Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу Жаныш Кочкоровду билбеген улуу-кичүү болбосо керек. Анын “Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин”, “Өмүр дайра”, “Сагындырба” өңдүү жүздөгөн обондору эбак эле элдик болуп кеткен. Айтылуу обончу, ырчы Жаныш Кочкоров ооруканада жатканын угуп, атайы барып ден соолугун сураганча азыноолак маектештик.
– Алгач ден соолугуңузду сурасак, жакшы болуп калдыңызбы?
– Кудайга шүгүр, баары жакшы. Бул жерде профилактикалык дарыланууда жатам. Дарыгерлер жакшы карап жатышат, бардык шарттары бар.
– Эр тайын тартат дейт, чыгармачыл адамдар тай журтуңуз экен. Алгачкы музыкалык аспапты кимден үйрөндүңүз эле?
– Менин ата жагымдан ырчылар жок, апам ырдайт болчу. Апамдын үнү жакшы болчу, апам катуу үн менен ырдаганда кошунанын үйүнө чейин угулат эле. Тайкелерим комуз чертчү, комузду тайкелеримден үйрөнгөм. Бир жолу атам бир жактан мага арнап комуз сатып алыптыр. Анан тайкелерим үйгө келгенде анча-мынча чертип калышчу. Мен ошолордон комуз үйрөнгөндө 6-7 жашта болчумун.
– “Сагындырба” деген обонду студент кезиңизде чыгарган экенсиз. Анын жаралуу тарыхы эсиңизде болсо айтып бересизби?
– Элдин баары анын атын “Сагындырба” деп билишет. Чынында ал “Атаганат” деп аталат. Турганбай Эргешов деген киши 6 куплет ыр жазып койгон экен. Аны мага өзгөндүк бирөө “Ырдап көрбөйсүңбү?” – деп берген. Ал ырды ырдап көрсөм эч окшошпой туруп алды. Анан мен ага “Сагындырба” деп ат койгом.
– Балдарыңызды чыгармачылыктан алыс болгула деп шарт койгон экенсиз. Эмне үчүн мындай чечим кабыл алгансыз? Айтайын дегеним кызыңыз маданиятка жакын экен. Бирок, “Концерттерге катыш, бирок, өмүр бою бул жол менен кетпе”, – деп айткан экенсиз.
– Бир жолу үйгө келсем, кызым “Сопранону” ырдап жатыптыр. Мен кызыма “Кызым, ырдагың келсе ырдай бер, бирок, чоң сахнага чыгып, биротоло маданият адамы болбой эле кой. Маданияттын тузу оор” деп айткам. Апасы кызымды урушса, мен “Сен кызымды урушпа, анда менин каным бар. Ал ырдагысы келсе ырдай берсин”, – деп айткам. Кызым орус мектепти бүткөнү үчүн орус тилинде ыр да жазат
болчу.
Балдарым мен айткан кесип боюнча билим алышты. Бир балам энергетик, бир балам экономист болду, кичүү уулум ку-руучу болду. Кызым энергетика боюнча билим алды.
– Маектериңиздин биринде жүздөн ашуун обонуңуз бар экенин айтыпсыз. Болжолдуу айта турган болсок, ошонун канчасынын тексти өзүңүзгө таандык.
– Көбүнчө акындардын ырына обон чыгаргам. Бирок, өзүм да текст жазам. Мурда текстин өзүм жаздым деп эч кимге айтпайт элем.
– Мындан 10 жыл мурда “аялыма арнап обон жазган эмесмин. Аялым кызганчаак болсо, балким обончу болбой калмакмын”, – деп айткан экенсиз. Кийин аялыңызга арнап обон чыгаргансызбы?
– Аялыма арнап “Түгөйүмө” деп ыр жазгам. Аны аялым жактырбай койгон. “Мага арнап ыр жазбай эле кой”, – деген.
– Дайыма жандуу үн менен ырдайсыз. Фонограмма колдонуп көрдүңүз беле? Деги эле фонограмма менен ырдап акча таап жүргөндөр деле мамлекеттик сыйлык алышууда. Ошолорду көргөндө кандай ойдо каласыз?
– Аларга атаандашканга болбойт. Ар ким ар кайсы жол менен атак даңк табат экен. Мурда жаштарга мамлекеттик сыйлыктарды бербейт болчу. Азыр тескерисинче жаштар сыйлык алып, улуу муундагылар калып кетишти. Менин оюмча бул туура эмес. Обончу болобу, ырчы болобу ар бир адамдын эмгеги бааланышы керек.
– Азыр КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алган жаштар көп. Сиз бул наамды алганда канча жашта элеңиз. Деги эле азыркы наамдардын берилишине кандай пикирдесиз, татыктуулар алып жатышабы?
– Мен эмгек сиңирген артист наамын алганда 54 жашта болчумун. Андан бери эл артисти наамын алышым керек эле, бирок, азырынча берише элек. Ал эми жаштардын арасында эл артисти наамына татыктуу болуп ырдагандар аз. Наамды эл баалап, эл бериши керек.
– Кара-Көл шаарында маданият үйүндө эмгектенип келесиз. Жаңы бийлик келгенден кийин алыскы аймактагы маданият үйлөрүнө колдоо кандай болуп жатат?
– Албетте, азыркы бийлик тарабынан колдоо жакшы эле болуп жатат. Мисалы, маданият үйүбүздү оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Кызматкерлердин маянасы көтөрүлүп калды. Директорубузду да өзүбүз коюп алдык, ал дагы жакшы иштеп жатат. Анча-мынча аксакал катары жол көрсөтүп турам. Маданият үйүбүздөгү кызматкерлерге фонограмма менен ырдабай, өз үнүңөр менен ырдагыла деп ар дайым эскертип
турам.
– Азыркы жаш маданият өкүлдөрүнө кандай кеңеш берет элеңиз?
– Жаштарга кыргыз колоритиндеги салмактуу ырларга басым жасагыла деп айтмакмын. Той-тамашаларга ылайыкташып жазылган ырлардын өмүрү кыска болот. Салмактуу ырлар эч качан өзүнүн актуалдуулугун жоготпойт.
Редакциядан: Өкүнүчтүүсү, быйыл жетимиштин кырына келген маданият ишмери, кыргызга аттын кашкасындай таанымал обончу, ырчы Жаныш Кочкоров КРнын эл артисти наамын ала элек. Бул жагын Маданият министрлиги эске алып койсо деген тилек. Ал эми булбул үндүү ырчыбызга ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”