«Төкмөлүк өнөр кыргыз элинин кан-жанынан бүткөн өнөр» деген сөздүн акыйкаттыгына 1992-жылдын май айынан тартып чындап ынандым. Кыргыз телерадиоберүүсүнө төрагалык кылган Орозова Умтул Шейшеевна СССРдин эл депутаттыгына шайланып, анын ордуна эркин ой жүгүрткөн, маселени шыр чечкен чыгармачыл инсан Сатыбалды Жээнбеков келди. «Эл чыгармачылыгы» башкы редакциясы ачылды. Мени («Адабият жана драма» башкы редакцияда иштечүмүн) орун басарлык кызматка дайындады. Ошентип улуттук көөнө өнөрлөрдү кайра калыбына келтирүү, жалпыга таанытуу иретинде «Эл ичи – өнөр кенчи», «Санат», «Чебер», «Кылым карыткан күүлөр», «Залкарлар» деген жаңы рубрикаларды ачтык. Эл арасында унут калып бараткан жыгач ооз комуз, кошок ыры, өлөң сыяктуу темаларды элге жеткирдик. Ошону менен катар «Ыр кесе», «Сайра комуз», «Сен сүйгөн обон», «Таанышып коюңуздар» деген бир катар көрсөтүүлөр редакциянын негизги темалары болуп калды.
Ошол мезгилде бизди түйшөлткөн бир тема бар эле. Ал акындык – төкмөлүк өнөр болчу. Анткени кошуна казак бир туугандар алгач жаттама айтыштарды уюштуруу менен бул теманы жолго коюп алышкан эле. Калык, Осмонкул, Алымкул артынан Ысмайыл менен Токтоналыны, ага улай Ашыралы, Эстебес, Токтосун, Тууганбай өңдүү жаштарды өздөрү менен кошо ала жүрүп жетилтип койгон экен, ошол төрт акыныбыз, кийин аларга кошулган Замирбек алтымышынчы жылдардын орто ченинен тартып токсонунчу жылдарга чейин төкмөлүк өнөрүбүздү улантып келишкени чындык. Акындык айтыш өнөрүбүз мына ушул «төрт акын менен бүттүбү» деген суроо биздин «Эл чыгармачылыгы» башкы редакциясынын жамаатынын да башын ооруткан көйгөйгө айланып, бул үчүн эмне кылуу керек деген маселенин үстүнөн издене баштадык.
1991-жылдын аягында «Ала-Тоодон алтымыш акын» деген темада төкмөлөрдүн республикалык телесынагын өткөрүүнү чечип, аны 1992-жылдын май айына белгиледик. Ошол учурда биз үчүн эл арасында акындык өнөргө ынтызар шыктуу таланттардын бар же жогу анчейин белгисиз бүдөмүк эле. Ошондой болсо да бара-бара көрөрбүз деп тобокелдикке бардык.
Редакцияда кабарчы болуп иштеген раматылык Максатбек Исакуловго айтыш телесынагынын жооптуу редакторлук кызматын аркалап, байге фондун түзүү жана топтоо үчүн демөөрчүлөр менен иштешүүнү жүктөдүк. Мен болсом «Ала-Тоодон алтымыш акын» телесынагына карата дембе-дем көрсөтүүлөрдү уюштуруп, жамы-журтка кеңири маалымдап турууга, идиреги бар таланттардын делебесин кызытып шыктандырууга өттүм. Ал эми телесынактын бардык жоопкерчилиги раматылык башкы редактор Сыдык Акматовго жүктөлдү. Телесынагыбыз үзгүлтүккө учурап, ашмалтайыбыз чыкпасын деп, айтылуу төрт акыныбызга «айтышты ачып, жаш таланттарга ак жол каалап же башында бири-бириңиздер менен айтышып, айтыштын үлгүсүн көрсөтүп бериңиздер» деген таризде кайрылуу жасадык. «Койгула, жаштарга аралашсак болбойт, бизди тим эле койгула, жаштар айтышсын» деп сыпаа гана жооп берип коюшту. Алардын бул жообу бизди ого бетер бушайманга салды. Акындар орто жолдо сөзүнөн адашып же элден сүрдөп, көрсөтүүбүз үзгүлтүккө учураса эмне кылабыз, анын үстүнө көрсөтүүнү түз эфирге да коюп алган элек. Азыр ойлосом, ошол жасаган ишибизге жүрөгүм түшөт.
Ошентип телесынак 1992-жылдын май айынын жыйырмаларында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынан түз эфир аркылуу бүтүндөй Кыргызстанга бериле баштады. Театрга эл батпайт, сыртта билет сурап жөөлөшкөндөр андан көп. Атайын ушул айтышты көрүү үчүн тиягы Ош, Баткен, Жалал-Абаддан, биягы Ысык-Көл, Талас, Нарындан келгендер да болду. Бул да болсо элдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуу-арзуусу, ушул өнөрүбүз унут калбаса экен деген ошол учурдагы элдин көксөөсү болсо керек деп ойлойм. Ошентип айтыш биз күткөндөн да жогорку деңгээлде абдан кызыктуу, шаңдуу, жандуу өттү. Көчөдө жолуккан адамдардын сүйлөшкөн сөздөрүнүн бары эле ошол, акындардын айтышы болуп калды.
Айтыштын алгачкы күнүндө шыр дегенде эле жаңы-жаңы ысымдар чыга келди. Айрыкча Табылды Актандын сакал туурасында айтканы айтыштын шаңын көтөрүп, кыйытма, тамаша ыкмалары менен элдин бүйүрүн кызытты. Ал эми Майра Керим кызы чу дегенде эле такшалган акын катары айтыштын нукура «жеңеси» (аны кийинки айтыштарда да далилдеп жүрдү) боло алды. Буга чейин филармонияда иштеп калган Абдылда менен Амантай Нарын драма театрынан келген Табылды капилет куйкум сөздөрү менен көрүүчүлөрдүн эсинде калышты десем ашыкча болбос. Ал эми эл арасынан келген Тайырбек, Сапарбек, Исак, Назарбек, Нурдин сыяктуу аксакал акындарыбыз кадимки каадасын карманышып, эзелтен келаткан айтыштын үлгүлөрүн көрсөтө алышты. Айыл жергесинен келгендердин арасында келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштары да бар эле.
Ошентип «Эл чыгармачылыгы» башкы редакциясы алдына койгон өз миссиясын аткарып, «Ала-Тоодон алтымыш акын» аттуу республикалык телесынагы өз максатына жетти десем да, жетмек тургай, үзүлүп бараткан элдин үмүтүн кайра жандырып, төкмөлүк өнөрүбүздү бутуна тургузду» десем да, аша чапкандык болбостур. Тескерисинче, бүгүнкү күндө жаш акындарыбыздын жазгы кызгалдактардай ачылып жатканы, өнөрлөрү өр алып такшалып баратканы мени сүйүндүрүп, сыймыктануу сезимимди арттырып келет.
Кийинки 1993-жылы ошол кездеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын директору маркум Акун Токтосартовдун демилгеси менен кайрадан акындардын республикалык айтышы өтөт. Мына ошол айтышта бул өнөргө болгон жаштардын, айрыкча өспүрүм балдардын кызыгуу аракети сынакка катышкан Элмирбек менен Жеңишбектен көрүнөт. Ошондо Жеңишбек он алты, Элмирбек он беш жашта болгон.
Ал эми кийинки жылы ошол эле Акун Токтосартов агабыз Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын элдик таланттарын катыштырып, акындардын эл аралык айтышын өткөрөт. Өзбекстан менен Түркмөнстандын сууруп салмалары ашулла-шерлерин тартуулашса, кыргыз, казак акындары кадимки айтышты көрсөтүштү, алардын ичинде Өзбекстанда жашаган казак акыны Бөрүбай Оразымбетов да бар эле. Анда баш байге жок эле. Биринчи орунга төө сайылган болчу, ал «ат арытып алыстан келген конок» дегенсип, казак акыны Баянкалыйга ыйгарылган эле.
Мына ошол 1992-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилдеги жаш акын-талапкерлердин айтышы, жашоо турмушу менин көз алдымда болуп, даярдаган көрсөтүүлөрүм аркылуу жамы журтка тартууланып турду. Алардын ийгилигине кубана алкоо сөзүмдү айтсам, алешем болгон учуруна дем берип, кээде чыйралта турган камчылама сөздөрүмдү да аянган эмес элем.
Ушу жерден пайдаланып, Элмирбек менен Айнуранын айтышын айтып берейин. Казактар 2002-жылы Нооруз майрамына карата Астана калаасына эл аралык айтыш уюштуруп, ага катышууга биздин акындарга чакыруу жөнөтүптүр. Айтышка катышууга Абдылда, Амантай, Жеңишбек, Элмирбек, калыстар тобуна деп Эстебес менен «Айтыш» коомдук фондунун жетекчиси Садык Шер-Ниязды чакыртыптыр. Мен болсом журналист катары телерадиокорпорациядан аларга кошулдум.
Ал айтышка «Айтыш» коомдук фондунун жетекчиси Садык Шер-Нияздын демөөрчүлүгү менен бардык. Эстекем барган алгачкы күндөрү казактын калк акыны катары ошол кездеги эл башчыга жолугуп, күз айларында боло турган өзүнүн 75 жылдык юбилейи тууралуу маа-лымдаган эле. Эртеси калыстар тобу айтыштын эрежелери менен таанышып жаткан алгачкы жыйында ага капилет кабар келет да, Эстекем дароо кайра Бишкекке учуп кетет. Ошондо Эстекем айтыштын акырына чейин болгондо, калыстардын биздин акындарга берген упайлары башкача болот беле деген ой алигиче менин оюмдан чыкпай келет. Анткени ал айтышта акындарыбыз жогорку деңгээлде мыкты айтыш курган эле. Мен болсом казак коллегаларым менен кыргыз акындары катышкан айтыштарды көчүрүп аларым жөнүндө макулдук алып, бирде көрүүчүлөр менен залда болсом, бирде сахна артында жүрдүм.
Мына-мына, Элмирбек чыгат, деп жатканда, сахна артына барып калсам, жүзү ыймандуу ак жоолукчан эне, «Балам, бул жерде ар кандай адам бар, сага көз тиет, мынабу ысырыктын түтүнүнөн жыттап ал», деп бөжөңдөп Элмирбектин жанында жүрүптүр. Ошону көргөнүмдө «ии, бизге да күйгөн адамдар бар экен» деп, ичимен жашый түшкөмүн. Ырас, айтыштан соң атайы келип, өздөрүн тааныштырган бизге күйгөн кандаш көрөрмандарыбыз да бар экен. Алар мындан 300-400 жыл мурда Астананын тегерегин байырлап, отурукташып калган кыргыздар экен. Ошентип Айнура менен Элмирбек сахнага чыгып, айтышты алгач Элмирбек саламдашуу менен баштап келип, Айнурага карай кадимки Корголдун обонуна салып, комузга кол ойнотуп алгачкы сөзүн баштаганда, отурган эл айтыштын деми, кыз-жигиттин духу кандай болорун сезип, кол чаап жиберишти. Айтыш мына ошол духунан түшпөй, кыз-жигит айтышынын эң жогорку үлгүсүнө айланды. Башкача айтканда, ошол экөөнүн айтышы айтыштардын эң бийик деңгээлин көрсөтүп, бүгүнкү күндө 3 миллиондон ашык көрүүчүнү топтоп, ютубдан түшпөй келет.
Акындардын айтышы демөөрчүлөр чыкса жылына бир же эки жолу болсо болот, болбосо жок. Айтышты өткөрүү обончу, ырчы, аткаруучулардын концерттериндей эмес, бир топко түйшүктүү иш экен. Аз да болсо идиректүү жаштарды таап, айтышка болгон ышкы-каалоолорун козгоп алгандан кийин аларды таптап, жетилтип туруу жагы бизди, айрыкча аларга редакторлук милдетти алган мага өтө оор жана татаал болду. Ошондон улам акынмын деген жаштар менен сүйлөшүп, айтыш өткөрөлү, бирок байге жагы болбойт, филармониянын ижара акысын төлөгөнгө жетсек, ошого шүгүр дейли, силер үчүн эл алдына чыгып айтышка машыкканыңар, акындык өнөрдүн эмне экенине, эл арасында өзүңөрдүн ким экениңерге түшүнгөнүңөр чоң утуш деп акындардын өз алдынча айтышын уюштурмак болдук.
Менин бул оюма алар да макул болушту, ошентип биз эч кимге кайрылбай туруп, филармонияны ижарага алып билет саттыра баштадык. Айтышка бир-эки күн калганда билеттин сатылышынан кабар алсам билеттин өтүшү солгун экен. «Ижара акысы да чыкпай калабы, бул эмнеси…» деп, бушайманга түшө баштадым. Жумушта отурсам «айтыш өткөрүп жатыптырсыз» деп, Мыктыбек Арстанбек келиптир. «Ооба, обончу-ырчылар концерт бергендей, мен дагы элди айтышка көндүрөйүн деп жатам» дедим. «Андай болсо, минтип отурганыңыз болбойт, жан-алыңыз калбай чуркашыңыз керек. Билеттер сатылып жатат деп отура берсеңиз банкрот болосуз, ижара акыны да төлөй албай каласыз» деди. «Анда жардам бер, тажрыйбаңдан бөлүш» десем, «макул билет жагын мен алайын, сиз айтыштын программасы менен алек болуңуз» деди.
Ошентип айтыш болот деген күнү Садык Шер-Нияз мага жолугуп”, – айтыш кандай максатта өтөт, байге фонду барбы?” деген сыяктуу бир топ маселелерди сурады. Мен болгон ишти болгондой айтып бердим. Садык Шер-Нияз бир топко ойлонуп туруп, «мынча болуп калыптыр, аз болсо дагы каржы маселесин караштырып, байге жагын чечкенге аракет кылайын» деди. Ошондо мен Садыктын төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусун, жан-дүйнөсү менен берилип, айтышка күйгөн демин көрүп, ушундай жигиттер турганда айтыш өнөрүбүз жерде калбай турганына көзүм жеткен эле. Айткан сөзүнө туруп, айтыштын аягында акындарга акчалай сыйлык-белектерин тапшырды. Ошондо мен төкмөлүк өнөрдү көтөрүп чыккан 1992-жылдагы алгачкы телекөрсөтүүмдө конок катары биздин ойду улай «эзелтен бул өнөрдү колунда бар бай-манаптар көтөрүп, колдоп келген, акындарды ошолор эле багып, ошолор эле даңазасын чыгарып келген» деген Акмат Карыбаев аксакалдын сөзү эсиме түшүп, ал акындар алган сыйлыктарды өзүм алгандай кубанган элем. Ошол айтышыбыз өткөн күнү кашайгансып жамгыр да жаап, көрармандар залга орто-заар келген эле. Баарынан мени кыжаалат кылып, ойлондурган нерсе филармониянын ижара акысы чыгып бергей эле деген санаа эле. Анан калса, ошол кездеги филармониянын директорунун орун басары Виктор Ильич Башко «айтыш кандай болот, эл ыраазы болобу-жокпу» деп, кеченин өтүшүнө кабатырланбай, тескерисинче, «ижара акысын төлөй аласыңбы?» деп, менин соңумдан калбай ээрчип алган. Кийин, көрармандарды жана акындарды узатып жаным жай алганда, Мыктыбек мага «ижарадан сырткары 400 сомдой акча артты» деди. Ошондо кере-кере дем алып, өзүмө келип, «Оо Кудай, колдогонуң бар экен» деп, тобокелге салып жасаган ишиме ыраазы болдум. Ошол менин жашоомдогу билет саттырган биринчи жана акыркы бизнесим болгон. Көрсө, мындай иште шык болбосо болбойт экен.
Тарых үчүн айтып койчу дагы бир нерсе, Дастан Сарыгулов (ал кезде «Кыргыз алтын» концернинин жетекчиси эле) башында туруп өткөрүлгөн Жеңижоктун «Ак Шумкар» байгесин ыйгаруу телесынагы болду. Сынактын өзү айтып тургандай, ал акындарды изденүүгө, омоктуу ой айтууга, айтышка олуттуу мамиле жасоого багыт берген, жалпы журттун намысы үчүн ат салыша турган улуу өнөр экенин көрсөттү. Мына ушул айтыштан соң жаш таланттар акындык, төкмөлүк өнөр, өзгөчө, элдик өнөр экенин сезип, ага астейдил мамиле жасай баштады.
Жеңижоктун 130 жылдык мааракеси 1993-жылы Аксы жергесинде өткөн болсо, Садык Шер-Нияз 2002-жылдын тегерегинде Жеңижоктун 140 жылдыгына карата акындардын «Айтыш» коомдук фондун уюштурат. Ага устат кылып Ашыралы менен Тууганбайды штатка алып, «Айтыш» коомдук фондунун аткаруучу директору кылып Элмирбекти бекитет. Ошентип «Айтыш» коомдук фонду жаш талапкер төкмөлөрдүн башын бириктирген чыгармачыл ордого айланат. Эгерде акындык өнөргө чын дили менен күйгөн Садык Шер-Ниязга окшогон адам болбогондо бул өнөрүбүз дагы да болсо жолун таба албай жүдөө кейпинде калары шексиз болчу. Ушул жагынан алганда, бүгүнкү акындык айтыш өнөрүбүздүн ушул деңгээлге өсүп жетилишине Садык мырзанын салымы зор экенин калыстык үчүн айтып коюшум парз.
Эң негизгиси 1992-жылдагы «Ала-Тоодон алтымыш акын» аттуу республикалык телесынактын жана «Айтыш» коомдук фондунун жасаган иштери өз максатына жетип, бүгүнкү күндө төкмө акындарыбыз кадимкидей такшалып, кайрадан эл кенчине айланды десек жаңылышпайбыз. Анын үстүнө бийлик башында турган мамлекет башчыларыбыздын эзелтен келаткан элдик өнөргө астейдил көңүл буруп, манасчылар менен төкмө акындардын башын «Манас» театрынын алдына бириктирип, өз камкордугуна алганы, улутубуздун чоң сыймыгы болуп отурат. Анткени бул эки өнөр кыргыз элинин кан-жанынан бүткөн кайталангыс, бөтөн элде кезикпеген өзгөчө керемет сейрек өнөр.
Алимбай АБЖАПАРОВ,
ардагер тележурналист