Бул күндөрү абалкы “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин (1924-2024) 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде кеңири белгиленүүдө. Бул дата жалпы эле “Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы” болуп эсептелет. Буга байланыштуу өткөн жумада (22-ноябрда) Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында “Кыргыз журналистикасына 100 жыл” аталышындагы медиа форум болуп өттү. Форумда “Кыргыз Туусу” гезитинин мамлекетибиздин тарых, маданиятындагы орду, улуттук басма сөздү, улуттук интеллигенцияны, айрыкча кыргыз адабий тилин калыптандыруудагы чоң салымы баса көрсөтүлүп, “Кыргыз Туусу” кыргыз эңциклопедиясы” даректүү тасмасы тартууланды.
Ошондой эле окурмандарга сүйүнчүлөп койчу жакшы кабар форумда араб арибинен кириллицага транскрипцияланган “Эркин Тоо” (1924-1927-жылдар) китебинин бет ачары болуп өттү. Башкача айтканда” “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин алгачкы сандары менен ар кимибиз тааныша алабыз. Мындан тышкары форумда бүгүнкү кыргыз журналистикасынын абалы, өсүп-өнүгүшү, көйгөйлүү маселелери талкууланды.
Медиа форумга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Ж. Исаева, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э. Байсалов, Президенттин басма сөз катчысы А. Алагөзов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Тагаев ж.б. расмий бийликтин өкүлдөрү, журналисттер, интеллигенция өкүлдөрү, маданият ишмерлери катышышты.
Кошумчалай кетсек, форумда Президент Садыр Жапаровдун атынан гезитке жаңы автоунаа тапшырылды жана 1,5 млн. сомдук материалдык, техникалык жардам көрсөтүлдү. Форумду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өткөрдү.
Жамиля ИСАЕВА, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары: “Журналисттер коомдук пикирди жаратат”
“Азыркы дүйнөнү ыкчам маалыматсыз элестетүү кыйын. Андыктан журналисттердин коом үчүн кылган эмгеги өтө баалуу. Сиздердин ары татаал, ары кооптуу ишиңиздер менен өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы жарандарыбыз болуп жаткан окуялар тууралуу кабардар болуп турушат. Сиздердин мойнуңуздарда жарандарды бейтарап жана калыс маалымат менен камсыздоо жоопкерчилиги турат. Анткени журналисттер эл менен бийликтин ортосундагы байланышты түзүп, коомдук пикирди жаратат”, – деди ал.
Аны менен катар 100 жыл мурун кыргыз тарыхында улуу саясий бурулуштар, көптөгөн жаңылануулар жана түрдүү окуялар болгондугун, алардын ичинен көз карандысыздыкты көксөгөн кыргыз элинин алгачкы автономиялуу облусу негизделип, азыркы эгемен мамлекетибиздин пайдубалы түптөлгөндүгүн айтып, ага удаалаш эле маданий агартуу жаатында да жаңылыктар орун алып, эгемендигибизге киндиктеш болгон эң алгачкы басылмабыз жарык көргөндүгүн белгиледи.
Ошондой эле эркиндикке умтулган тоолуу элдин гезити алгач “Эркин Тоо” деп аталып, ал басылма бардык жакшылыктардын жарчысы катары кызмат кылгандыгын, гезитти негиздеген залкар агартуучуларыбыздын бири Эшеналы Арабаев “Эркин Тоого” жарыяланган биринчи макаласында “Мына эми эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн туусу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздарды жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим билимден кабардар болсун деп, бул гезитти чыгарып отурат”, – деп жазгандыгын айтып, эң кызыгы “Эркин Тоонун” биринчи редактору Осмонкул Алиев гезит чыккан учурда 21 гана жашта болгондугун жана уюштуруучулук деңгээли бийик жаш редактор менен бирге туңгуч гезитибизде Жусуп Абдрахманов, Сыдык Карачев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Турдакун Усубалиев сыяктуу кыргыздын кыраан уулдары иштегендигине токтолду.
Ж.Исаева: “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы деп калкыбызда айтылгандай, андагы жагдай менен азыркы турмушту салыштыруу мүмкүн эмес. Эгемендигибиз колго тийген 1991-жылдан тарта коомдук саясий турмушта көптөгөн өзгөрүүлөр орун алып, демократия чакырыгы менен сөз эркиндигине болгон талап да жогорулады”, – деди.
Аны менен катар төраганын орун басары ЖМКлардын өкүлдөрү биринчи кезекте чындыктын, калыстык менен адилеттиктин күзгүсү болушу керектигин, анткени сөз эркиндиги чындыкка жетүүнүн куралы, ал эми чындык талкууда такталып, ЖМКлар аркылуу элге жетерин, андыктан бардык маалыматтарды элге, коомчулукка так жеткирүү, ачык-айкындуулуктун калыптануусу жана жаңылануусу журналисттердин калеминен көз каранды экендигин белгиледи.
Мындан тышкары ал акыркы учурларда классикалык журналистиканын кулачы кеңейип, интернеттин өнүгүшү менен жаңы булактар, жаңы кесиптер пайда боло баштаганын, коомчулук анализдеген маалыматка эмес, ыкчам берилген ушак айыңга ишенип калган жагдайга кептелгенин да жашырууга мүмкүн эместигин, ага ылайык ар бир журналист сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик да бар экенин унутта калтырбашы керектигин баса белгиледи.
Эдил БАЙСАЛОВ, МинКаб Төрагасынын орун басары: “Гезиттерден далилдүү, так маалыматтарды ала алабыз”
“Медиа форумда жолугушуп отурганыбызга тунгуч гезитибиз, кыргыз басма сөзүнүн башаты “Эркин Тоо” азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгы себепкер болуп отурат. Аны менен бирге форумда жалпы эле Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын белгилөөнү көздөдүк. Буга чейин “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгы 7-ноябрда Улуттук тарых музейинде коомдук ишмерлердин, ардагерлердин катышуусунда белгиленген”, – деди ал.
Ошондой эле МинКаб Төрагасынын орун басары алгач “Эркин Тоо” аталышында чыккан азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинде элибиздин адабияты, маданияты, турмуштук окуялары жана жетишкендиктери менен коштолгон 100 жылдык тарыхы камтылгандыгы жана өз кезегинде гезит агартуучулук милдетти да аткаргандыгын айтты.
Төраганын орун басары өкмөттүк басылмалар өз алдынча каржылоого өткөндүктөн, аларга жетишерлик көңүл бурулбай учурда абалы оор экендигине жана пресс-релиздерди тынымсыз чагылдыруунун натыйжасында басылмалардын окумдуулугу басаңдап, аймактык гезиттер жоюлуп кеткендигин айтты.
Ошондой эле ал санариптешкен өнүккөн өлкөлөрдүн ар биринде мамлекеттик басылмалары бар экендигин, алар такталган, анализденген маалыматтарды чыгарарын жана учурда интернет аркылуу маалымат алуу булактары көп болгондугуна карабай гезиттердин өз орду бар экендигине, ошондой эле мамлекеттик гезиттерден окурмандар такталган маалыматтарды ала алышарына токтолду.
Э.Байсалов: “Жакында эле Монголияга барып, аларда күндүн негизги окуяларын камтыган гезит биздегидей жумасына бир же эки жолу эмес, күн сайын чыкканын көрүп ардандым. Москвадан келе жатсам бирөө мага “Коммерсантъ” гезитин берди. Кармасаң колуңа толот, ар кыл багыттагы маалыматтар камтылган. Келгенде биз эмнеге мындай маа-лыматтарга бай гезитти чыгара албайбыз деп Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылдым. Мен мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан кечирим сурайм. Анткени силерди чектейбиз деп жатып, калемиңиздерди мокотуп алган дагы өзүбүзбүз. Аны мойнубузга алышыбыз керек”, – деди.
Агынан жарылган төраганын орун басары улутубуздун дили, тили, адабияты, маданияты басма сөзүбүздө камтыларын жана учурда мамлекеттик басылмалар туш болгон оор абалды жакшыртууга болгон күч аракетин жумшарын баса белгиледи.
Аскат АЛАГӨЗОВ, Президенттин басма сөз катчысы: “Советтик доордо “Кыргыз Туусу” гезити идеологиялык вазийпаны аткарган”
“Жогоруда көрсөтүлгөн даректүү тасмада таасын айтылгандай кыргыз мамлекетинин калыптанышында “Эркин Тоо” азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин ролу чоң. Советтик доордо идеологиялык вазийпаны аткарган жападан жалгыз ушул гезит болгон”, – деди.
Аны менен катар бир кылымдык тарыхы бар басылма 90-жылдардан кийин улуттун уңгусун, маданиятыбызды, нарк-насилибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз кызмат кылгандыгын, бирок кийинки турмушбузга санариптик технологиянын кириши менен маалыматтарды ыкчам жеткирүүнүн булактары көбөйгөндүгүнө байланыштуу гезиттердин ролу басаңдай түшкөнүн айтты.
Ал азыркы учурдагы кыйынчылык жагдайга карабастан басылмалар ишмердигин улантып келе жаткандыгына токтолуп, “Кыргыз Туусу” гезити мындан ары да өзүнүн миссиясын уланта берет деген ишеничте экендигин билдирди.
Ошондой эле Президенттин басма сөз катчысы Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Туусунун” 100 жылдыгына карата материалдык техникалык базасын чыңдоого 1,5 млн. сом жана атамекендик өндүрүштө чыгарылган авто унааны гезиттин редакциясына белек катары бергенин айтып, авто унаанын ачкычын тапшырды.
Марат ТАГАЕВ, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар
саясаты министринин орун басары: “Журналистика коом алдындагы чынчылдык”
“Быйыл 2024-жылы Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен катар кыргыз профессионалдуу журналистикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын дагы белгилеп жатабыз. Кыргыздын тун гезити “Эркин Тоо” азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин жарыкка чыга баштаганынын 100 жылдыгына карата журналист журтчулугуна арналган бир катар иш-чаралар мерчемделген. “Эркин Тоо” гезитинин 1924-1927-жылдары араб арибинде чыккан сандары Гүлзада жана Топчугүл Нармаматовалар тарабынан кыргыз алфавитине транскрипцияланган. Маданият министрлиги гезиттин бул сандарын быйыл китеп кылып басып чыгарды. Ошондой эле “Эркин Тоо”, “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу” деп бир нече жолу аты өзгөрүп чыгып отурган кылымдык тарыхы бар гезиттин 100 жылдыгына арналган Бакыт Орунбеков жазган китеп дагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги тарабынан басылып чыгарылууда.
Журналистика кесип гана эмес, коом алдындагы чынчылдык, объективдүүлүк жана жогорку стандарттар. Бул ар бир журналисттин ишине тийиш болгон баалуулуктар. Биздин бүгүнкү медиафорум жөн гана кесипкөйлөрдүн жолугушуусу эмес, бул тажрыйба, көз-караш жана идеялар менен алмашуу ошондой эле бүгүнкү реалдуулукта медиакоомчулуктун алдында турган мезгил көйгөйлөрүн талкуулоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат”.
Ширин КОСТЮК, Ж.Баласагын атындагы КМУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору: “Кыргызстан тармактык журналистикага муктаж”
“Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде журналистика факультетинин уюшулганына 68 жыл болду. Ушул жылдарда кыргыз журналистикасына кадрларды даярдап берген бирден бир түптүү, белдүү факультет. Бүгүнкү күндө Журналистика жана коммуникация институтунда 4 багытта кадрларды даярдап жатабыз. Бул жалпы журналистика, телевидение багыты, коомчулук менен байланыш жана жарнама багыты. Быйыл эл аралык журналистика деген багытты ачтык. Бул багытта 80% англис тилинде эркин сүйлөгөн балдарды кабыл алып, кошумча корей, түрк, кытай тилинде да эркин сүйлөгөн балдарды чыгарабыз. Ошентип, 4 жылдан кийин мекенибизге 4 тилде эркин сүйлөгөн журналисттерди беребиз.
Биз Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин атактуу журналистика факультети менен 5 жылдык меморандумга кол коюшуп, ушул тапта конвергенттик журналистика боюнча кадрларды даярдоого балдарды кетирип жатабыз. Бүгүнкү күндө экономиканы түшүнгөн, анализ жасай ала турган журналисттер жокко эсе. Ошондуктан Плеханов университетинин жетекчилиги сүйлөштүк. 4 баланы экономика жаатында 2 жыл бекер окутуп, жатаканасы менен камсыз кылып берген жатышат. 2 жылдан кийин мекенибизге экономиканы түшүнгөн журналисттерди берген жатабыз.
Кыргызстан тармактык журналистикага муктаж. Дагы бир көйгөй коомчулук балдар жана өспүрүмдөр журналистикасына муктаж. Балдардын патриоттук, мекенчилдик акыл-эси жаңыдан калыптанып келе жатканда, биз балдарыбызды инстаграмга, тик-токко, социалдык түйүндөргө алдырып ийип жатабыз. Анткени, кыргыз тилинде сапаттуу контент жок. Ал контентти жасаш үчүн албетте бизге жаштардын, өспүрүмдөрдүн журналистикасы керек экен.
Бизде акыркы 10-15 жылда жакшы маалыматка караганда, негатив маалыматты издеп, окугандар көбөйүп кетиптир. Эмне үчүн? Же биз жакшы контент тартуулай албай атабызбы же элдин медиа сабаттуулугу, табити ошол жакка бурулуп калдыбы? Демек, жакшылыкты сүйлөгөн, адамдын эмгегин, көркөмдүктү, улуттук баалуулуктарды даңазалаган контент керек болуп жатыптыр.
Дагы бир чоң көйгөйүбүз бизге окуу куралдары керек, методикалык, сапаттуу, заманбап, кыргызча жазылган китептерге муктажбыз”.
Бакыт ОРУНБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер: “Туңгуч гезиттин тарыхы – элдин тарыхы”
“Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгына карата “Эркин Тоо” (“Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу”) аталган экинчи китепти жаш илимпоздор, изилдөөчүлөр менен биргеликте 10 жыл аралыгында жаздык. Ар бир доордун, ар бир системанын, ар бир башкаруу чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Улам жыл өткөн сайын “Кыргыз Туусу” гезитинин мазмундук жагы дагы, башка тарабы дагы аябай өнүккөнүн байкайбыз. Ошондуктан бул гезиттин тарыхын жазуу – бул жеке эле гезиттин тарыхы эмес, Кыргызстандын тарыхы!
“Эркин Тоо” гезити 1924-1940-жылдар аралыгында Советтер Союзунун карамагындагы Кыргыз ССРинде жүргөн туташ коллективдештирүү, отурукташтыруу, кулактарды, бай-манаптарды тап катары жоюу, калктын сабатсыздыгын жоюу, Сталиндик массалык репрессия, эл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган 5 жылдык пландар, өлкөнү индустриялаштыруу саясатынын чыныгы жарчысы боло алган.
“Кызыл Кыргызстан” гезити улуттук басма сөздүн түптөлүшүнө, журналистиканын тармагына чыйыр салуу менен кесипкөй адистерди даярдоонун, тарбиялоонун мектебине айланган. 1941-1945-жылдары ошол мезгилдин негизги духу, пропагандалык чакырык мүнөздө болгон. “Кызыл Кыргызстан” гезитинин алдына коюлган эң зор милдет совет элин фашизимге каршы уюштурууда жана мекенди коргоого мобилизациялоодо партия менен өкмөткө эбегейсиз чоң жардам көрсөткөн.
1960-1970-жылдар аралыгында “Советтик Кыргызстандын” окурмандары жыл өткөн сайын көбөйгөндүгүн ага болгон жазылуудан байкоого болот. Мына ушул жылдар аралыгында гезиттин нускасы 180 000ге чейин өсүп жетилген. Гезитте партиялык турмуш, редакцияга кат, китеп текчесинде, аба-ырайы, маданият, маданий турмуштун хроникасы жана башка толгон рубрикаларда материалдар жазылып турган.
Ал эми 1980-жылдары кыргыз тилине болгон мамиле өзгөрө баштаган. Көп терминдерди кыргызчага которуп колдонуу күчөгөн.
“Советтик Кыргызстан” гезитинде 1980-90-жылдар аралыгында чоң өзгөрүүлөр болгон, гезиттин нускасы 170 000ге чейин жеткен.
“Кыргыз Туусу” эгемендүүлүктөн кийин өлкөдөгү саясий окуяларды, шайлоолорду, партиялардын күрөшүн, коомдук турмушту активдүү чагылдырган. “Эркин Тоонун” 100 жылдыгына арналган китеп туңгуч гезиттин тарыхы гана эмес, Кыргызстандын 100 жылдык тарыхы деп сыймыктануу менен айтсак болот”.
Абдухалил Акматов, “Баткен Таңы” гезитинин башкы редактору: “Өнүккөн өлкөлөрдө кайрадан гезит окууга өтө башташты”
Гезит бул тарых, архив, керек болсо элдин алиппеси! Биз интернеттен маалыматты оперативдүү алып жатканыбыз менен бир кемчилик кетип жатат. Айыл менен борбордогу маалыматтык тең салмактуу-лук жоголуп калган. Эмнеге дегенде борбордон бизге маалыматтар күн сайын барып турат. Бирок, биздеги эң жакшы маалыматтар, кызыктуу каармандар ошол жакта калып кетип жактаны өкүнүчтүү. Мына ушул өңүттөн алып караганда биз басма сөзгө кайра кайтпасак болбойт. Муну дүйнөлүк практика көрсөтүп жатат. Керек болсо өнүккөн өлкөлөрдө кайрадан гезит окуу адатка айланууда.
Баткен эки өлкө менен чектешкен өзгөчө стратегиялык аймак. Андыктан кыргыз бийлигинин идеологиясын жайылтууда биздин региондо гезиттин ролу чоң деп ишенимдүү айта алам.
Даярдагандар: Вера БЕДЕЛБЕК, Султанбек АМАНБЕК уулу,
Уулжан БЕЙШЕНБЕК кызы, «Кыргыз Туусу»