Хусто Хорхе Падрон дүйнөлүк деңгээлдеги испан акыны. 1943-жылы Лас-Пальмасе-де-Гран-Канарияда төрөлгөн. Барселона университетинен адабият, укук, философия боюнча окугандан кийин, туулуп өскөн шаарына келип, юридикалык практика менен алектенет. Ушул учурда алгачкы ырларын жарыялап, испан акындары менен байланыша баштайт. 1974-жылы баш-оту менен поэзия дүйнөсүнө кирет. 1979-жылы Түштүк Кореяда өткөн акындардын төртүнчү Бүткүл дүйнөлүк конгрессине, Левенде өткөн европа поэзиясынын биринчи фестивалына Испаниянын атынан катышат. Ал скандинав тилдерине адистешкен котормочу да болгон. Ырлары отуздан ашык дүйнө тилдерине которулган. 77 жашында Испанияда Ковидден каза болгон. Бул ырды француз тилинен казакчага Танакөз Толкын кызы которгон. Казакчадан мен котордум.
Чарчадым. Абдан чарчадым.
Күн сайын өлгөндөн чарчадым.
Өзүмдү куугунда жүргөндөй көргөндөн чарчадым.
Бирөөнө бийлик жүргүзгөндөн чарчадым.
Жеңилгенден, тонолгондон, керең болгондон, үмүт өчкөндөн,
саткындыктан чарчадым.
Чарчадым. Абдан чарчадым.
Жел ойноткон куурчак болгондон чарчадым.
Эчки сакал эргежээл куурчакчы тээ жогорто отуруп,
Күлөт бизге,
Манжадагы жиби менен каалагандай башкарып да,бийлетип.
Бүт кыймылым ошол колго байланган.
Ыйлайм, күлөм, тиштейм, ашык болом, көзгө чөп салам,
анан баарын унутам.
Чарчадым. Абдан чарчадым.
Өзүм жакшы көргөн адамдарга кайрылбай кетүүдөн чарчадым.
Сымаптай аккан дайра сыяктуу
куя турган өзөндү издеп ооруйт жаным,
Чарчадым. Абдан чарчадым.
Картайганда жалгыз калуудан чарчадым.
Эң бир бактысыз, кыйын-кезеңдерди жашыруудан чарчадым.
Армандын айылында (аркасында) өмүр сүрүүдөн чарчадым.
Өмүр менен махабаттын кандай өлгөнүн көргөндөн чарчадым.
Чарчадым. Абдан чарчадым.
Көчөлөрдөгү калп менен жалганды,
Жек көрүү, ызаны сезгенден чарчадым.
Сабыр тутуп унчукпоодон чарчадым.
Кап курсакты көтөрүп жүргөндөн чарчадым.
Галстук тагынгандан чарчадым.
Муңга баткан көздөрүмөн чарчадым.
Ооба, ооба чарчадым. Абдан чарчадым.
Алсырап, бүлүнүп-чалынып жүргөндөн чарчадым.
Эчтемеге керексиз экенимди сезгенден чарчадым.
Күнөөгө батып басып жүргөндөн чарчадым.
Анан ыйлагандан чарчадым.
Которгон: Темирбек АЛЫМБЕКОВ