Качан биздин организмде витаминдер жетиштүү болсо, анда зат алмашуу оптималдуу деңгээлде болот. Витаминдер азайса эле, зат алмашуу процесстерибиз жайлай баштайт. Ошондуктан, витаминдердин ролу өтө чоң.
Д витамини жетпеген балдар алсырап, чарчайт
Д витамини тиштерди, сөөктөрдү жана булчуңдарды чыңдайт. Организмдеги кальцийлерди жөнгө салып турат. Балдардагы Д витамининин жетишсиздиги алардын сабагына жетишүүсүн төмөндөтүп, дайыма алсыроо, чарчоого ошондой эле тиштеринин түшүүсүнө жана дене түзүлүшүнүн бузулууларына алып келет. Өзгөчө энелер кош бойлуу учурундагы ар кандай ооруларга чалдыгуусу, туура эмес тамактануу, бала төрөө аралыгы сакталбаган учурда жана октябрь-апрель айларында төрөлгөн балдарда аталган витаминдин жетишсиздиги көбүрөөк кездешет. Себеби, бул учурда болочоктогу эне дагы жетиштүү Д витамини менен камсыз боло албай жаткан убак. Бул факторлордун негизинде балдардын ара төрөлүүсү, рахит оорусуна чалдыгуусу жогоруу болот.
Остеопороз жаралышы мүмкүн
Д витамининин жетишсиздиги рак жана кант диабети өңдүү ооруларды күчөтүп салышы мүмкүн. Ошондой эле бул витамин аз болсо салмак да кошулушу ыктымал. Адистердин айтымында, Д витамининин жетишсиздигинен сөөк тканында заттардын алмашуусу начарлап, остеопороз жаралышы мүмкүн. Ал эми балдар итий болот. Мындан сырткары, рак ооруларын, өзгөчө эмчек безинин шишигин өрчүтүшү ыктымал. Ошондой эле, дарыгерлер толук адамдардын күндөн Д витаминин алышы кыйын экенин айтып жүрүшөт.
Эс тутум начарлайт
Мындан сырткары, дарыгерлер организмде Д витамининин жетишпестиги балдардын бою өспөй калуусуна, тишинин убагында чыкпай калуусуна себеп болот. Балдарда Д витамининин жетишсиздиги рахитти пайда кылат. Өзгөчө аялдарда төрөттөн кийин, организмде Д витамининин жетишпестиги байкалат. Адистер Д витамининин жетишпестиги жүрөк, мээ жана панкреатит ооруларына алып келерин коңгуроо кагып келет. Бул түргө кирген адамдар алы куруп, бат чарчап, эстөө тутуму начарлайт.
Д витамини аз болсо кальций сиңбейт
Андыктан адистер мындай симптомдор байкалгандарга дарыгерге кайрылууну сунуштаган. Д витаминин кальций менен чогуу ичиш керек деп айтып жүрүшөт. Негизи бул туура эмес түшүнүк. Көпчүлүк учурда кальций биздин организмде жетиштүү эле болот. Эгер организмде кальций аз болсо, биринчи жасай турган кадамыбыз – Д витамининин өлчөмүн калыбына келтирүү. Себеби, кальций Д витамини жок болсо сиңбейт. Экөөнү чогуу ичсек, кальцийдин сиңимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан адегенде Д витаминин калыбына келтирип, анан кальцийди ичебиз. Бирок 99% учурда адамда кальций жетиштүү болот.
Д витаминине бай азыктар кайсылар?
Д витаминине эң бай азыктар – боор, сүт, жумуртка, эт, быштак, сыр жана майлуу балык. Ушул азыктардан Д витаминин жеткиликтүү алса болот. Мындан сырткары, козу карын дагы Д витаминин толуктай алат, бирок аны бардыгы эле аш кыла албайт. Күндөн дагы алса болот. Ал терибизде синтезделет. Бирок, күндөн алуу үчүн жарым жылаңач болуп төрт-беш саат сыртта жүрүш керек. Ошондо да адам күнүмдүк керектүү витаминдин жарымын алышы мүмкүн. Тилекке каршы, биздин заманда андай кылууга мүмкүн эмес. Балдар дагы мурдагыдай эшикте ойнобой калды. Экинчиден, күн нурунан алганды дагы билиш керек. Эшикке чыга турган атайын убак болот. Кээ бир адамдар Д витаминин алам деп чак түштө чыгып алышы мүмкүн. Мындай учурда витамин албай эле, организм талкаланат. Ультракүлгүн нурлары терс таасир этип, тери рак оорусуна чалдыгышы мүмкүн. Изилдөөлөр боюнча орточо 2 жумуртканын порциясы 8.2мкг Д витаминин камтыйт.
Ушул негизги артыкчылыктардан тышкары, изилдөө Д витамини депрессияны азайтуучу ооруларга каршы күрөшүүдө жана кээ бир рак ооруларынан сактоодо дагы бир ролду ойной алат деген божомолдор бар.
А.МУРАТОВА, дарыгер