«Дэя» жана “Уста” элдик бий ансамбли Өзбекстандын Ташкент шаарында болуп өткөн “Азия бермети” эл аралык сынагына катышып, биринчи орунду жеңип алышты.
Аталган сынак Өзбекстан Республикасынын профсоюздар федерациясынын демилгеси менен, ошондой эле Өзбекстандын Маданият министрлиги жана Өзбекстан мамлекеттик хореография академиясынын колдоосу менен уюштурулду. “Азия бермети” фестиваль-сынагына Орто Азия мамлекеттеринен барган жүздөгөн конкурсанттар катышты.
Ал эми Кыргызстандын атынан “Уста”, “Дэя” (Бишкек шаарынан) жана “Мөлмөл” (Балыкчы шаарынан) бий топтору барган. Ал топторду Наргиза Хажиева жетектеп барды. Кыргызстандык бийчилер сынакка кыргыз, өзбек, түркмөн бийлери менен барышкан. Натыйжада, калыстар тобу “Дэя” ансамблинин “Санжыра” бийин, “Уста” элдик бий ансамблинин “Гуш тепти” түркмөн бийин мыкты деп таап, биринчи орунду ыйгарышты.
“Калыстар калыс баасын берди. Бийчилерим да азаматтар. Атаандаштардын арасынан биринчи орунду утуп алганыбызга кубанып турабыз. Буюрса, бул чек эмес. Алдыда Казакстан жана Түркия мамлекеттеринде өтө турган сынактарга даярданабыз”,-деди Наргиза Хажиева. Ал өз сөзүндө бийчи кыздар-балдардын ата-энелерине ыраазычылыгын билдирип: “Ата-энелердин колдоосу болбосо, жеңиштерге жетүү, бийиктиктерди багындыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, балдары үчүн колунан келген жардамдарын аябаган, шарт түзүп берип жаткан ар бир апага, ар бир атага рахмат айтам”,– дейт.
Фестивалдын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференциялар, бий чеберлеринин мастер-класстары өттү. Аны менен катар коноктор үчүн атайын экскурсиялар уюштурулуп, алар Ташкент шаарынын тазалыгына, сулуулугуна күбө болушту.
Анара Арзыбай кызы, «Кыргыз Туусу»