Турусбек Мадылбай чыгармалары дүйнөнүн ар кыл тилдерине которулуп, дүйнөгө таанылган кыргыз жазуучуларынын бири. Аны өзгөчө адабият классиктеринин өлкөсү болгон АКШда жакшы таанышат. Соңку эки жылда кошуна Кытайда эки романы которулуп, кытай тилинде жарык көрдү. Дүйнө тааныган кыргыз жазуучусу менен маегибиз окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
– Турусбек байке, былтырлары АКШга Миссури штатындагы Ханнибал шаарынын чакыруусу менен барып келгениңиз тууралуу эскерүү жаздыңыз. Жаңылбасам, Марк Твенди которгонуңузга көп болуп калды го?
– Ооба, мен ошол кезде болгон окуяны кечеги күнү эстей койбодумбу. Буюмдарымды аңтарып жатып, жанагы ооз комузду таап алдым. Ошол замат оюм мени тигил Ханнибалга алып жөнөдү. Дал ушул кутудагы ооз комузду мен ошондо дагы кокусунан таап алгам. Муну Зигмунд Фрейд «акыл-эстин агымы» атабады беле. Дал ушул ыкманы колдонуп, кийин Марсел Пруст дагы таежесинин чайга нан малып жеп жатканын көргөндө бала кезин эстеп, тестиер, өспүрүм маалындагы ар кыл окуяларды, кишилерди көз алдынан бир сыйра өткөрөт эмеспи. Ошентип франс адабиятында «Жоготулган мезгилди издеп» аттуу мыкты көлөмдүү роман пайда болот да. Ал ошол кездеги дүйнөлүк адабияттын алгачкы модернисттик чыгармаларынан болуп калды. Ирландия адабиятында дагы авангарддын «Улисс» аттуу эң ири чыгармасы Жеймс Жойс тарабынан жаратылат. Кийинчерээк АКШ адабиятында ошол эле ыкманы Эрнест Хемингуэй, Томас Вулф, Уиллиам Фолкнер ж.б. пайдаланат.
– Бизде, кыргыздарда Батыш өлкөлөрүндө адабиятка көп көңүл бурулбайт, тагыраагы адабиятты каржылабайт экен деп көп айтышат. Ханнибал шаарынын качанкы көзү өткөн Марк Твенди эстегени кызык экен.
– Ал жөндөн-жөн эмес. Жалгыз Марк Твендин ысмы, анын жараткан чыгармалары бир шаардын элин бүт багат экен. Ханнибалга жылыга 250 миңдей саякатчы, зияратчы, адабияттын күйөрмандары келип кетет имиш. Шаардагы калктын бүт баары жалаң Том Сойер, Хек Финн, Беккилердин сүрөттөрүн, куурчактарын, оюнчуктарын ж.б. түркүн элестерин жасап отуруп жан багат. Дүкөндөрү, ашкана-мейманкалары, унаа-кемелери, оюн-зооктору – бүт-баары ошол улуу жазуучунун өзүнүн, каармандарынын ысымдарынан пайда табат.
Мен дагы АКШда, дегеле Батыштын бардыгында эл китеп окубайт деп ойлочумун. Тилекке каршы, ал кезде биз жалаң орус адабиятын окуп жүрүп, ошолордун гана айткандарына ишене бериптирбиз да. Дал ошол себептен биз орус адабиятын гана билчүбүз. Көрсө, ошол маалда орус жазуучуларын бизге таңуулоочу турбайбы, алардын китептерин миллиондогон нуска менен бастырта берчү экен. Ошол китептердин бардыгы биздин эсептен чыгарылыптыр. Атүгүл, Чыңгыз Айтматовдун китептерин дагы орус тилинде өзүбүзгө чыгартчу турбайбы. Кыргызстандын эсебинен чыгартып, анан өздөрү бүт өлкөгө сатышчу имиш. Албетте, анан орус адабияты дүйнөгө таанылбаганда, ким таанылмак эле? Ошол эле маалда кыргыз адабиятынын чыгармалары чыкпай калчу. Ахмат Йасави, Абу-Насыр ал-Фараби, Юсуф Баласагуни, Махмуд Барскани (Кашкари) ж. б. у. сыяктуу улуулардын орто кылымдагы адабияты, кыргыздардын ташка, кайракка чегилген жазмалары ушул күнгө чейин китеп болуп басылбай келет. Кыскасы, биздин бай адабиятыбызды жок кылып, орустун адабиятын асманга көкөлөткөн. Азыр деле ошондой саясаттын калдыктары билинип турат.
