Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Эл аралык медициналык университетте илимий-практикалык конференция өттү

2024-жылдын 29-ноябрында Эл аралык медициналык университет «Коомду трансформациялоо шартында медицинанын, билим берүүнүн жана заманбап илимдердин негизги тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана университеттин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Елисей Елисеевич Синдин 80 жылдыгына арналды.
Конференцияга тармактык министрликтердин өкүлдөрү, медициналык окуу жайлардын ректорлору, окутуучулары жана студенттери, ошондой эле Кыргызстандын, Россиянын, АКШнын, Азербайжандын, Индиянын, Пакистандын, Египеттин, Казакстандын жана Түркиянын окумуштуулары катышты.
Илимпоздор жана студенттер өз изилдөөлөрүн жана докладдарын сунуштап, медицинанын, билим берүүнүн жана заманбап илимий жетишкендиктердин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жалпы 150дөн ашуун илимий доклад жасалды. Анын 100гө жакынын илимпоздор, 50дөн ашуусун студенттер (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) жасашты.
Бул конференция ар кайсы өлкөлөрдүн жана окуу жайлардын адистеринин ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, ошондой эле медицина жана билим берүү жаатындагы жаңы идеяларды жана инновациялык мамилелерди талкуулоо үчүн аянтча болду. Анда негизги басым медициналык билим берүүгө, медициналык окуу жайлардагы улуттук жана эл аралык деңгээлде билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгууга жана жайылтууга, окуу процесстерин өркүндөтүүгө, илимий иштердеги инновациялык ыкмаларга жана башка багыттарга бурулду.
Иш-чаранын соңунда секциялык жыйындардын жыйынтыгы менен тармактык министрликтерге, медициналык коомчулукка сунушттар камтылган резолюция кабыл алынды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар