Кыргызстанда 2,3 миң майыптыгы бар жаран жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова «Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды инклюзивдүү жумушка орноштуруу» форумунда билдирди.
Иш-чара майыптуулугу бар адамдардын Эл аралык күнүнө карата Эмгек министрлиги тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурулган. Форум мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана жеке компаниялардын көңүлүн майыптыгы бар адамдардын эмгекке жана иш менен камсыз болуу укугун ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасына буруу максатын көздөйт.
Форумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, иш берүүчүлөр, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Эдил Байсалов өзгөчө муктаждыгы бар адамдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу — бул коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү экенин жана мамлекет алардын өлкө турмушуна толук кандуу катышуусуна шарт түзүшү керектигин баса белгиледи.
Министр Жылдыз Полотованын айтымында, Кыргызстанда 217 миңден ашуун майып адам бар, алардын 29 миңге жакыны экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алышат.
«Президент Садыр Жапаровдун майыптуулугу бар жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү саясатынын алкагында министрлик бул багытта активдүү иш алып барат. Жыл башынан бери майыптуулугу бар 500дөн ашык жаран жумушка орношуп, кесиптик окууга жөнөтүлдү. «Социалдык контракт» программасынын алкагында өз бизнесин ачкан майыптуулугу бар жарандардын саны 1,8 миңден ашты», — деди ал.
Полотова белгилегендей, жумуш берүүчүлөр өзгөчө мамилени талап кылган адамдарды жумушка алууда көптөгөн тоскоолдуктарга туш болушат, анткени бул кошумча чыгымдарды, жумуш ордун оңдоону жана башка маселелерди талап кылат. «Ошентсе да биздин коомдогу бир катар мамлекеттик мекемелер жана жеке уюмдар бул багытта жакшы иштерди жасап жатышат», — деп баса белгиледи министр.
Ал эми депутат Раимбасаева Жогорку Кенештин депутаттары курулуш компанияларга өзгөчө жарандарыбыз үчүн бардык шарттар болсун деп талап коюп жатканын белгиледи.
«Инклюзивдик иш менен камсыз кылуу – бул адилеттүүлүк гана эмес, бул туруктуу экономиканы жана ынтымактуу коомду курууга акылдуу инвестиция. Тоскоолдуктарды жоюу жана майыптыгы бар адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен биз бардыгына пайда алып келе турган бай, пайдаланылбаган потенциалды ача алабыз», — деди БУУнун өкүлү Моника Ризал.
Форумдун алкагында майыптыгы бар адамдар үчүн бирдей шарт жана мүмкүнчүлүк түзүп берип, өз жамаатындагы ар бир адис үчүн, өздөрү иштеген жамааттын өнүгүшү үчүн, жоопкерчиликти алган бизнес өкүлдөрүн сыйлоо аземи болду.
Форумда «Майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу» боюнча колдонмо көрсөтүлүп, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды инклюзивдүү жумушка орноштуруу тажрыйбасы көрсөтүлдү. Катышуучулар ошондой эле майыптыгы бар адамдардын көрсөткөн кызматтары жана чыгарган продукциялары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.