– Адабий сапарыңыздын алкагында кандай чыгармачылык жолугушуулар болду? Окурмандар менен эле жолугуштуңузбу же жазуучулары менен да жолугуша алдыңызбы?
– Мен китеп күйөрмандары менен дагы, жазуучулар менен дагы тез-тез жолугушуп турдум. Айова университетинде бир нече лекция окудум, Шамбо-Хауз, Гилберт-Холл залдарында, Айова Сити, Ханнибал, Сан Франсис-ко, Чикаго, Нью-Йорк, Вашингтон шаарларынын окуу жайларында, китеп дүкөндөрүндө, чиркөө-мечиттеринде, кинозалдарында аптасына эки-үчтөн жолугушуулар болуп турду. Ал жерлерден мен Аргентинанын белгилүү жазуучусу Пола Олойхарак, Индонезиянын атактуу прозаиги Андреа Хирата, Түштүк Кореянын көрүнүктүү акыны Ким Са-Ин, ж.б. менен жолугуп тааныштым. Мисалы, Хиратанын романынын бир миллион нускасы Индонезияда эле бир айда сатылып кеткен. Бизде болсо андай түшкө дагы кирбейт. Анан биз мурунку СССРдин эли китепти эң көп окуган элбиз деп мактанып коёбуз. Мен жашаган Айова Сити биздин Токтогулдай эле чакан шаар экен, бирок үч килейген китеп дүкөнү бар. Бизде болсо борборубуз Бишкекте кыргызча болгону бир китеп дүкөнү бар, ал деле чакан бир бөлмө. Кыскасы, дагы биз көп нерсени ойлонушубуз керек экен. «Баарын интернет басып кетти! Эл китеп окубай калды!» — деп ыйлактап-кыйкырып жатканыбызда, тигил ирип-чирип калды деген Батыштын эли китепти көп окуйт экен. Электрондук китеп эле эмес, кагаз китептерди да аябай көп окуйт экен. Ошондуктан алар бизди, жазуучуларды чакырып жатат да. Менин «Күкүнүс» деген романым иңглисче, орусча, кытайча ж.б. тилдерде бир эмес, үч-төрт сыйра чыкты, ал эми ушул күнгө чейин кыргызча басыла элек. Ушунун бардыгы уят, шерменде да! Бир кезде мен «Кыргызстанда экономисттер көп, бирок экономика жок, юристтер көп, бирок мыйзамдар аткарылбайт» деп жаздым эле. Бүгүн айтаарым: «Бизде Кыргызстанда жазуучулар көп, бирок адабият жок». Адабият деген жалаң эле жазуучулар эмес, адабият деген басмаканалар, типографиялар, редакторлор, корректорлор, китеп дүкөндөр, адабиятчылар, окурмандар, адабиятка арналган семинар-фестивалдар ж.у.с. Ал эми бизде кандай? Эки сөздүн башын эптеп кошуп алган эле киши өзүн акын-жазуучумун деп, эптеп биртике тыйын таап, ага китебин чыгарып алып, анан аны сата албай кыйналып жүрөт. Менимче, адабият андай болбошу керек. Мамлекет дагы андай койбошу керек эле. Жанагы биз айтып жаткан Батышта ушул маселени аздыр-көптүр чечип коюшуптур. Ал жакта жазуучулар үчүн атайын үйлөр бар экен, стипендия, гонорарлар каралыптыр. Өкмөт басмаканаларды ачып, ошол жазуучулардын китептерин чыгарып, анан кайра өздөрү ал китептерди сатып алып мектептерге, бала бакчаларга, китепканаларга тартуулайт экен. Ошентип жазуучуларды дагы колдоп, басмаканаларды дагы өнүктүрүп, элинин дагы билим деңгээлин, маданиятын жогорулатат турбайбы. Батыш коому ушинтип өсүп-өнүгүп жатат. Ал эми бизде болсо бүт теңирден тескери.
– Кандай кызыктуу окуялардын күбөсү болдуңуз? Алар биз тууралуу, биздин улуттук адабият тууралуу кабары бар бекен?
– Ушул эки сурооңо тең бир окуя менен жооп берейинби? Мен Сан Франсиского кечки саат беште учуп бардым. Айова Ситиден Чикаго аркылуу тогуз саат аба менен жүрүп чарчаганымды көрүп, бизди коштоп жүргөн Жозеф Тайфензалер: «Бир аз эс алыңыз. Жолугушууну саат 10:00гө жылдырабыз», – деди. Окурмандар менен жолугушуум китеп дүкөнүндө өтмөк. Бизде күндүзү китеп дүкөнүнө эч ким барбайт, анан мени менен жолугушканга түнкү 10:00дө ким келмек эле деп койдум ичимен. Сан Франсисконун экинчи четинде жайгашкан City Lights Bookstore китеп дүкөнүнө саат 10:00дө барганда, бизди ал жерде 50гө жакын киши күтүп отуруптур. Жолугушуу маалында окурмандардын бирөө менден: «Кыргыз адабиятында сизден башка дүйнөгө таанылган жазуучу барбы?» — деп сурады. «Ооба, — дедим мен. – Биздин эң атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов… Мүмкүн, ушул дүкөндө дагы анын китеби бар болсо керек…» Айтканын айтып алып, капталда текчеде тизилген китептерди тиктей койсом, менден алыс эмес жерде «Азия жазуучулары» деген текче турат. Түз эле басып барып карасам, кудай жалгап, текчеде Чыкемин «Жамийласы» бар экен. «Мына! Мынакей!» – деп анда да сүйүнгөнүмү айтпа. Отургандар ошондо кол чаап жиберишти. Анан мен жарым сааттай Чыңгыз Айтматов тууралуу айтып отуруп алдым. Ошол сүйлөгөндөрүм интернетте бар, каалоочулар аны ачып окуса болот. Бир гана жери алар иңглис тилинде жарыяланган.
– Сизге котормочу катары кандай сый мамиле кылышты? Ошол сый мамилени Кыргызстандан көрө алдыңызбы?
– Эми экинчи сурооңон баштайын. 2009-жылы мени Кыргызстандагы АКШ элчилигине чакырып калышты. Ал-акыбалымды сурап, чыгармачылыгым жөнүндө баарлашып отуруп, анан бир маалда: «Бизден кандай жардам керек? Кыргыз жазуучуларына кандай жардам көрсөтө алабыз?» – деген суроолорду узатышты. «Бизге басмакана, типография уюштуруп берсеңер жакшы болмок», – дедим. Макул болушту. Кийинчерээк мен алардын сунушун Жазуучулар уюмунун чогулушунда айтканда, көпчүлүгү: «Кереги жок бизге жардамдын. Орусияңдын дагы, АКШыңдын дагы, Кытайыңдын дагы бизге кереги жок, бизге өзүбүздүн эле ЖКнын жардамы жетет», – деп болбой коюшту жазуучулар. Көрсө, Жазуучулар уюмунун ошол кездеги төрагасы ЖКнын спикерине коомдук жардамчы болуп калган экен, ал жазуучуларды жыргатам-кыйратам деп коюптур. Кийин көрдүк го жыргатканын дагы, кыйратканын дагы. Мейли, болоору болду, эми жанагы элчиликтеги окуяларга кайтайын. Жардамдын дагы бири – кыргыз жазуучулары АКШ адабиятын кыргыз тилине которсун, биз аларга калем акысын төлөп берели, китептерди кыргыз окурмандарына тартуулайбыз дешти. Китептерди китепканаларга бекер бергиле, дедим мен, алардын азыр сатып ала турган акчасы жок. АКШ элчилиги буга дагы макул болду. Ушул күнгө чейин алар жүздөгөн китептерди котортуп, Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин китепканаларга жеткирип берип жатат. Анан… Ушул “анан” дегенимдин аркасында дагы бир кызык окуя жатат. Силерге калп, мага – чын: мен жанагы Том Сойердин мекенине кеткенде, баягы Жазуучулар уюмунун жетекчилери чогулуп алып АКШ элчилигине барыптыр. Мен жөнүндө эмне дегенин билбейм, бирок менин ордума башка котормочуну сунуштаптыр. Анда эчиликтегилер ошол эле жерден алардын котормочусуна «Хеклберри Финндин жоруктары» китебин берип, ушунун биринчи бир абзацын которуп көрүңүзчү дептир. Китепти тигил жарым сааттай тиктеп туруп, анан акырында чыгарма татаал экен, мен которо албайм деп мойнуна алыптыр. Ошондо АКШ элчилигинин маданият боюнча атташеси: “Кечиресиз, биз Турусбекке дал ушул чыгарманы которуп бер дедик эле, ал унчукпай которуп жатат”, – дептир. Муну мага ошол эле Жазуу-чулар уюмунан бирөө айтып берди. Мына ушундай «сыйды» көрдүм мен Кыргызстанда. Бирок ошентип жүрүп алар баары-бир өз максатына жетишти көрүнөт. Алар дегеним тигил “бешинчи жебек”. “Бешинчи жебек” деген бул коомдук-саясий түшүнүк америкалык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Эрнест Хемингуэйдин 1937-жылы жазган ушундай аттуу чыгармасынан кийин пайда болгон. Испаниядагы согушту чагылдырган ал чыгармада каармандарынын бири 1936-жылдын күзүндө Мадридди кантип басып алабыз дегенде, экинчиси: “Коркпо. Биздин төрт жебегибиз бар, ал эми тигилердин арасында бизге жан тарткандардан дагы бир бешинчи жебек чогулат, алар тигилерди ичинен жарып чыгат”, – деп сооротот. Жебек деген аскердик курам (колонна) болгону менен соңку тарыхта ал кеңири колдонулуп, коомдук-саясий түшүнүккө айланды. Азыркы учурда бардык өлкөлөрдө ар кандай жол менен бир элдин ичине кирип алып, ошол жерде жашап, анан ошол жергиликтүү элди ичинен иритип, аны басынтып, ага жаалы келип турган башка элдердин өкүлдөрү бар. Кыргызстанда дагы ошондой “бешинчи жебектер” жайнайт. Кыргыздарга түшүнүктүү болушу үчүн “Манастагы” Көзкаман, Көкчөкөз, Көпөш менен Абыкелерди эстетсем ашыкча болбостур.
Анан ошол “бешинчи жебек” үстүмөн жалаа жаап, ушактап отуруп, акыры мени АКШ элчилигине жаманатты көргөзүп бүттү. Артыман ачык эле жамандап, Кремлдин бешинчи жебеги, атүгүл, мени жазалаш керек дегенге чейин барып, гезитке жазып чыгышты.
Ал эми АКШда көргөн сый тууралуу мен ал өлкөдөн кайтып келээрим менен жазган «Менин Америкам» аттуу китебимде азыноолак баяндагам. Мени ал жерде абдан жакшы тосуп алышты, ал жердеги сыйды мен башка бир дагы жерден көрө элекмин.
– Баш-аягы Америкага канча жолу бардыңыз? Америка кандай таасир калтырды?
– Акыркы маалда Американы мактасаң эле «шпион» дечү болуп алышты. Америкага барып, ал жакта менин чыгармаларым жарык көрүп, Америка адабиятын кыргызчага которуп койдум эле, мени дагы шпион кылып алышты. Баягыда Францияга барып, ал жакта китептерим чыгып, мен франс акын-жазуучуларынын чыгармаларын которуп койдум эле, анда дагы Батыштын шпионуна айландым. Жакындан бери менин китептерим кытай тилинде чыгып, мен кытай тарыхынан чыгармаларды которуп койсом, эми кытай шпиону болуп каламбы? Бул эмнеси? Ичи тарлыкпы же түркөйлүкпү? Жамандаган эле киши көп. Бирок ичинен бардыгы өздөрү дагы ошол жакка барганды эңсейт.
2017-жылы мен Чыгармачыл ишмерлердин бүткүл дүйнөлүк саммитине дагы бир жолу Сан Франсиского чакыртылдым. Сан Франсиско абдан кооз шаар, муну мен 2010-жылы эле ЮНЕСКОнун Эл аралык жазуучулар программасы боюнча АКШга барганда көргөм. Ошондо мен пресс-конференциялардын биринде америкалык окурмандарыма жарымы чын, жарымы тамаша иретинде минтип айттым эле: «Силер өзүңөргө бейиш куруп алып, анан дүйнөнүн баары биерге көчүп келип албасын дегенсип, бизге ар кандай коркунучтуу кинолорду көрсөтөт турбайсыңарбы. Мурун мен АКШны жалаң полиция менен кылмышкерлердин өлкөсү катары элестетчү элем, анткени кайсы кинону көрбөгүн, атышып атканы, жардырып атканы, куушуп жүргөнү, коркутуп, зордуктап атканы. Көрсө, силер же бейпил-бейкуттуктан жадап ошентесиңер же анча-мынча мага окшогон жооштордун тамырын тартып көрөлү деп ошентет окшойсуңар…» Ошондо окурмандарымдын айрымы күлүп калган, айрымы мени коштоп башын ийкеген.
Менин «Шайтан дөңгөлөк» деген алгачкы бир аңгемем бар. Анда бир кичинекей баланын үйүнөн качканы жөнүндө баяндагам. Ата-энеси балдарын эч жакка чыгарбай, үйүбүздөн башка жерде коркунуч көп, уурулар бар, каракчылар тонойт, ал жакта жаан көп жаайт, лөөлүлөр уурдап кетет деп коркута берет. Ириде балдары аларга ишенет, бирок бир күнү улуу баласы баары-бир качып жөнөйт. Бала биринчи жолу дүйнөнү өз көзү менен көрөт. Ага эч ким деле тийбейт, лөөлүлөр деле көрүнбөйт. Балдар сууга деле түшүп жатышат, талаада деле кубалашып ойноп жүрөт. Жаан деле күнүгө жаай бербейт экен, каракчылар деле ар кимди тоной бербейт экен. Ошентип бала өз көзү менен жаркын дүйнөнү көрүп келет дагы, атасы менен апасына доо коёт. “Эмнеге бизди алдадыңар?” дейт. “Эмнеге бизди үйдө камап отурдуңар?” дейт. “Эмнеге биздин бактыбызды чектедиңер?” дейт. Бул аңгемемди мен тээ эсил кайран СССРдин маалында жазгам. Бала аркылуу мен тоталитардык империяны айыптагам. Мен бас-кынчылардын саясатын ушундайча ашкерелегем. Ошол кезде цензура бул аңгемемди чыгартпай койгон. «Дубал» деген аңгемелер жыйнагымда он беш аңгеме бар болчу, анын тогузун гана чыгарышкан, алты аңгемем жыйнакка кирбей калган. Бирок байкабай калыштыбы, же ички маанисин түшүнбөй калыштыбы, айтор, ошондо деле жыйнагымдын ичинде «Дубал», «Алдыда жүргөн бирөө» деген чыгармаларым кирип кетти. Ошого да тобо дегем. Дубал дегеним тоталитардык өлкө дайыма өзүн-өзү дубал менен курчайт. Экинчи аңгемемде болсо аңдыгандар тууралуу жазгам. Ал кезде алдыңда дагы, артыңда дагы, эки жагыңда дагы сени аңдыган кишилер жүрчү. Сени ушактачу, сага бут тосчу, сенин ар бир сүйлөгөнүңдү тыңшачу. Тилекке каршы, ошол тыңчы-баканооздор дагы эле адамга уйгактай жабышып, артыңан аңдып жүрөт. Дал ошол маалды сагынып айрым күчтөр азыр дагы бизди ошондой туңгуюкка түртүп жатат. Ушул аңгемелерим чыкпай калганына дал ошол алдыда жүргөндөр себеп болгон. Ал эми чыкпай калган дагы бир аңгемем болсо улам толукталып отуруп, акырында «Күкүнүс» деген романга айланды.
– АКШда адабиятка мамиле кандай экен? Санариптешкен доордо америкалык окурмандар китеп окуйт бекен?
– Дароо эле айта кетейин: биздин мурун мактангандай окурман элибиз жок экен. Санариптешпесе деле, санариптешсе деле элибиз китепти окуп жарытпайт. Кана айтчы, тууган-тааныштарыңын канчасынын үйүндө эң кур дегенде китеп текчеси бар? Ал эми жалпы Батыштагыдай эле АКШда дагы карысы болобу, жашы болобу, эркек болобу, аял-кыз болобу, ар бири баштыгында сөзсүз эки-үч китеп салып жүрөт экен. Кайсыл жерде колу бошогондо эле алар китеп ачып, окуп калат. Мен мурун ойлочумун, эгер америкалыктар тигил кинолорундагыдай күнүгө атыша берсе, анда Фолкнер менен Вулфту, Хемингуэй менен Фитсжералдды, Твен менен Ирвингди ким окуйт болду экен деп. Көрсө, америкалыктар абдан көп китеп окуйт турбайбы. ¯ч күндө кыдырып бүтө албай турган китеп дүкөндөрүн көрдүм мен! Көчөлөрүндө төшөлгөн таштардын үстүнө ыр саптары, жазуучу, улуу ойчулдардын айткандары чегилип турганын көрдүм! Франция, Германия, Инглистандарда дагы ошондой экен. Анан биз калп эле өзүбүздү көкүрөккө каккылап: «Биз китепти эң көп окуган элбиз, биз маданияттуубуз, тынчтыкты сүйгөн элбиз, биз өнүккөн өлкөбүз”, – деп кыйкыра берчү экенбиз.
– Батышта дин сыяктуу эле, адабият мамлекеттен бөлүнгөн, ар ким өз арбайын согот дейбиз, ал жакка барып, адабий турмушту ичинен көрүп келген адам катары эмнелерди айта
аласыз?
– Батышта жазуучуларга көрүлгөн камкордук биздин оюбузга дагы келбейт, түшүбүзгө дагы кирбейт. Китептери мыкты сатылып, чыгармалары элге таанымал болгон жазуучулардын ысымдары “Форбс” журналындагы эң бай кишилердин катарында турат. Бизден ким бар ал тизмеде? Кайсыл биздин жазуучу бай болуп кетти? Тескерисинче, биздин жазуучулар эң жакыр, эң укуксуз адамдар болуп калды. Биздин жазуучулар ар кимге жалданып, эптеп биртике тыйын таап, ага эптеп бир китебин чыгарып алып күдүңдөп сүйүнүп жүрөт. Ошондуктан азыр чыныгы элдик жазуучулар жок эсе, тааныш-туугандары аркылуу же сатып алган «эл жазуучусу» наамдын ээлери гана бар. Бирок алар чыныгы элдик жазуучу эмес да, себеби алар бийликке кошомат кылып, ар кайсыл депутаттын этегине жабышып жүрүп зорго китептерин чыгарат. Ал китептери дагы бир түзүк болсочу – өз аткаминерлеринин жети атасына чейин мактап-даңазалагандан башка бир да терең ою жок. Алар эшик ырчы арзыматтар. Же дагы бирөөлөрү бийликтегилерге досторун, бирге иштеген кызматташтарын сатып отуруп, анын артынан кызматтан-кызматка көтөрүлүп, элдин башын айлантып акылдуу-сунуп, кол алдындагыларды кошомат кылдыртып коюп көкүрөк кагып жүрөт. Болбосо алар кадимки эле баканооздор. Ошолор эле, кыргызда айтмакчы, бири-бирин сиз деп, бири-бирин кыз деп, бири-бирине наам берип, сыйлык берип, сүйлөсө эле тээ асмандан баштап, азыркы учурда элибиздин башын маң кылып жатат.
Ал эми батыштагыбы, чыгыштагыбы башка адабияттарда жазуучулар дүйнөнү бүт кооптондурган, адамзатты сестендирген чоң маселелердин үстүнөн ой жүгүртүп, ар бир пенденин ички сезимин, ой-толгоосун, көз карашын өзгөрткөн терең жаңы жана маанилүү чыгармаларды жаратып жатат.
– Батыш адабиятынын өсүп-өнүгүүсүнүн себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Менимче, Батыш элдери оор, кыйын мезгилдерди башынан өткөрүп келди. Ар бир эл ириде өзүнчө өнүгүп, айрым учурда бири-бири менен кагылышып-согушуп, кээде кырылышып, бири-бирин басып алып, дүйнөлүк эки согуштун отунан өттү. Мына, ошол кыйын мезгилдерди кечиргенден кийин гана Жаарупа эли биригип, экономикасы дагы, жалпы саясаты дагы бир, маданияттын жалпы багыттары дагы бир болгон уюм түздү. Адабият дагы ошол элдер менен кошо бир жолдо чогуу басып келе жатат. Батышта азыр ачарчылык деген маселе жок, ал жакта токчулук, төрө пейилдик бар. Бирок бир кылым мурун эле Батыштын эли ачка, жарды, жылаңач калган. Чарлз Диккенстин дээрлик бардык чыгармаларында, Кнут Гамсундун “Ачарчылык” ж. б чыгармаларында, Оскар Уайлддын “Бактылуу ханзада” сыяктуу бардык жомокторунда жана дагы бөлөк көптөгөн жазуучулардын чыгармаларында ушунун бүт чагылдырылган.
