Күн мурун Жумгал районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, имарат заманбап талаптарга жооп берет, мында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүүлөр камтылган. Мындан тышкары, жаңы техникалык жабдуулар коомдук тартипти камсыздоону дагы натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.