whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
-0.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда майыптыгы бар 217 миңден ашык адам жашайт

Кыргызстанда майыптыгы бар 217 миңден ашык адам жашайт

Кыргызстанда майыптыгы бар 217 миңден ашык адам жашайт. Бул тууралуу «Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды инклюзивдүү жумушка орноштуруу» форумунда айтылды.

Форумду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн министр Жылдыз Полотова Кыргызстанда 217 миңден ашуун майып адам бар экенин, алардын 29 миңге жакыны экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алышарын белгиледи.

«Анын ичинен 2,3 миңден ашыгы жумуш менен камсыз болду. Президент Садыр Жапаровдун майыптуулугу бар жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү саясатынын алкагында министрлик бул багытта активдүү иш алып барат. Жыл башынан бери майыптуулугу бар 500дөн ашык жаран жумушка орношуп, кесиптик окууга жөнөтүлдү. «Социалдык контракт» программасынын алкагында өз бизнесин ачкан майыптуулугу бар жарандардын саны 1,8 миңден ашты», — деди ал.

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар