whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаБишкекте эки акча алмаштыруу жайына 55 миң сомдон айып салынды

Бишкекте эки акча алмаштыруу жайына 55 миң сомдон айып салынды

Бишкекте эки акча алмаштыруу жайына айып салынып, экөөсүнүн лицензиясы токтотулду.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, КР мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:

  • 2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 14-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150/10-үй дареги боюнча жайгашкан «Кут плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 21-майындагы № 6823 лицензиясы;
  • 2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 9-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 105-үй, № 1 а бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Абдель» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 7-декабрындагы № 6657 лицензиясы.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар