Өткөн аптада «Ынтымак Ордо” мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык сынакта жеңүүчү аталган мыкты мугалимдерге жана тарбиячыларга батирдин жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.
Алардын катарында «Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими» болгон Мээрим Алмаз кызына 200 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды.
– Сизди «Жылдын мыкты мугалими» болушуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Алгач окурмандарыбызга түшүнүктүү болушу үчүн өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз?
– Мен1994-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тамчы айылында туулгам. 1-класстан баштап 8-класска чейин Кара-Балта шаарында окудум. Анан ата-энем Ысык-Көлгө келгендиктен, Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясында окуп калдым. Тагдырдын буйругу менен кайра ушул мектепте эмгек жолум башталды. 2014-жылдан тартып, Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясында иштейм. Алгач, башталгыч классынын мугалими болсом, акыркы 2 жылдан бери жогорку класстарга орус тили жана адабиятынан сабак берип келем.
– Мугалимдик кесипти тандап калышыңызга эмне түрткү болду?
– Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясында окуп жүргөн кезимде эле мугалим эжей- агайларды көрүп, берген сабактарына шыктанып, мугалим болуу кыялыма айланган болчу. «Мугалимдик кесип – ыйык кесип» деп бекеринен айтылбаса керек, анткени балдар менен иштешүү мага чоң ырахат тартуулайт, бул кесибим жок өзүмдү элестете албайм.
Мугалимдин түйшүгү канчалык оор болсо да, келечек муундарга татыктуу тарбия, билим берүү аркылуу өлкөбүздүн өсүп өнүгүшүнө бир аз да болсо салым кошкум келет. Окуучуларымдын ыраазычылыгы мага дем, күч, мотивация берет. Алар келечекте өз ордуларын таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп, бир кесипти ээлери болсо, ошол менин ийгилигим деп билем.
– Мугалимдер арасындагы республикалык сынакка кандайча катышып калдыңыз?
– Бул сынакка катышуу ар бир мугалимдин максаты болсо керек. Менин дагы кыялым болчу. Анан республикалык сынакка катышып, өз күчүмдү сынап көрүүнү туура көрдүм. Кудайдын буйругу менен ийгиликке жеттим. Бул жеңиш жалгыз эле меники эмес жалпыбызга тиешелүү. Себеби, «Ынтымактуу жамааттын ырыскысы түгөнбөйт» демекчи, мектеп администрациясы жана мугалимдер жамааты мен сынакка катышып баштаган күндөн тарта чоң колдоо көрсөтүп жатышты. Учурдан пайдаланып, мени колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Бул сынак мен үчүн өзгөчө тажрыйба, унутулгус эмоциялар менен түбөлүккө эсте калды.
– Президенттин колунан 200 миң сомдук сертификат алдыңыз. Ошондогу сиздин сезимдериңизди билсек…
– Сыйлык алуу – бул кубанычтуу учур. Ал эми өлкө башчысынан сыйлык алуу –өзгөчө сыймык, кубанычты тартуулайт экен. Азыркы тапта дагы аябай толкунданып, сүйүнүп турган кезим. Сыйлык алуудагы сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайт экенсиң.
Учурдан пайдаланып, урматтуу Президентибиз Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиргим келет, анткени бул сынакты колдоо аркылуу жалпы мугалимдердин коомдогу ордун жогорулатып, аларга чоң мотивация берди десем болот.
Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигине, жалпы сынактын уюштуруучуларына терең ыраазычылык айткым келет!
– Келечекте кандай пландарыңыз бар?
– Адам баласы кандайдыр бир жетишкендикке ээ болгондо өзүнө болгон талабы жогорулай баштайт экен. Мугалим болгондон кийин балдар үчүн болгон күч аракетимди жумшап келгем жана уланта берем. Олимпиадага окуучуларды даярдап, мен баскан жолдон алар дагы өтүп, райондук, облустук, республикалык этапка чейин жетсе деп максат кылып жатам.
– Бизге убакыт бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениңизге терең ыраазычылык билдирип, иштериңизге ийгилик каалайм.
Асель Муса кызы