Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Корея ӨКМге заманбап жабдылган дагы 4 тез жардам унаасын берет

Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кореянын Кёнгидо провинциясынын Өрт коопсуздугу кызматынын комиссары Чо Сон Хо менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын делегациясынын Кореяга болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушууда быйыл май айында кол коюлган КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кореянын Кёнгидо провинциясынын Өрт коопсуздугу кызматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында өрт коопсуздугун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министр Ажикеев мурда берилген 10 тез жардам унаасы үчүн кореялык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, унаалар учурда өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүдө колдонулуп жатканын айтты.

Ошондой эле корея тарап дагы 4 тез жардам унаасын берүү ниетин тастыктады. Бул унаалар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, Кыргызстанга 2025-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирилери күтүлүүдө.

Мындан тышкары, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында министрликтин кызматкерлерин Кореянын алдыңкы технологиялары жана методикалары менен кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды. Бул чара кыргызстандык адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар