Күн мурун Бишкектеги №2 төрөт үйүндө үч эм — үч кыз төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар 33 жумалык болуп төрөлгөн. Кыздардын салмагы 2 кг 140 гр, 1 кг 940 гр жана 1 кг 545 гр.

Эне 26 жашта жана бул анын үчүнчү төрөтү. Үй-бүлөдө үч бала бар.

«Бүгүнкү күндө алар реанимация бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.