Батыш адабиятынын негизги жетишкендиктери – жазуучулар эркиндикке умтулуп, чындыкты чагылдыруу аракетинде. Чыгыш адабияты, өзгөчө мусулман адабияты болсо, өзүң билесиң, куру насаат, бирөөнү даңазалоо менен гана чектелет. Мүмкүн, дал ушул себептерден Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дал ошол эркин ой жүгүртүүсү менен өзгөчөлөнүп, бүткүл дүйнөгө таанымал болгондур. Дал ошондуктан өзүбүздүн эле элибиз анын чыгармаларын дагы, улуу жазуучунун өзүн дагы анчейин жактыра берчү эмес. Эми гана ал киши өтүп кеткенден кийин кечеги жамандап-ушактап жүргөндүн бардыгы анын ысмына жабышып, андан интервью алганын айтып, жалган тексттерди чыгарып, менин чыгармам жөнүндө ал мындай деген, өзүм жөнүндө тигиндей деген дешип мактанып жүрүшөт. Каяктагы бир академияларды түзүп, Айтматов атындагы бирдемелерди уюштуруп, улуу жазуучунун атына жабынышат. Ал эми башка элдер анын урматына бир мүнөттүк сүкүткө турганын мен өз көзүм менен Эл аралык жазуучулар уюмдарынын курултайында Маскөөдөн көрдүм. Төгөрөктүн төрт бурчунан келген жазуучулардын бардыгы чындан кайгырып, чын жүрөктөн урматтап, баштарын жерге салып турду. Ошондо биз Переделкинодо элек, бир күнү ошол жердеги жазуучулардын үйлөрүн жууп-тазалап жүргөн бир кемпир Чыкем жөнүндө мага укмуштай нерселерди айтып берди. Парижде дагы студенттер менен профессорлор, жалпы окурмандар менен жолугушууда чыгып сүйлөгөн жазуучу жана адабиятчылардын эки сөзүнүн бири эле Айтматов болду. Эмнеге Айтматовду Жаарупа абдан жакшы көрчү? Анткени улуу жазуучу биринчилерден болуп оюн эркин айткан, советтик тоталитаризм мезгилинде андай кылып эч ким оюн ачык айта алган эмес.
– Сиз чет тилди мыкты билесиз дегендей, бүгүн батыш адабиятынын абалы кандай? Кандай жаңы ысымдар пайда болуп, кандай жаңы чыгармалар жазылып жатат?
– Мына жакында эле Германиядагы Анна Кампманн деген акын кыз дүйнөгө атагы чыгып, бир нече эл аралык сыйлыктардын ээси болду дегенди угуп сүйүндүм. Биз Айовадагы Шамбо-Хаузда алгач Анна экөөбүз окурмандардын алдына чогуу чыкканбыз. Бүгүн мен аны менен сыймыктанып отурам. Андан мурун мени менен кошо АКШда дагы бир болуп, кийин Францияда дагы экөөбүздүн китебибиз бир маалда чыккан аргентиналык прозаик Пола Олойхарак азыр дүйнөдөгү чоң жазуучулардын бири болуп калды. Анын китептери азыр Франция, Испания, Германияда ж. б. өлкөлөрдө чыгып жатат. Жанараак эле Индонезиянын белгилүү жазуучуларынын бири Андреа Хирата жөнүндө айттым. Дагы көптөгөн кызыктуу акын-жазуучулардын ысмын атаса болот. Негизи Батыш жана Чыгыш адабиятында чоң жазуучулар көп. Ошол эле мен катышкан ЮНЕСКОнун Эл аралык жазуучулар программасы аркылуу азыркы дүйнөлүк атакка жеткен Жон Чивер, Орхан Памук, Ананта Мурти, Харуки Мураками сыяктуу жазуучулар өсүп чыгып, бүгүнкү дүйнөлүк адабияттын алдыңкы катарында турат. Ананта Муртинин “Самскарасы”, Харуки Муракаминин “Норвич токою”, Орхан Памуктун “Кара китеби” кандай шедеврлер!
– Дүйнөлүк адабиятта кандай жаңы адабий агымдар пайда болду? Алдыңкы жазуучулар кандай темалардын үстүнөн иштеп жатышат?
– Дүйнөлүк адабият деген көп кырдуу болот. Биздин кыргыз жазуучуларыбыз болсо аны бир гана кырынан карайт. Өзүнүн айылындагы бир бай-манап, барымтада жылкы чапкан баатыр сөрөй, атүгүл, бүгүн алардын катарына зөөкүрлөр дагы кире баштады, же колунда бар бир киши – мына ушуларды каарман кылып алып, аны туш тарабынан мактап, болбогон бир былжырак сөздөр менен баяндап берет. Андай кишилердин баяны ошол айылдын гана тургундарына жакпаса, калган дүйнөнү ал кызыктырбайт. Дүйнөнү жалпы адамзаттык баалуулуктар кызыктырат. Адам деген эмне? Бул дүйнөгө ал эмне үчүн жаралды? Жалаң эле кардын тойгузуп, жерди булгап, анан өзүнө окшогон чүрпөлөрүн калтырыш үчүн гана келди беле пенде бул дүйнөгө? Же башка улуу озуйпалары барбы адамдын? Сүйүү деген эмне? Мекен деген эмне? Тарых деген эмне? Анан ошол сүйгөн жүрөк, кыялданган дил, ой-кайгыга баткан үрөй адам өлгөндөн кийин кайда жоголот? Же ал жоголбойбу? Түбөлүкпү? Анда маңгилик деген кандай?.. Көптөгөн суроолор туулат. Турмуш өзгөрөт. Жер жаңырат. Элдер келет, элдер кетет… Дагы миңдеген суроолор пайда болот. Адам ошол табышмактарды жандырганга умтулушу керек. Жазуучулар мына ошол маселелерге көңүлүн бурушу керек. Дүйнөлүк адабият байыртан бүгүнкү күнгө чейин ушулардын үстүнөн ой жүгүртөт. Кеп сенин кайсыл нерсени жазганыңда эмес, кеп кандай жазганыңда. Жомок жазасыңбы, аңгеме жазасыңбы, же сахна үчүн бирдеме жазасыңбы – кеп анда эмес. Чыгармаң фантастика болобу, чындык проза болобу, илимий изилдөө болобу же жөн эле ой чабытың болобу – кеп анда дагы эмес. Эң негизгиси ойлон, изден, ордуңда турба, алдыга умтул. Адабияттын максаты, менимче, мына ушунда.
– Улуттук адабият дүйнөлүк адабияттан артта калбоо үчүн кандай темалардын үстүнөн иштөө керек?
– Дагы бир кайталайм: кеп темада эмес. Темалар мурдагыдай эле: сүйүү, жашоо, өлүм. Азыр модага карап калышпадыбы: жакшы бир теманы жазсам эле, дүйнөнүн бүт оозун ачып калат деп. Бирок адабият менен өнөр абалтан эле жанагы үч темага барып таянат, болгону Фрейд аларды жыйырманчы кылымда секс, турмуш, ажал деп атап койгон. Кептин бардыгы жазуучунун шыгында, билими жана маданиятында. “Манаста” деле, “Жамийлада” деле, “Улиссте” деле ошол үч нерсе айтылат. Болгону бири сүйүүсүн ак сарайда айтат, бири кепеде, бири кемеде айтат. Ошентип “Даңазалуу доор” жаралган, “Килиманжаронун карлары”, “Титаник” жаралган. Ортодо чыгармачылык гана бар. Жазуучулардын бирөөсү улуу сүйүүнү асманга көкөлөтөт, дагы бирөө аны ортозаар эротикага чейин төмөндөтөт, дагы бирөө ычкырдан башканы көрө албай порнографияга айландырат. Калганы бүт жазуучунун деңгээлинен, анын таланты менен маданиятынан. Эки сөздүн башын эптеп кошуп алган жазмакер эмне жөнүндө жазса дагы анын чыгармасындагы ойлору тайыз-тайкы, тили чоркок, көркөм сүрөттөмөсү копол болот. Ал эми чыныгы устат, залкар жа-зуучу калемин шилтегенде эле көз алдыңа маңгилик тартылат.
– Эми өзүбүзгө жана өзүңүзгө келсек, эмне жаңылыктарыңыз бар? Эмне менен алектенип жатасыз?
– Мен азыркы учурда бир нече чыгарманын үстүнөн иштеп жатам. Алардын арасында көркөм чыгармалар дагы бар, изилдөөлөр дагы бар. Мындайча айтканда, fiction менен non-fiction экөөнү чогуу алып келе жатам. Мен тарыхка илгертен кызыгып жүрөм. Кыргыздардын сак доорун, үйшөн, төөкөр, түрк, карахан ж.б. доорлорун бардык жактан изилдеп, илимий академиялык дагы, публицистикалык дагы, көркөм дагы чыгарма-макалаларды жазып жатам. Өзүмдүн жеке чыгармаларыман айтсам, акыркы маалда мен СССРдеги турмушубузду чагылдырган чыгармаларды жазуунун үстүндөмүн. Азырынча ушуну гана айта алам.
– Бизден кимдерди окуйсуз? Дегеле, кимдерди окуйсуз. Же жалаң эле жазып же котормо менен алек болуп жатасызбы?
– Азыркы кыргыз адабиятынан, мисалы, Жылкычы Жапиевдин чыгармаларын окуйм. Ал абдан жакшы жазат. Чет элдикинен акыркы маалда Томас Вулф менен Эйвинд Юнсондун чыгармаларын көбүрөөк окуп жүрөм. Ушул улуу эки жазуучуну мен эмнегедир мурун көп окубаптырмын, көрсө, алар дүйнөлүк адабияттагы чоң жазуучулар турбайбы.
Болотбек Таштаналев, “Кыргыз Туусу”