Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Көйгөй, бирок көбү жардам алуудан тартынат

Дарыгерлердин айтымында, зааранын токтобой калышы эркектерге караганда аялдарда көп кездешет.

Швейцария кыргыз биргелешкен долбоорунун статистикасына таянсак, Кыргызстандагы 7 млн. адамдын 3 жарым миллиону төрөт курагындагы аялдар. 3 жарым миллиондун ичинен 600 миң аял ушул көйгөй менен жабыркап келет. Заа-ранын токтобой калышы эркектерге караганда аялдарда көп кездешет. Негизги себеби төрөт. Аял кыйналып көз жарганда булчуңдары бошоп, ички органдар ылдыйлайт же түшүп кетет. Биринчиден, ылдыйлайт, экинчиден, түшүп калышы мүмкүн, үчүнчүдөн, жумшарып чоюлгуч болуп калат. Органдар төрөттөн кийин жакшылап калыбына келбесе, аялдар көбүнчө ушул көйгөйгө туш болушат. Дагы бир көйгөй, эгерде жыныстык органдар түшүп калса, аялдарда заара чыкпай калат. Бул учурда заара кайра бөйрөктү көздөй таркайт. Бөйрөк кеңейип, аялдарда бөйрөк оорулары дагы пайда болот. Бул оору олуттуу медициналык-коомдук маселе болуп саналат, себеби, адам физикалык эле эмес, психологиялык ыңгайсыздыкка кабылат. Бул адамдын өзүнө болгон ишенимин түшүрүп, өзүн чектөөгө алып келет. Мындай учурда дарыгерге кайрылуу керек.

Ал белгилегендей, зааранын токтобой калышынын бир нече түрлөрү бар.

«Зааранын кармалбай калышынын негизги белгилери – жөтөлгөндө, чүчкүр-гөндө, стресс абалда болгондо, уктап жатканда же башка себептерден улам аз өлчөмдөгү зааранын чыгышы. Зааранын өлчөмүнө жараша оорунун жеңил, орто жана оор түрү аныкталат. Зааранын токтобой калышынын бир нече түрлөрү бар. Биринчи түрү бул аял чүчкүргөндө, катуу күлүп койгондогу зааранын токтобошу. Бул учурда толук изилдеп, анализдеп анан дарылоо керек. Экинчи түрүндө аял консервативдүү дарыланууга муктаж. Ал эми үчүнчү түрүндө аял сөзсүз түрдө операция жолу менен дарылануу керек», – дейт Улуттук госпиталдын урология борборунун урогинекологу, медицина илимдеринин кандидаты Дилдебүбү Шүкүрова.

А. АКИМБАЕВА

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар