Россияда Кыргызстандын жарандары бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү саат 02:20 чамасында Россиянын Саратов облусунун Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада катталган.
Алынган маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган Toyota Sienna унаасынын ичинде 8 кыргыз жараны болгон. Анын айдоочусу башкарууну жоготуп, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири 27 жаштагы Т.У. ошол жерден каза болгон. Беш жаран Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. 29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы «орточо оордукта» деп бааланууда.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө, ошондой эле жабыркагандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Аталган маселе КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.