү биздин эркибизден көз каранды”

– Кундузбек Кошалиевич, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгениңизден бери кандай мыйзам долбоорлорун демилгеледиңиз?

– Онго жакын мыйзам долбоорлорун демилгеледим, анын бири бүгүнкү эле отурумда каралган жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоору. Социалдык объектилерди курууда жерге карата мораторийден улам курулуштарды курууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Бала бакча, мектеп, спорт аянтчаларын жадагалса менчик жерлерге да курууга уруксат берилбей жатат. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү, эми экинчи, үчүнчү окууда жактырылса, бул багытта иш алып барууда бир топ жеңилдиктер болот.

Бизде уюшулган жер мафиясы бар, алар 1 гектардан 300 гектарга чейин жерлерди ээлеп алышкан. Мындай жагдайга буга чейинки мамлекет жетекчилеринин бул маселеге көңүл бурбагандыгынан, балким өзүлөрү дагы табакташ экендигинин натыйжасында кабылып отурабыз. Єлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун бул багытта иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, бут тоскондор да жок эмес. Кечээ эле Камчыбек Ташиевге карата коркутуу болгонуна коомчулук өзү күбө болду. Бирок мындай коркутуулар Камчыбек Ташиевди артка чегинтпестен, ого бетер чыңалтат деп ойлойм.

– Буга чейин мамлекеттик кызматтарда пенсия курагындагылардын иштеп жатканы тууралуу маселени көтөрдүңүз эле. Ушул мыйзам долбоорунун күнгөй-тескейи тууралуу айтып берсеңиз?

– Мен демилгелеген мыйзам долбоору пенсияга чыккан адамдардын кереги жок дегенди түшүндүрбөйт, биз тажрыйбасы бар улуу муундарга муктажбыз. 30 жылдын аралыгында билим берүүнүн деңгээли төмөндөп кеткенин баарыбыз байкадык. Мындай көрүнүштөрдөн улам акчалуу адамдар балдарын чет өлкөлөрдөн окутуп жатышат. Эгерде бизде билим берүүнүн сапаты жогору болгондо, жарандар ошончо акчасын коротуп балдарын чет өлкөлөрдөн окутушмак эмес. Мен көтөргөн маселе сен пенсия курагына келдиң, ишиңден кет дегенди билдирбейт, эгер пенсия курагындагылардын тажрыйбасына муктаждык бар болсо, аны контракттык негизде алып калып иштетсе болот. Ошол эле учурда пенсия курагына чыккандардын арасында өзү толук кандуу иштей албаса да, артында өсүп келе жаткан жаштарга орун бербегендери бар. Эл өкүлү катары шайлоочулар менен жолугушуп турабыз. Айрым мекемелерде “пенсия курагындагыларды кетире албай жатабыз” деп бизге кайрылган учурлар да жок эмес. Мисалы, медицина тармагында 65-70 жашка чыккандардын эмгектенип жатканы кооптуу. Анткени бул тармак адам өмүрү менен байланыштуу болгондуктан ошол жашы улгайган медайым укол жасоо үчүн адамдын венасын таба алабы деген суроо да жаралбай койбойт. Адамдын организми жашы жогорулаган сайын көзүнүн көрүүсүнөн тартып, эс тутуму, кыймыл-аракети ж.б. начарлап баштайт. Деги эле бардык тармактарда 65 жаштан жогору жаш курагындагылардын иштеп жатканы ойлондура турган олуттуу маселе. Албетте, алардын тажрыйбасына муктажбыз, бирок өсүп-өнүгөбүз десек, өсүп келе жаткан жаш муундарга жол берүү зарылдыгын унутпашыбыз керек. Мамлекеттик мекемелерде пенсия курагындагылар иштеп жаткандыгынан кайсы бир деңгээлде жаштар үчүн жумуш орундары тартыш, ошондуктан экиден диплому бар, бир нече тил билген жаштарыбыз чет өлкөлөрдө миграцияда жүрүшөт. Бул жагын да эске алышыбыз керек. Келечек жаштардыкы дейбиз, азыр мамлекеттик мекемелерде эмгек маяналар жогорулады, билимдүү жаштардын өлкөбүздө иштөөсүнө шарт түзүшүбүз керек.

– Эмгектенгендердин жаш курагындагы өзгөчөлүктөрдү жана мамлекеттик жумуштун жетишсиздигин, миграциянын агымын эске алуу менен Эмгек кодексине өзгөртүү киргизсек болобу?

– Эмгек кодексине өзгөртүү киргизсек болот. Ал биздин эркибизден көз каранды. Ооба, жогоруда айтылгандай адам баласынын жашы жогорулаганда ден соолугуна байланыштуу эмгекке жарамдуулугу төмөндөп баштайт. Аны танууга болбойт. Бизде пенсия курагындагылар ардактуу эс алууга чыкса да тырышып иштеп жатканына пенсиялардын аздыгы гана түрткү болот. Ардактуу эс алууга чыгып, жашоосуна жетерлик татыктуу акча алса, жашы улгайгандардын кимиси эле иштегиси келсин? Ардактуу эс алууга чыгып, уул-кыздарынын иштегенине кубанып, небере жетелеп жүргөнгө эмне жетсин… Мен демилгелеген мыйзам долбоорунда 40 жыл бою эмгектенген жаран менен, иштебеген, бирок жер үлүштөрү бар жаран бирдей эле суммадагы пенсияга чыккандыгы каралат. Ємүр бою иштеген адамдын эмгегин баалап, мээнетин актап беришибиз керек. Демилгеленип жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда бул багыттар талкууланат. Ушул маселени көтөргөндөн тартып социалдык тармактарда мага карата “Азыр сенин айлыгың бар да, сага пенсиянын эмне кереги бар?” деп, маселени терең түшүнбөй туруп жазып жаткандар болууда. Ошол социалдык тармакка жазган киши жалгыз өзү жөнүндө айтып жаткан болсо, мен жүз миңдеген кишилердин атынан айтып жатам.

– Жакында эле комитетте биоэтанолду өндүрүү, жүгүртүү жана аны көзөмөлдөө боюнча талкуу жүргүздүңүздөр. Биоэтанол деген кандай зат жана анын өлкө үчүн пайдасы канчалык? Окурмандарга түшүндүрүп берсеңиз. 

– Биоэтанол – бул экологиялык таза, жогорку класстагы альтернативалуу отун. Анын формуласы C2N5ON (этил спирти). Єсүмдүк продукциясынан, тактап айтканда, кант кызылчасынын калдыгынан, жүгөрүдөн, крахмалдан гидролиз жана ачытуу жолу менен же этилен менен суу буусунун химиялык өз ара аракеттенүүсү аркылуу алынат. Ар кандай пропорцияда бензин менен аралашып, парник газдарынын эмиссиясын жана абанын булганышын азайтууга жардам берет. Биоэтанолду спирт катары да, отун катары да колдонсок болот. Бул мыйзам долбоорун жакында эле биздин комитетке сунушташты. Мыйзам долбоору азырынча чийки, дагы иштеп чыгуу керек. Албетте, келечеги бар. Бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү адистер менен бир нече багыттарда иш алып баруу зарылдыгы бар.  Себеби бул зат эмне, өлкө үчүн пайдасы канчалык деген маселе турат. Кеңири маалымат алгандан кийин убактысы келгенде коомчулук кабардар болот.

– Облус, район, айылдардын ортосунда жайыт талашкан маселелер бар. Административдик-аймактык реформанын негизинде айыл өкмөттөр ирилешкени менен бул көйгөй дагы деле эл арасында айтылууда. Бул жагдай боюнча пикириңизди уксак.

– Административдик-аймактык ири­лештирүү штаттык бирдиктердин көбөйүп кеткендигине байланыштуу болду. Бул реформанын негизинде сапатсыз кадрларды кыскартып, бюджетибизди үнөмдөдүк. Кайсы бир деңгээлде айылдардын ортосундагы жер талашкан, жайыт талашкан маселелер биригүүнүн негизинде чечилди. Ошондой болсо да айылдардын ортосунда жерибиз тигил айыл өкмөттөргө өтүп кетти дегендер да жок эмес. Жүргүзүлгөн реформа убакыт менен өзүнүн жакшы натыйжасын берет деген ишенимдемин. Ушул жагдай боюнча тиешелүү тармактар дагы деле иш алып барууда. Кемчилик иш алып барбаган гана жерде болбойт. Республика боюнча жер талашкан көйгөйлөр көп, андыктан тиешелүү тармактар жеткиликтүү иш алып баруусу кажет. Менимче бул маселеге чекит коюла турган күн да келет. Себеби башталган ишти аягына чыгаруу керек, бул Президентибиз Садыр Жапаровдун талабы.

– Кыргызстанда алтын кенин казган айрым компанияларда мамлекеттин үлүшү жок, инвесторлорго лицензиялар 1 000 сомго сатылат. Мындай көрүнүштү ким көзөмөлгө алышы керек эле?

– Лицензия алууда 1000 сом кассага төлөнө турган гана каражат, ал эми көшөгөнүн артында көмүскө канча акча кеткенин биз билбейбиз, бирок кайсы гана лицензия болбосун ансыз кеткен эмес. Тоо кен тармагында иштеген адам катары мени мамлекетибиздин экономикасын көтөрө турган кендердин сатылып кеткени өкүндүрөт. Депутат болуп келгендеги көргөнүмдү эле айтып берейин.

2021-жылы депутаттык топ “Кумтөргө” бардык. Ишкананын куйма цехине киргенибизде алар бизге мурда канадалыктар ээлик кылып турганда бул цехте бир дагы кыргыз жараны иштебегендигин айтышты. Ошол учурда орточо эсеп менен алганда 600 000 тонна алтындын изи жок, өлкөдөн чыгып кеткен. Мындай жагдай А.Акаевдин тушунда эле башталган. Директорлор кеңешинин мүчөсү эле 100 000 – 200 000 доллар айлык алып турган. “Кумтөрдү” Кыргызстан өз ээлигине алат” дешкенде, “ала албайт” дегендер да болгон. Алдык го. Буга чейинки өлкө башчыларынын эрки жеткен эмес, анткени алар “Кумтөрдү” өзүбүзгө алууну көздөшкөн да эмес.

Учурда өлкөбүздө 30 жылда жасалбаган иштер аткарылып жатат. Завод-фабрикалар, мектептер, үйлөр курулуп, коомдук транспорт жана башка техникалар алынып жатат. Анын баарын коомчулук көрүп турат. Буга чейинки бийликтерге салыштырмалуу азыркы бийлик 3-4 жылда эле көп объектини куруп койду. “Кумтөрдү” өз ээлигибизге алганыбыз эле канчага турат. Тилекке каршы, ушундай өзгөрүүлөрдү көрбөгөндөр да, каалабагандар да бар. Ал эми “Жер Үй” маселесиндеги өлкөнүн үлүшү эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнашка барып такалат. Ала албайбыз дешкен “Кумтөрдү” өз ээлигибизге алып жаткандан кийин биздин жетекчилер “Жер Үй” маселесин дагы ойлонушса керек. Менимче, бул кенди казуудан жергиликтүү элге миллиондогон каражаттар түшүп турат. Ошондой эле “Альянс Алтын” компаниясы өндүргөн продукциянын 2 пайызын өнүктүрүү банкына которот. Бул биз үчүн чоң каражат.

– Социалдык тармактарда келерки президенттик шайлоодо өлкө башчысы Садыр Жапаров өз талапкерлигин кое тургандыгы айтылууда. Бул боюнча көз карашыңызды билсек…

– Президенттин азыркы жүргүзүп жаткан ишмердигин көрүп туруп, алдыда боло турган президенттик шайлоого катышса, анын талапкерлигин колдойм. Анткени учурда жасалып жаткан иштерди мен эле эмес, эл дагы көрүп турат. Президент менен баарлашканда ал: “Мага дүнүйөнүн кереги жок, элим ток, мамлекетим бай, коопсуз болсо ошол жетиштүү”, – деген. “Канчалык бийик болсоң, ошончолук жөнөкөй бол” деген элибизде жакшы сөз айтылат. Ал мага жөнөкөйлүгү, ошол эле учурда басса-турса элинин тагдырын, коопсуздугу менен бүтүндүгүн, өнүгүшүн ойлоп тургандыгы менен бийик. Президенттикке шайланып келгенде “Эл үчүн башымды сайып кызмат кылып берем”,–  деген. Ошол айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыгып, эгемендикти алгандан бери жасалбаган иштерди кыска мөөнөттө жасап койду. Эгер экинчи жолу шайланып келсе, Кыргызстанды дүйнөдөгү өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кошобуз деген тилегин орундатат. Эл да аны колдоп аларына күмөн жок…

Вера Беделбек кызы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар