“Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгы белгиленип жатканда, кезегинде ушул гезитте иштеп, өзүнүн чоң салымын кошкон, чыгаан журналист, көрүнүктүү адабиятчы жана илимпоз Бакен Ашымбаев жөнүндө айта турган учур келди. Ал касиеттүү көл кылаасындагы Чоң-Сары-Ой айылында 1932-жылы жарык дүйнөгө келген.
Бакендин атасы Ашымбай колхоздун жумушуна мүмкүнчүлүгүнө жараша ар дайым катышкан, ак көңүл адам болуптур. Чарбада мураптык ишти абийирдүүлүк менен аткарган. Апасы Айшакан улуту казак, жылдыздуу, кара көз, кара каш, келбеттүү, асылзат аял болгон. Кичинесинен зээндүү өскөн Бакен аба мектепте жакшы окуп, адабий ийримдерге катышып, ыр жаза баштайт. Ыр же газетага кабар жазып калса кыргыз тили жана адабияттан сабак берген агайы Жумакадыр Аккөрпөевге окутуп жүрөт. Мына ушул агайы келечекке багыт берип, анда талант, жөндөм-шык бар экенин алдына ала көрө билген. Жумакадыр атам кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим, кийин мектептин директору милдетин аткарып жүргөндө да ырлары, макала, сүрөттөмөлөрү райондук жана республикалык газеталарга үзгүлтүксүз жарыяланып турчу.
Кийин Ысык-Көл райондук «Коммунизм таңы» газетасында жооптуу катчылык кызматта иштеген.
Бакен Ашымбаев Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабияты бөлүмүнө өтөт. Студенттик жылдарда билимге умтулуп, көптү билүүгө ынтызарланып, дүйнөлүк классиктерди окуп, адабиятка болгон кызыгуусу артат. Табигый шыгы ачылып, ыр жана адабий сын макалаларды жаза баштайт.
Окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковдун кабыл алуусунан өтүп, Маданият министрлигинде башкы редакторлук кызматка дайындалган жана эмгек жолун баштаган.
Чыгармачылык жолу аны «Кызыл Кыргызстан» газетасынын күжүрмөн журналисттеринин катарына алып келет. Белгилүү журналисттер Бектурсун Карабаев, Көчөрбай Жунушалиев, Насырынбек Жаналиев, Анаш Абакировдор анын мыкты журналист болушуна жол көрсөтүшөт. Ошол мезгилде “Кызыл Кыргызстан” гезитинин адабият жана искусство бөлүмүн жетектеген Айымбүбү Ботаканова менен чыгармачылыкта иштеп, бөлүм башчылык кызматка көтөрүлгөн.
Бакен Ашымбаевдин калемине таандык сын макалалар, очерктер, рецензиялар коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган.
1958-жылы Москва шаарында өтө турган Кыргыз адабиятынын жана маданиятынын экинчи декадасынын салтанаттуу жүрүшү жөнүндө «Советтик Кыргызстан» газетасынын атайын кабарчысы катары барып, ага декаданын жүрүшүн тездик жана күжүрмөндүүлүк менен чагылдырып туруу милдети коюлган.
«Оркестрдин коштоосу менен «Токтогул» операсынын партиясын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Артык Мырзабаев эң сонун мукам обону менен аткарган. Москвалыктар артисттин талантын жогору баалашып, кол чабуулар залды жаңырткан.
«Чолпон» балетинин коюлушу коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурган. Бийчилердин чеберчиликтери жакшы, техникасы мыкты. Б.Бейшеналиеванын, Р.Чокоеванын, У.Сарбагышевдин бийлери зор таасир калтырган. Айдайдын татаал партиясын Б.Бейшеналиева чыныгы таланттуулук, бийчилик өнөрү менен ачык көрсөткөн. «Чолпон» партиясы Р.Чокоеванын аткаруусунда музыкалуу жана таасирдүү. У.Сарбагышев эр жүрөк Нурдиндин ролун өтө көркөм аткарды, анын бийи эң жакшы», – деп жазган Бакен Ашымбаев.
Ал өтө кыска өмүрүндө очерктерди, публицистикаларды, замандаштары
тууралуу көркөм чыгармаларды жазган. Алсак, «Күндөрдүн барактары», «Мезгил сапарлары», «Замандаштар» аттуу очерктер, аңгемелер жыйнактары окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Дасыккан журналист Бакен Ашымбаев алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө жазган «Чыңгыз Айтматов» аттуу китеби илимий жактан ой жүгүртүү болгон жана анын «Жамийласын» кыргыз адабиятынын асманындагы Чолпон жылдыз атаган. «Жамийла» жарык көрөрү менен басма сөздүн көз жаздымында калган жок. «Жамийланын» сапары узак болду, – деп өзгөчө баса көрсөтүп жазган.
«Советтик Кыргызстан» азыркы «Кыргыз Туусу» газетасында иштеп жүрүп, Кыргыз Илимдер Академиясынын аспирантурасын ийгиликтүү бүтүргөн. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүр жолуна, чыгармачылыгына арналган илимий диссертациясын жазып бүткөн.
СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, таанымал адабиятчы, окумуштуу, коомдук ишмер Бакен Ашымбаев Биринчи Май райондук Кеңешине депутаттыкка шайланган.
1962-жылы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директорлугуна кызматка дайындалат. Ырчылардын өздүк репертуарларын жаңылоо, тартиптерин чыңдоо, артисттик наамды ыйык тутуу, тарбиялык, уюштуруучулук иштерди көтөрүүдө көп күч жумшаган.
1964-жылы журналист, адабиятчы, коомдук ишмер Бакен Ашымбаев 32 жаш кырчын курагында оорудан каза болуп калган. Алдыга койгон максаттары ишке ашкан жок.
Малик АККӨРПӨЕВ,
Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айылы