Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Эки дөңгөлөктүү транспорт эмнеге жаман?

Борбор калаабыз Бишкекте жолдор, тротуарлар, веложолдор оңолуп, шаардыктардын айрымдары скутер, велосипед, самокаттар менен жүрө баштаганын төрт-беш жыл мурун көпчүлүк жакшы кабыл алган. Жол адистери, мэрия өкүлдөрү мындай эки дөңгөлөктүү транспорт түрү биринчиден, экологияга жакшы дешсе, экинчиден, жол тыгынын азайтууга өбөлгө болорун билдиришкен эле. Медалдын эки бети бар дегендей, эми минтип эки дөңгөлөктүү транспортко тыюу салуу демилгеси көтөрүлө баштады. Буга скутер, самокат, велосипед менен болгон жол кырсыктарынын көбөйүшү себеп болгон. Бирок, албетте кеп техникада эмес, аны туура колдоно билүүдө болсо керек.

Айып пул киргизилди, бирок…

Албетте, шаар калкы жылдан-жылга көбөйүп, тыгын маселеси курч болуп турган чакта скутер, велосипед, самокаттардын көбөйүшүнүн жакшы жактары болгонун төгүнгө чыгара албайбыз. Тагыраак айтканда, буларга өткөн жүргүнчүлөрдүн кандайдыр бир бөлүгү автобус, микроавтобустарга түшпөй, бир аз болсо да коомдук транспортко жеңилдик болду. Тилекке каршы, Бишкекте мындай транспорт түрлөрүнө ылайыкталган жолдор аз болгондуктан скутер, велосипед, самокат тепкендер тротуарларга, автожолдорго чыгышып, айрым учурларда адамдар каза болуп калып жатканы өкүнүчтүү. Мисалы, быйылкы жылдын он айында эле скутер, мопед менен жол кырсыгында ондон ашык адам каза болгон. Жай турмушта минтип он жараныбыздан айрылуу чоң жоготуу. Ушундай жагдайлардан улам апрель айында Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы эрежелери жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кабыл алып, июлда ага Президент кол койду.

Бул мыйзамга ылайык жөө адам өтүүчү жерден (зебрадан) велосипед, самокат тээп өткөн жаранга1000 сом, ал эми мас абалында тепкен адамга 3000 миң сомдон жогору айып пул төлөтүлөт. Бул мыйзам декабрь айында күчүнө киргендиктен азырынча Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери жол эрежесин бузгандарга эскертүү гана берип жатышат. Тилекке каршы, мындай эскертүүлөргө да маани бербей самокаттарды, скутерлерди тротуарларда саатына 40-50 чакырым ылдамдык менен айдап, аялдарды, жаш балдарды, кары-картаңдарды уруп кеткендер азая элек. Өкүнүчтүүсү, алардын арасында эң эле жөнөкөй жөө адам өтүүчү жолдон велосипедди, самокатты жетелеп өтүү керектигин билбегендер да бар. Андыктан, бул транспорт түрлөрүнө таптакыр тыюу салуу-дан мурун шаар ичиндеги веложолдорду узартып, велосипед, самокат, скутер менен жол жүрүүнүн атайын эрежелерин иштеп чыгуу зарыл. Жана ал эрежелердин сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүлүшү керек.

Тыюу салуу эмес, шарт түзүү керек

24.кg маалымат агенттиги кечээ жакында эле Кытай башкы бажы башкармалыгынын маалыматына шилтеме кылуу менен Кыргызстанга 2024-жылы 215 миң электр энергиясы менен жүрүүчү самокат, мотоцикл киргенин жазды. Кытай бажы башкармалыгынын билдирүүсү боюнча өткөн жылдын он айына салыштырмалуу быйыл мындай унааларды Кыргызстанга киргизүү 4 эсе көбөйүптүр. Демек, каалайбызбы, каалабайбызбы Бишкекте дагы велосипед, самокат, скутер тебүүчүлөрдүн саны көбөйөт. Бишкек боюнча болгону 40 километр веложолубуз бар экенин эске алсак, эки дөңгөлөктүү транспорт менен болгон жол кырсыктары азаярына азырынча кепилдик жок. Анын үстүнө шаарыбыздагы веложолдордун көбү тротуардан атайын бордюрлар менен эмес, сызыктар менен гана бөлүнгөн. Андай жерлерде жөө адамдар веложолдорду көп этибар алышпайт. Андыктан жогоруда айтылган мыйзам менен эле баарын жөнгө салуу мүмкүн эмес. Эгер экологияны сактайлы, шаардыктардын саламаттыгын, коопсуздугун камсыздайлы десек эң ири веложолдор системасын чийип чыгып, аны акырындан куруп баштаганыбыз оң. Азыр Бишкек калкынын саны 1 млн. 200 миң болсо, дагы беш, он жылдан соң калк-тын саны 2 миллионго жакындашы мүмкүн. Себеби, шаар сыртындагы жаңы конуштарда жыл сайын элдин саны көбөйүп бара жатат. Алардын басымдуу бөлүгү күн сайын шаарга каттап турушат. Эгер жакынкы жылдары шаар ичиндеги, сыртындагы жолдор кеңейтилип, веложолдор узартылбаса транспорттук коллапс болору турган иш. Андыктан керек болсо веложолдорду жакынкы жаңы конуштарга чейин узартуу, кеңейтүүнүн зыяны болбойт. Ошол эле кезде веложолдорго тиешелүү жол белгилери коюлуп, скутер, велосипед, самокат менен жүрүүнүн эрежелери элге кеңири түшүндүрүлүшү керек. Керек болсо мамлекеттик, жеке мекемелерде бул боюнча атайын окуулар, курстар өтүлүшү зарыл. Болбосо кыргызстандыктар “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” болуп азыркыдай экиден, үчтөн учкашып тепмейлерин, зебрадан, тротуарлардан каалагандай кайкымайларын, самокатты туш келген жерге таштап кете бермейлерин токтотпойт.

Одураңдап айдабай, ойлонолу!

Самокат, велосипед тебүүдөгү коопсуздук боюнча кеп кылсак, көп учурда кыргызстандыктар жеке коопсуздугубузду ойлобойбуз. Жол эрежесинин тартиби боюнча эки дөңгөлөктүү унаа минген адам сөзсүз түрдө башына атайын каска, тизе, чыканактарды коргоочу атайын калканчтарды, кечкисин жарыкты чагылдыруучу атайын кийимдерди кийиши керек. Ошону менен бирге эле алар жолдо төрт дөңгөлөктүү унааларга, жөө адамдарга жолтоо болбой, этият жол жүрүүгө аракет жасашы кажет. Тилекке каршы, бизде велосипед, самокат, скутер тепкендердин көбү жол эрежесин жакшы билишпейт жана шашылыш, олдоксон жүрүшөт. Ошондой эле велосипед, самокат, скутерлерде алдын ала сигнал берүүчү, жарык берүүчү, жарыкты чагылдуруучу жабдыктары жок же иштебейт. Ушундай жоопкерчиликсиздиктен улам акыркы учурларда самокат, велосипедден жабыр тарткандардын саны көбөйүүдө. Алсак, өткөн жылы эле Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына самокаттардан кулаган, самокатчан адам уруп кеткен 187 адам түшкөн. Оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбековдун айтымында, булардын 18ине операция жасалган. Айрымдарынын колу, буту сынса, кээ бирөөлөрүнүн мээси катуу чайкалган. Булардын ичинен бир нече адам ооруканага өтө оор абалда келип түшүшкөн. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалыматы боюнча, быйыл 9 ай ичинде велосипед, мопед, самокат тепкендер катышкан 410 жол кырсыгы катталып, 10 адам көз жумган. Алакандай Бишкекте бир жылда 187 адамдын самокат, велосипедден жабыр тартып, он адамдын мерт болушу ойлондуруучу маселе. Муну жөн салды коюп койбой Жол кайгуул кызматы шаар боюнча маал-маалы менен атайын коопсуздук кампанияларын жүргүзүп турушу керек. Ошону менен бирге эле жөө адамдарды уруп кетип жаткан самокатчыларга, велосипедчилерге кескин чараларды көрүү өз натыйжасын берет.

Чет өлкөлөрдө кандай?

Акыркы жылдарда төрт-беш жылда популярдуу болуп жаткан самокаттын тарыхы XIX кылымдын башына барып такалат. Азыр бул транспорт түрүн өнүккөн өлкөлөр өтө кеңири колдонушат. Алсак, Германия, Англия, Францияда адамдар самокат менен парктарга барышып, эс алууларга да чыгышат. Франция бийлиги көп жылдардан бери бул транспорт түрүнүн инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылып келе жатат. Германияда болсо коопсуз веложолдор көп курулган.  Европа өлкөлөрү учурда экология маселесине өтө көңүл буруп, жеке унаалардан баш тартышып, коомдук транспорт, велосипед жана самокаттарга терең маани берип жатат. Норвегия, Финляндияда болсо сырттан келген коноктор автобустарда сыгылбаш үчүн атайын самокат, велосипеддер менен экскурсияларды уюштурушат. Ал эми Италия, Испанияда самокаттар эң популярдуу шаардык транспорт түрүнүн бири. Бул өлкөлөрдөгү кууш жолдор, транспорт салыгынын кымбаттыгы, жол тыгындары самокат, велосипед жана мотоциклдерди улуттук жол жүрүү каражаты кылып койгон. Ал эми Кытайдын чоң-чоң шаарларында жаштар менен бирге эле улгайган адамдар зуулдатып самокат тээп жүргөнүн көрүүгө болот. Россияда болсо акыркы жети-сегиз жыл ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт түрлөрү балдар, жаштар арасында эле эмес, орто, улуу муундар арасында да абдан популярдуу болуп бара жатат. Россияда да самокат, велосипед менен болгон жол кырсыктары аз эмес. Ошого карабай жыл өткөн сайын бул өлкөдө да эки дөңгөлөктүү транспорт инфраструктурасы жакшырып келе жатат. Ошол эле экономикасы өнүккөн Япония, Түштүк Корея мамлекеттеринде электр самокаттары өзүнүн ыңгайлуулугу, жеткиликтүүлүгү жагынан эң мыкты транспорт түрүнө айланган. Бул өлкөлөрдө катардагы жумушчулардан тартып мамлекеттик чоң кызматтагылар дагы велосипед, самокат менен жол жүрүүнү жактырышат. Дания, Нидерланддар өлкөсү, Польша дагы велосипед, самокаттарга маани берип, бул транспорт түрүн өнүктүрүү боюнча иштерди алдыга жылдырып келе жатышат. Андыктан биз дагы азырынча бул транспорт түрүн өгөйлөбөй, аны туура пайдалана билүүнү, өнүктүрүүнү жолго коюшубуз керек. Кыргызда “Казанын жуубай иттен көрөт” деген макал бар. Биз самокат, скутер, велосипед менен болгон кырсыктарда техниканы эмес, өзүбүздү айыпташыбыз керек.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар