Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

«Алтынкен» компаниясы дарыгерлерге жардам берди

2024-жылдын 28-октябрында «Алтынкен» компаниясы салтка айланып калган кезектеги демөөрчүлүгүн Кемин районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна көрсөтүп, борборго жаңы жуунучу ванналарды өткөрүп берди.

Буга чейин «Алтынкен» компаниясы Кемин районундагы бардык медициналык мекемелердин муктаждыктары үчүн 1000 литрден, тактап айтканда, бир тоннадан ашык антибактериалдык суюктукту белекке берген.

“Ванналар өз убагында орнотулат жана тез жардам бөлмөсү үчүн колдонулат”, – деп билдирди оорукананын кызматкерлери.

Материалдык жардамдарды өткөрүү боюнча иш-чараларга «Алтынкен» компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акыл Токторбаев, Кемин райондук жалпы медициналык практика борборунун директору Бакыт Сатымкулов жана борбордун эмгек жамаатынын катышуусунда өттү.

Дарыгерлердин ыраазычылыгына жооп иретинде башкармалыктын төрагасынын орун басары А.Токторбаев «Алтынкен» компаниясы Кемин районунун калкынын жыргалчылыгы жана ден соолугу үчүн медициналык мекемелердин материалдык базасын чыңдоо боюнча иштерди уланта берет деп ишендирди.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар