2022-жылы октябрь айларында Кыргызстанга орус жарандарынын массалык түрдө келишинен улам ижара акысы дээрлик 30 пайызга көтөрүлүп кеткен. Көп өтпөй Бишкек мэриясы батир акысын көзөмөлгө алган. Ошентсе да, коомчулукта азыркы учурда да ижара акысы кымбат болуп жаткандыгы, анысы аз келгенсип «депозит» деген нерсе кошулгандыгы айтылып келет.
Чыныгы абалды байкап көрүү үчүн, бир аптадан бери батир издеп жүргөн Айиза Бактыбаева менен Алия Исаевага көмөкчү болдум.
Студент Айиза кээде сабактарынан кийин жана дем алыш күндөрү тигүүчү цехинде кийимдерди таңгактап иштейт. Ал ижара акысы көтөрүлгөндөн бери тапкан акчасы ошого эле кетип жатканын айтат.
«4-курс болуп, дипломдук иш жазам. Башка да тапшырмаларым көп. Бирок, иштегенге да туура келип жатат. Мурда акча тапканда кийинип, үйдөгүлөргө бир аз жардамдашканга да жетчү. Азыр болсо күнүмдүк тамак-аш, батир акысынан ашпай калды» деди.
Ал эми курбусу Алия «ижара акысын орустар качып келгенин шылтоо кылып көтөрүшүп, ошондон кийин түшүрүшкөн деле жок» дейт.
Бул боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кыймылсыз мүлктү талдоо боюнча башкы адиси Айдар Сукенбаев «Азатыкка» берген маегинде турак жайдын баасы чын эле өсүп кеткендигин, бирок мунун башкы себеби инфляция экендигин айткан. Башкача айтканда, жалпы эле товарлардын, продукция, кызматтардын баасынын өсүшү ижара акысына чоң таасир эткен.
Батирлердин наркы Бишкектин ар кайсы райондорунда айырмалангандыктан, арзаныраак «Аламедин-1» районунан карап чыктык. Биз көргөнү барган 6 батирдин 5өөсүнүн ээси депозит коюшуптур.
Алардын бири ижара берүүчү Айнура эже «Депозит сурабасаң, 10 күн жашап, кайра чыгам дегендер бар да. Мага ай сайын жаңы кыз издеп отурган кызык эмес. Мындан сырткары, оокаттарды сындырып алышса, төлөбөй эле кетип калышат», – деп билдирди.
Эреже боюнча, депозит – атайын максатта ижара акысына кошулуп берилген акча. Бирок, батирдин ээси ижарачы кеткенде ал каражатты кайтарып берүүсү кажет. Айнура айымдан «депозитти кайтарып берген учурларыңыз болгонбу» деген суроомо жооп бергиси келген жок.
Ал эми он жылдан бери батирин ижарага берип жүргөн Аскер байке мурда депозит эмне экендигин деле билбегендигин, 1-2 жылдан бери эле алып жаткандыгын айтты. Ошондой эле, батирдин акысы кымбаттагандыгы боюнча: «Жөнөкөй калк орустар келген үчүн деп ойлоп калышты да. Ал деле бар. Батиринен кууп чыгаргандар деле болбодубу. Бирок көп жылдан бери кыймылсыз мүлккө аралашып жүргөн адам катары айтсам, элдин шаарга агылуусу баалардын өсүшүнө алып келип жатат да. Индус студенттер деле көп да», – деп кошумчалады.
Apartment.kg кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Бекнур Атаканов болсо, батирдин наркынын өсүшүн курулуш материалдарынын кымбатташына байланыштырат.
Ошентип, Айиза жана Алия менен эки күндө араң 6 батир карап келгенге жетиштик. Өзүбүз көргөн жыйынтык боюнча:
Салыштырмалуу арзан деген «Аламедин-1» районунда эмереги бар бир бөлмөлүү батирлер 20 миңден – 28 миңге чейин, шарттары анча жакшы эместери 17 миңден – 20 миңге чейин; ал эми эки бөлмөлүү батирлер 30-35 миңге жетет экен. Депозиттер киши башына 3 миңден башталып, 8 миңге чейин. Бул бааларды укканда башка борборго жакын райондордон издеп көргүлөрү деле келбегендигин айтышты.
Эми көп бир тууган, өзү окуп-иштеген студенттердин, жаш үй-бүлөлөрдүн абалын ойлоп көрсөңүз?
Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”