Фергана районундагы жалаң кыргыздар жашашкан Кара-Жантак кыштагы Кыргыз Республикасынын курамына кошулду. Улутташтарыбыздын үмүт-тилеги эки мамлекеттин башчыларынын акылман саясатынын, достугунун аркасында жүзөгө ашты. Далай кара-жантактыктар көздөрүнө жаш алыша кубанычка батышып, кыргыз паспортторун алышты. Ушул жагдайга кененирээк токтолгум келет.
Карт тарыхта
Даван деп аталган азыркы үч көз карандысыз мамлекеттин айрым аймактарын бириктирген Фергана өрөөнүндө кыргыздар өзбек, тажик эли менен алакалаш турмушта күн кечиришип, алардын жакшы сапаттарын үйрөнүшүп, негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишкени маалым. Бүгүн дүркүрөп өнүгүп жаткан гөзөл Фергана шаарынын жанындагы Маргалаң, Кува, Бакай, Кыр-Манас, Жайылма, Кептеркана, Жабагы, Кара-Жантак деген шаар-кыштактарда кыргыздар отурукташкан соода-сатык менен кол өнөрчүлүккө берилишкен, ислам динин алгачкылардан болуп кабыл алышкан, илим менен маданияты кескин өнүккөн кошуналар менен достошуп, тыгыз карым-катнашта, кыз берип, кыз алышып куда-сөөк күтүшүп, ынтымак-ырашкерликте чогуу-чаран жакшы жашап келишкен.
Өзбек адабий тили Фергана говорунун негизинде кабыл алынган. Бул өрөөндөн окумуштуулар, жетекчилер, акын-жазуучулар, усталар, кол өнөрчүлөр абдан көп чыгышкан. Аны тарыхый булактардан жакшы билебиз. Ал эми кыргыз элинин пайдубалын түзүшкөн ичкиликтин бостон, кыдырша, найман, тейит, төөлөс, каңды, жоокесек деген уруулары негизинен азыркы Лейлек районунун аймагындагы айылдардан акырындап жер которушуп, Фергананын түздүктөрүн көздөй көчүп келишип дыйканчылыктын сырларын үйрөнүшкөн.
Маселен, айылдагы зыялылардын айтымында кыдыршалар Лейлектеги Козу-Баглан дарыясынын алабынан-жээгинен көчүп келишкен экен. Алар тууралуу 16-кылымда эле Сайфидин Аксыкентинин “Мажму ат-Таварих” деген эмгегинде таасын жазылып калган. Мына 19-кылымда биздин райондогу Кызыл-Булак, Пум, Охна, Тамаша, Айдаркен айыл-кыштактарынан Молдо Нияз, Туяк Эрназар уулу, Абдимомун Досберди уулу, Анарбай апыз, Абдырахман деген ырчылар лирикалык, саясий, патриоттук, ашыг-лык ырларын кагаз бетине түшүрүшүп же оозеки айтышып даңаза болушкан. Булар биз билгендерибиз, унутулбай сакталып калгандары. Ал эми эскерилбей кеткендери андан бир канча эсеге көп болсо керек.
Ушул жашыл оазиске айланган даңазалуу өрөөндөн чыккан залкар инсандардын бири туурасында кененирээк маалымат бергим келет. 790-жылы азыркы Кува районунун аймагында улуу инсан Абдул Аббас Ахмад ибн Мухаммед ибн Касар-ал-Фергани бабабыз туулган. Латынча тарыхта Альфраганус деп жазылып жүрөт. Ал Багдадда жашаган. Атактуу Аль-Хорезми жетектеген Ислам академиясындагы “Акылмандар үйүндө” иштеген. Астроном, математик Аль-Фергани 860-жылы Фергана өрөөнүндө дүйнөдөн кайткан. Ал окумуштуу катары жер планетасынын шарга окшош тоголок экенин далилдеген. Жыл ичиндеги эң узун күн 22-июнда, эң кыска күн 22-декабрда болорун биринчи болуп тастыктаган.
Бул жашыл өрөөндө Александр Македонскийдин, Чыңгыз хандын, Амир Темирдин, Бабурдун буттарынын изи калган азиз жана ыйык жер. Аларга болгон сый-урмат кошуналарда абдан жогору. Досторубуз уруу-уруга, кокту-колотко бөлүнүшпөй, тес-керисинче бир асыл максатка биригишип өз өлкөсүн алдыңкылардын катарына теңөө үчүн бел чечпей эмгектенип жатышат.
Советтик доордо
Жергебизде совет бийлиги орной баштаган учурда ылдыйкы аймактагы кыштактарга отурукташа баштаган кыргыздар акырындап өрлөп, абасы таза, мал багууга жагымдуу Саңги бала, Кара-Бий, Пахалы, Сары-Талаа, Кара Тумшук, Кожо-Кайыр дегендей жерлерди карай, суусу таңкыс болсо да, кой-эчкилерди жайганга ыңгайлуу тоо этектерин карай жылышып, отурукташа башташкан. Биз билгенден чөбү дүркүрөп өспөгөн, караган, четин, табылгы, ит мурун, кара чеке, ыргай, жылгын, сөксөөл анчейин чыкпаган, жалаң шыбактар менен коен томуктар, дарылык касиети бар көөл жайнаган аймакка арык салышып, суу бурушуп, кайракы аймакка жарамдуу өрүк, жүзүм, шабдалы, жаңгак баштаган бак-дарактарды тигишкен.
Кадамжайдын жанындагы, Кызыл-Кыянын жолундагы бул четки айылда жер кеңири болгонун биз да байкап калдык. Бирок кыштактын аты Кара-Жантак экенин бир аз иликтеп көрөлүчү. Кыргызда “жантак керек болсо, төө мойнун созот” деген накыл кеп айтылып калган. Китептерди аңтарып отуруп, улууларга кайрылып жатып Жантак деген кандай өсүмдүк экенин таба албай койдум. Анан эле кокусунан сүрөттөрдүн арасынан кадимки көөлгө окшош, жерде жайнап жаткан, тикенектүү, жашыл өсүмдүктүн сүрөтүн таап алсам болобу. Биологдор да тастыкташты. Ал эч кандай бадал эмес, жөн гана суусу аз жерге өскөн, айрым малга тоют сыяктуу Кудайдын бир тикенектүү берекеси экен. Суусу таңкыс чөлкөмдө Жантак жайылып азыр азайып баратканы байкалат. Майда мал менен төө жаныбарга жагымдуу окшойт. Кара дегени адабий тилибизде көп, арбын дегендин синоними эмеспи. Кыштакка чектеш Жабагы айылында да кыргыздар жашашып, кыргыз мектеби бар.
Фергана районунун борбору Вуадиль кыштагынын колтугунда жайгашкан, айдоо жери көп бул четки айылга Өзбекстан тарабынан жакшы эле көңүл бурулган. 1973-жылы жаңы орто мектептин, кийинчерээк балдар бакчасынын, фельдшердик-акушердик пункттун заманбап имараттары курулганын канагаттануу менен көрсөтүүгө болот.
Биз барган айыл мурда Социалисттик Эмгектин үч жолку Баатыры Х. Турсункулов атындагы алдыңкы колхоздун бир бригадасы болгон. Советтик мезгилдин соңку жылдарында биз да бүлөбүз менен бул чарбанын даркан талаасында пахта өстүрүп, терип мамлекетке тапшырууга катышып калдык. Кыштактагы биз сыйлаган Гапар ава Гүлүшовдукуна барып балдары, неберелери менен Ыстыктын-Сайы деген жерден кадимки суу тегирмендин ташын чыгаргандарды өз көзүм менен кызыгып көргөм. Карыянын кызыктуу аңгемелерин көп уккам. Аш-тойлоруна да катышып калдым. Эми бул тарапта үлкөн иштер аткарылып, реформалар ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат.
Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев бул жакта Өзбекстан Республикасы менен 6 чакырымдан чектешерибизди айтты. Көп жылдардан бери масилеттешип отуруп Кыргызстанга 241,5 гектар жер аянты, 219 кожолук же 891 тургун кошулду. Анын 240ы пенсионерлер, 269у он сегиз жашка чейинкилер. 246 тургунга Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган жаңы паспортторду Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Ошол учурдагы улутташтарыбыздын көздөрүнөн кубанычтын жаштары куюлганына ыраазы болдук. Дагы 600 адам паспорт алууга арыз тапшырышкан. Алардын маселеси да мыйзамга ылайык оңунан чечилер деген үмүттөбүз.
Келечек айкын
Биз тасмадай созулган асфальт жолдо зымырап жүрүп отуруп оңго бурулуп, бир чакырымдан ашыгыраак жүргөн соң түз эле балдар бакчасы менен №86 мектепке кирип бардык. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, тажрыйбалуу педагог Айсалкын Калыбаева, тарых мугалими Чыныгүл Калыкова, айыл аксакалы Исраил Жадилов жана башкалар кубанычтары койнуна батпай ийгиликтерге жетишкенин биринен экинчиси жарыша саймедиреп айтып беришти. Мектептин имараты дурус экен. 23 мугалим 217 балага терең билим, татыктуу тарбия берип жатышыптыр. Залдардын, класстык кабинеттердин жасалгасын көрүп көзүң тоет. Бизден суранышканынан улам, Бишкектеги “Турар” басмасынын директору Милан Мураталиевдин, Кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаеванын, акын-жазуучулар Тынч-тыкбек Нурмамбетов, Тойчубай Субанбеков менен Суусарбек Тыналиевдин, Кадамжай районунун ардактуу акындары Салия Жусубалиева менен Жумагүл Газыбаеванын жана өзүмдүн атыман кайрымдуулук жардамдарды, адабий, тарыхый китептерди, гезит-журналдарды мектептин китепканасына тапшырдым. Буюрса, аларды эрикпей окушкан уул-кыздарыбыз элибиздин адабиятын, тарыхын, маданиятын, каада-салтын дагы да жакшы үйрөнүшүп, жаркын келечекти куруучулардын алдыңкы сабында болушуна ишенебиз.
Кара-Жантакта объективдүү себептерге байланыштуу дагы кошумча көптөгөн социалдык объектилерди куруу керек. Алсак, мончо, дарыкана, электр чубалгылары, эс алуу жайлары салынар. Экинчиден, азыркы чек ара тилкеси мектепке чукул болуп, окуучулардын коопсуздугуна, билим алышына ыңгайсыз болгондуктан өйдө жакка, заңгыраган заманбап мектеп курулса деген ойлорун айылдыктар айтышты. Бул маселелер азыркы бийликтин тушунда кыска аралыкта оңунан чечилишине ишенебиз. Анан айылда унаа каттамын жөнгө салуу зарыл. Эң башкысы карапайым жаштарды жумуш менен камсыздоо, сырткы миграцияны чектөө үчүн өнөр жай ишканалары ачылса жакшы болор эле.
Суу маселесин өлкөбүздүн мекенчил уулу Асанбай Пазылов жетектеген “Алга кадам” коомдук уюму Шаймерден дарыясынан тоо-таштарды жардырып тешип, тегиздиктеги 7000 гектардан ашуун дың жерлерге элдин жардамы менен канал куруунун үлгүсүн көрсөтүп жатат. Кара-жантактыктар да андан пайдаланышып, үзүрүн көрүшөр деген ойдобуз. Кыскасы, дагы беш-алты жылдын аралыгында Кадамжай шаарынын Күн Чыгыш тарабында гүлдөгөн, абатташкан жаңы конуштар салынары бышык!
Адылжан ЖАЖАНОВ, журналист