Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Акын-жазуучулардын үмүтү акталабы?

Өткөн аптада Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышты.

Акылбек Жапаров акын-жазуучуларга арнаган куттук сөзүндө адабияттын жаш муунду тарбиялоодо жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөдөгү маанилүү ролун баса белгилеп, балдар адабиятын өнүктүрүү зарылдыгын айтып, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын дүйнөлүк тилдерге жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуу иштерин активдештирүүгө чакырды. Мамлекет мындан ары карай чыгармачыл уюмдарды ар тараптан колдоо иштерин ырааттуу уланта бере турганын, чыгармачылык үйүн жаңылоо иштери улантыларын, адабий журналдарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын убадалады.

«Биз чоң өзгөрүүлөрдүн доорунда жашап жатабыз, бизден тамырыбызды сактап, келечекке умтулуу талап кылынат. Адабият биздин амбицияларыбыздын, үмүтүбүздүн, жетишкендиктерибиздин күзгүсү болууга тийиш. Бүгүнкү аракет – элибиздин эртеңкисине кошкон салым»,–деди Акылбек Жапаров.

МинКаб төрагасынын куттуктоо сөзү соңку 33 жылдан бери жылуу сөз уга элек калемгерлер үчүн үмүт отун жандыргандай болду. Анан калса, адабий гезит, адабий журнал – бул адабий процесстин ажырагыс бөлүгү. Ансыз адабияттын өнүгүп-өсүшүн элестетүү эч мүмкүн эмес. Себеби, мезгилдүү басма сөздө акын-жазуучулардын калеминен жаралган чыгармалар жарыялануу менен, учурда алар эмне жазып, эмне чыгармачылык түйшүк тартып жатканынан кабарлап турат.

Өнөр адамдары үчүн драма театрларынын, опера жана балет театрынын, филармониянын, клубдардын сахнасы кандай маанилүү роль ойносо, калемгер үчүн адабий гезит, адабий журнал дал ошондой эле маанилүү. Адабий процессте эмне жаңылыктар, эмне бурулуштар, эмне өзгөрүүлөр болуп жатканын мына ошол адабий гезит, журнал беттеринен көрүүгө, байкоого болот. Бул калемгерлер канат күүлөп уча турган адабий янтча.

Демек, А.Жапаров убада кылгандай, жаңы жылдан адабий журнал чыга баштаса, ал жакшыбы же жаманбы, улуттук адабияттын мындан аркы өсүп-өнүгүшү үчүн чоң салым кошмок.

Соңку 33 жылда Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун 70, 80 жылдыктары өткөн. Бирок, бул жолку 90 жылдык мааракедей шаңдуу маанайда белгиленген эмес. Ада-бият күнү белгиленип, улуу-кичүү муундагы калемгерлердин башы бириге калган жерде “өлгөндөн калгандар аман барсыңарбы?” деген үшкүрүк коштолгон тамаша кеп айтылып калаар эле. Ушул өңүттөн алганда да, акын-жазуучулардын 90 жылдык мааракеси жышааналуу болуп калды.

Жазуучуларды колдоо жана жаңы чыгармаларды басып чыгаруу мамлекеттик саясатта негизги орунду ээлей турганын, Өкмөт эң мыкты адабий чыгармалар үчүн сыйлыктарды көбөйтүүнү жана жаш авторлордун чыгармачылыгын өнүктүрүүгө шарттарды түзүүнү пландаштырып жатканы да акын-жазуучуларга канат байлатканы шексиз. Мамлекет тарабынан колдоо болсо, адабият улуттук маданий ренессанстын негизи болуп калаары деле талаш жаратпайт.

Салтанатта жазуучу-акындарга Министрлер Кабинетинин сыйлыктары тапшырылды. Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун соңку жылдары салтка айланып бараткан “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү болуп: балдар адабияты боюнча Сулайман Рысбаев, поэзия жанры боюнча Кожогелди Кулуев, проза жанры боюнча Нурканбек Керимбаев, котормо жанры боюнча Толукбек Мендебаев, сын жанры боюнча Жыргалбек Касаболотов, драматургия жанры боюнча Бурул Калчабаева, орус тилдүү чыгармалар боюнча Цунваза Арбуду, Талантбек Жолдошбеков табылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Сыйлык ээлерин үстүбүздөгү жылы 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан “Кыргыз Туусу” гезитинин атынан куттуктайбыз жана чыгармачыл бийиктиктерди каалайбыз. Абалкы “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз Туусу” алгачкы сандарынан азыркы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкону тарых барактарынан белгилүү. Кыргыз совет адабиятынын баштоочуларынан болушкан С.Карачев, А.Токомбаев, К.Тыныстанов, М.Элебаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдык­беков, А.Осмонов ж.б. залкар акын-жазуучулардын алгачкы тырмак алды ырлары “Эркин Тоонун” бетине жарык көрүп, тушоолору кесилген.

Ушул бүгүн да, акын-жазуучулардын өзүнүн адабий гезити жок 33 жылда “Кыргыз Туусу” гезити абалтан келаткан адабий салтын улантып, ар бир санында бир беттен акын-жазуучулардын ырларына орун берип, жаш калемгерлердин тушоосун кесип келет. Адабий сындар да үзгүлтүксүз жарыяланып, адабий процесстин өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө. Демек, башкалар айтпаса да, анын ичинде Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу унутса да биз, өзүбүз улуттук адабияттын өсүп-өнүгүшүндө биздин басылманын орду өзгөчө экенин белгилеп койгубуз келет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар