Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректерди кыюу иштеринин биринчи этабы башталды.
Учурда 55ке жакын терек тамыры менен алынып бүттү. Теректердин ордуна чынар же жалбырактуу клен тигилет. Отургузула турган көчөттөрдүн бийиктиги 3 метрден 5 метрге чейин болот.