Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Аны түптөгөн, чыгаан инсандардын бири коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу, тарыхчы Абдыкерим Сыдыков болгон. Бул инсандын басып өткөн жолу ар бир кыргызга улуу сабак боло аларына ынандырып кетким келет.
Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Кыргызстандын азыркы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында, солто уруусунан чыккан ири манаптын үй-бүлөсүндө туулган. А.Сыдыковдун чоң аталары Чүй өрөөнүнүн белгилүү манаптарынан болгон. Чоң атасы Өзбек Пишпек уездинин Талкан болуштугун көп жылдар башкарып, таасирдүү адамдардан болгон. Өз атасы Сыдык да Талкан болуштугун башкарып, кийин Пригородный болуштугуна бий болуп шайланган.
Абдыкерим Сыдыков алгач мусулман мектебинен окуп, араб жазуусун өздөштүргөн. 1904-1911- жылдары Верный (Алма-Ата) шаарындагы мектеп гимназияда билим алат. Ошол кезде бул гимназия Түркстандагы эң кадырлуу окуу жайлардын бири болгон. Бул окуу жайды партиянын көрүнүктүү ишмерлери М.Фрунзе, Ороз Жандосов бүтүрүп чыгышкан.
Гимназияны аяктагандан кийин 1911- жылы Казан университетинин ветеринардык факультетине окууга кирет. Ден соолугуна байланыштуу бул окуу жайды бүтүрө албай калат. 1913-1916-жылдары Пишпек уездик башкармалыгында тилмеч, котормочу болуп иштейт. 1914-жылы декабрда Романовдор династиясынын 300 жылдыгына карата юбилейлик медаль менен сыйланган. 1917-жылы Кыргызстанда убактылуу өкмөт орноп, А.Сыдыков Пишпек уездинин комиссарынын орун басары болуп иштеген. 1917-жылдын жай айларында Пишпекте «Алаш Ордо» казак-кыргыз партиясы түзүлүп, анын негиздөөчүлөрүнүн бири А.Сыдыков болгон. 1918-жылы «Алаш Ордо» партиясынын Пишпектеги бөлүмү тарап, ушул эле жылы А.Сыдыков большевиктер партиясынын катарына өткөн. 1919-1920-жылы Жети-Суу облусунун мусулман бюросунун төрагасынын орун басары, андан кийин Түркстан Коммунисттик партиясынын Жети-Суу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1921-жылы июлда Советтердин Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп, кийин төрагасы болгон. 1922-жылы Түркстан АССРинин Ички иштер Эл коммиссарынын орун басары болуп иштеген. Ушул эле жылы Советтердин бүткүл союздук I съездинде кыргыз жеринен барган өкүлү болуп катышат.
1922-жылы А.Сыдыков Кыргыз Тоолуу облусун түзүү демилгесин көтөрүп чыгып, кыргыз элинин өз тагдырын өзү чечүү укугуна жетишип, эркин болушуна аракет жасаган. 1922-жылдын 25-мартында Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жөнүндө чечим чыгарылган. Анда Пишпек, Каракол, Нарын уездери жана Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгү кирген, борбору Кочкор кыштагы болгон Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жана уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп Абдыкерим Сыдыков бекитилет.
Ошентип кыргыздар жашаган аймактын бир бөлүгүндө бирдиктүү, өз алдынча улуттук автономиялуу мамлекеттүүлүгүн түзүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр ачылат. Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча демилге алгач колдоого алынып, бирок, бийликтеги Р.Кудайкулов, А.Каменскийлер тарабынан колдоого алынбай, бул чоң саясий карама-каршылыкка алып келген. Натыйжада И.В.Сталиндин көрсөтмөсү менен атайын чакырылган съездин иши токтотулган. А.Сыдыков кызматынан алынып, партиядан чыгарылган. 1922-1924- жылдары А.Сыдыков үч жолу партиядан чыгарылып, кайра калыбына келтирилген.
Кыргыз элинин саясий интеллигенциясынын өкүлдөрү А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, К.Тыныстанов, Т.Айтматов ж.б. кыргыздын чыгаан уулдарынын аракети менен 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлдү. Бирок, А.Сыдыков баш болгон бир топ адамдар мамлекеттик кызматтарга атайын киргизилбей калган. А.Сыдыков саясаттан четтетилип, 1926-1932-жылдары Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген. Чоң саясаттан кеткен А. Сыдыков илимге баш-оту менен киришип, бир канча илимий макалаларды, эмгектерди жараткан.
1926-жылы «Кыргыздардын урууларга бөлүнүшү», 1928-жылы 20-январда «Орто Азиядагы жут жана чөп-чар жоктугу жөнүндө тарыхый мүнөздөмө», 1930-жылы «Көчмөн топтордо малды жайытка жаюуну уюштуруу» деген темада илимий эмгектери жарыяланган.
1932-жылы Абдыкерим Сыдыков өзүнүн окуучусу Жусуп Абдрахмановдун чакыруусу менен Фрунзе шаарына келет. Ж.Абдрахманов менен Б.Исакеевдин сунушу боюнча А.Сыдыков Госпландын төрагасынын орун басарлыгына жана айыл чарба бөлүмүнүн башчылыгына шайланат. Бир жылдан кийин 1933-жыл 9-майда камакка алынат. А.Сыдыковго «улутчул контрреволюциячыл уюм Социал-Турандын негиздөөчүсү, отузчулардын уюштуруучусу» деген күнөө коюлуп, 1938- жылы 18-февралда өлүм жазасына тартылган.
Белгилүү профессор Кусейин Карасаев Абдыкерим Сыдыков тууралуу мындайча эскерген: «Ал окуган кыргыз жаштарына өтө кунт коюп мамиле жасап, аларга материалдык жактан колдоо көрсөтөт эле. Эгерде бизде кандайдыр бир маселе пайда болгон кезде өз оюн таңуулабай, жай түшүндүрүп берет эле. Ал биз үчүн ар качан ак дилдүү кеңешчи жана улуу жолдош болгон. Бирок анын «эл душманы» экендигине биздин эч кимибиз ишенген жокпуз. Абдыкерим Сыдыковду «эл душманы» деп атаган адамдын өзү «эл душманы» болгон.
А.Сыдыков кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү кыргыз интеллигенциясынын лидери болгон. Буга далил катары 1938- жылдын 10-февралдагы акыркы суракта А.Сыдыков: «Мен антисоветтик улутчул документке кол койгон отуз адамдын уюштуруучусу, идеялык жол башчысы болгом» деп айткан.
А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, К.Тыныстанов ж.б. кыргыз интеллигенциясынын акылмандыгы, көрөгөчтүгү, алардын талбай эмгектенген аракети менен бүгүнкү күндө эгемендүү Кыргыз Республикасы бар.
Курманбек ХАЙДАРОВ,
№94 мектептин тарых мугалими