whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомА.Жунушалиев: “Жарандар менен түз иштешибиз керек!”

А.Жунушалиев: “Жарандар менен түз иштешибиз керек!”

Бишкек мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында пландуу кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Айбек Жунушалиев шаардык кызматтарга “Менин шаарым” тиркемесинин ишин тез арада оптималдаштырууну тапшырды. Анткени мониторингде шаардык кызматтар тиркемедеги тургундардын кайрылууларына жооп бербегени же кайрылуулар сапатсыз иштетилери көрсөтүлгөн.

Шаар башчысы жарандардын суроо-талаптары тез арада чечилиши үчүн “Мэрге кайрылуу” деген бөлүмдү кошууну тапшырды.

“Тиркеменин ишин күчөтүп, мобилдик жумушчу топ түзүп, жер-жерлерге чыгуу керек. Жарандар белгилеген объектилерге артыкчылык берилет. Биз жарандар менен түз иштешибиз керек”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев аталган тиркемеде суроо-талап боюнча жоопкерчиликсиз иш жүргүзгөн шаардык кызматтарга карата белгиленген тартипте катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Мындан тышкары, жыйында “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинин отчету да угулду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар